№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.
Көпчүлүккө улак тартыш дегенде ат майданда боло турган, оюнчулар команда болуп бөлүнүп ойноп жаткандар гана элеске тартылат. Ал эми чыныгы элдик улак тартыш кандай өтөт? Мындай оюнду өз көзүң менен көргөндө карапайым эл кантип чер жазарын байкаса болот. Ушундай оюндардын бири 15-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда болуп өттү.
Жандар Тороев, улакчы:
“АТ ДАГЫ, АТ МИНГЕН АДАМ ДАГЫ БАЛБАН БОЛУШУ КЕРЕК”
– Бул салтка айланган, ата-бабадан калган оюн. Илгери чоң той бергенде 7 уруудан бата алып, той беришкен. Элден бата алуу үчүн мына ушундай кызыктуу торпок тартыш уюштурулат. Тойдун ээси атайын торпок союп, эл алдына коюп берет. Азыркы оюнга 50 килограммдык торпок союлду. Улакчылар кыйналбай эңип кете алышы керек. Оюнда күчтүү аттар болбосо чаалыгып калышат. Аттар эле эмес, атты минген адам дагы балбан болуусу керек. Торпокту аттар тебелей бергендиктен, анын эти жумшак болуп калат. 
Оюнда автоунаалардын бирин жеңип алган байге ээси Таштемир Майлыбашев болду:
– Улак тартышка кичинекей кезимден эле кызыгып, ойноп келем. Байгелерди утканымдын бул биринчиси жана акыркысы эмес. Байге менен байлык эмес, абийир топтодум. Көбүнчө эле улактан уткан байге, кайра эле башка тойго кетет да. Торпок тартыштын айырмасы бул жерде өзүң үчүн ойнойсуң, ал эми көк бөрү бул командалык оюн. Торпок улакта билегиң күчтүү болуп, атың чыдамкай болсо жеңиш сен тарапта болот.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
А той берген адамда биир улакчыларга адреналин тартуулаптырда.
Карда ойносо жакшы,таза болот
Ат минип чаптырып корбогом
Аттын устундо торпок тартышса
Нагыз балбандар