Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭМИ КҮРӨӨСҮ ЖОК АРЗАН БААДА ОҢОЙ ЭЛЕ АВТОУНААНЫ ИЖАРАГА АЛА АЛАСЫЗ

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

Ар бир эле адамдын өз автоунаасы боло бербейт эмеспи. Эми болсо автоунааны сатып алууга шарты жоктугуна карабай, тиешелүү жерге жетүү, такси кызматында иштөө реалдуу болуп калды. Анткени ижарага берүүчү компания аркылуу автоунаа алууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Жакындан бери “Бери машину” же кыргызча айтканда, “Унаа ал” компаниясы калкка унааны ижарага берүү кызматын сунуштоодо. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, унааны ижарага алып иштетүү – киреше табуунун ыңгайлуу жолу. Унааны ижарага алуу менен кардар аны каалаган максатта, каалаган мөөнөттө колдоно алат. Алсак, жеке иштерге, такси кызматына же жөн гана ал унаа менен сейилдөөгө чыксаңыз болот. Баалары чөнтөккө туура келип, ижара үчүн күрөө талап кылынбаганы менен да айырмаланышат.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Баасы арзан;
  • Күрөөсүз;
  • Унаалар камсыздандырылган;
  • Жогорку сапаттагы тейлөө;
  • Ар бир кардарга түзүлгөн ыңгайлуу шарт;
  • Лизингге алуу мүмкүнчүлүгү;


ШАРТТАРЫ ЖӨНӨКӨЙ:
1. Bm.kg сайтына кирип, кайсы күнгө, канча убакытка унааны ала турганыңыз боюнча арыз калтырасыз;
2. Сайтта көрсөтүлгөн телефон номери боюнча WhatsApp тобуна кошулуңуз же жеке кат аркылуу кайрылыңыз.
Унаалар кардардын колунан жол кырсыгына же кандайдыр бир зыянга учураса, анда келтирилген чыгымды кардар төлөп берет. Ал эми компания унаалардын майын, дөңгөлөк жана тетиктерин алмаштырууну, оңдоп-түзөөнү өз моюнуна алат.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

1. Паспорт (шаарда же аймакта катталганы маанилүү эмес);
2. Жашаган жеринен маалым кат.

Унааны ижарага алууда документтерин толтуруу 10 мүнөт убакытты алат.

КАРДАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР:

1. Ижара акысы суткасына бир унаага 750 сом;
2. Жоопкерчилик жана тактык;
3. Жаш курагы 21-70 жашка чейин болуусу керек;
4. Айдоочулук тажрыйбасы 2 жылдан кем болбоосу кажет;


“ТЕЛЕФОНДОРГО ТИРКЕМЕ ЧЫГАТ”
Эмил Сарымсаков, Кызматтын негиздөөчүлөрүнүн бири:
– Келечектеги максат – бул биздин аймакка келген туристтерди да убактылуу унаа менен камсыз кылуу. Ошондой эле кардарларга ыңгайлуу болсун деп телефондорго атайын тиркеме чыгарууну пландоодобуз. 2 жылдын ичинде унааларды кардарларга лизингге берүүнү ишке ашырабыз. Биз бул ишти жаңы баштап жаткандыктан азырынча биздин автопаркта 15тен ашык унаа бар. Келечекте унаалардын санын көбөйтүү негизги пландарыбыздын бири.


Байланыш телефону:
0770 52 77 50,
info@bm.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
28.11.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм. Жакшы экен! Бироого жалдырабай.
28.11.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош шаарына да ушундай ачыш керек.
28.11.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен
28.11.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин куйо балам ушинтип оз алдынча бир канча машина сатып алып арендага с выкупом берип атат.
28.11.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayarym,номери барбы куйө балаңыздын.
01.12.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayarym,куйоо баланыз менен кандай байланышсак бплот
29.11.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
суткасына 750 сом кайсыл унаанын түрүнө?же любой машинаны тандап ала береби?толук жазсаң өлөсүңбү кандай машиналар бар жаккан машиналар болсо алайлы тойлорго барганда?
30.11.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атаңгөрү жакшы болгон турбайбы,жип бар бекен айылга бир минип барып келейин ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ болгонго.Же кичинекей матис тиколор бекен жалаң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо