Аксыдагы кылмыш. БОЮНАН АЛДЫРБАГАНЫ ҮЧҮН 2 АДАМДЫ ӨЛТҮРДҮБҮ?

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

Өткөн жумада Аксы районунун Авлетим айыл аймагында коркунучтуу кылмыш катталган эле. Бул кылмыштын бети ачылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«ДАРЫЯДАН ШЕКТҮҮНҮН КАН БОЛГОН БУЮМДАРЫ ТАБЫЛГАН»



Аталган кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын кызматкери Самара Кыдырова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ушул жылдын 14-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылынын тургуну, убактылуу Бишкек шаарында иштеп жүргөн К.Т. аттуу жаран өзүнүн тууганы, аталган айылдын тургуну Гүлжамал деген аялга телефон аркылуу байланышкан. Ага үйүндөгүлөрү өзүнүн телефон чалуусуна жооп бербей жаткандыгына тынчсызданып жатканын айтып, үйүнө барып кабар алып коюусун суранган. Анын суранычы боюнча Гүлжамал үйүнө келип, К.Тнын энеси менен аялынын жансыз денелерине жана карындашынын бети-башы кан болуп жатканына күбө болгон. Ошондой эле үйдө маркум келиндин 2 жаштагы уулу жана 4 айлык кызы уктап жатканын көргөн. Ал ошол замат Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу кабарлаган.
Ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кылмыш болгон жерге барып, маркумдардын кимдер экендиги аныкталган. Каза болгондор: 1965-жылы туулган Карима Субанова жана 1991-жылы туулган Аида Каныбекова, ал эми оор жаракат алган 1991-жылы туулган Э.К. болгон. Кийин далил буюм катары дарыядан кылмышка тиешелүү делинген балта табылган. Бул факт боюнча Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.


«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ МЕНЕН ЖАБЫРЛАНУУЧУ ОДНОКЛАССНИКИ САЙТЫНАН ТААНЫШКАН»

– Бул оор кылмыштын бетин ачуу үчүн ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучунун уюлдук телефону текшерилген. Жыйынтыгында 15-ноябрда кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектелип Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Чыгыш-Жол айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюм катары жуулган кара түстөгү күрмө, свитер, кроссовка табылган. Аларда кандын тактары болгон. Шектүүгө тиешелүү Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаага кароо жүргүзүлүп, орундуктан кан болгон чачтар табылган.
Кылмышка шектүү тергөөдө төмөнкүлөрдү айтып берген: Жабырлануучу менен кылмышка шектүү 2017-жылдын жай айларында Одноклассники сайтынан таанышып, жолугуп жүргөн. Август айынан кийин экөө көрүшкөн эмес, бирок жабырлануучу кылмышка шектүүгө телефон аркылуу андан боюнда бар экендигин айткан. Ал эми кылмышка шектүү жабырлануучуга «боюңдан алдыр» деп Бишкек шаарынан банк аркылуу 20 миң сом салганын айтат. Анын айтымында, бала чоңоюп калгандыктан алдырууга кеч болуп калган. Ошондо кылмышка шектүү жабырлануучуну Бишкек шаарына чакырып, ошол жерде төрөөсүн, баланы өзүнүн атына жаздырып алуусун талап кылган.

«БААРЫН БАЛТА МЕНЕН БАШТАРЫНА УРГАН»


– 2017-жылдын 13-ноябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында кылмышка шектүү жабырлануучунун короосуна кирип, аны чакырган. Ал боюндагы баланы алдырууну сунуштап, ага көнбөй койгондо өзү менен атайын даярдап келген балта менен башка 2 жолу урган. Эсин жоготуп жыгылган кыздын үйүнүн эшигин такылдаткан. Сыртка чыккан кыздын апасын башка 2 жолу чаап, ары жактан кыйкырып жиберген келинин да ошол балта менен чаап жиберген. Анан ал жабырлануучунун боюнда бар экендигин тастыктаган УЗИнин корутундусун издеп таппай койгон. Андан соң жабырлануучунун жанына келип, кийип турган халатынын чөнтөгүндөгү уюлдук телефонун алып короодон чыгып кеткен. Үйдөн чыккан соң дүкөндүн жанына токтотуп койгон Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасына балтаны, уюлдук телефонду салып, Авлетим айылынын жогору жагындагы Итагар суусуна балтаны, телефонду, кол капты жана бутундагы көлөчтү ыргытып жиберип, үйүнө кетип калган.
Жабырлануучунун абалы оор, ал учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда.

«ДАГЫ ДЕЛЕ ИШЕНГИБИЗ КЕЛБЕЙ ЖАТАТ»


Маркум Аида Каныбекованын туугандары менен байланышканыбызда, буларды айтып берди:
– Биз үй-бүлөдө 2 гана кызбыз. Улуусу Аида эжем. Жездем эжемди ала качып үйлөнүшкөнү менен, абдан бактылуу жашашчу. Кырсык болгон күнү эжем үйгө келип кеткен эле. Атама операция жасалгандыктан, аны көрүүгө келген болчу. «Кайын сиңдим жумушуна кетсе, апам үйдө жалгыз калат» деп шашып, жума күнү кайра келерин айткан. Ушул кезге чейин ал эч качан кайненесин жалгыз таштачу эмес (ыйлап). Кайын сиңдисинин кош бойлуу экендигин билбейт болчу. Эртеси эртең менен мага жездем телефон чалып, үйүндөгүлөр менен сүйлөшө албай жаткандыгын айткан. Бизге болсо суук кабарды саат 2лерде айтты. Дагы деле ушундай окуя болгонуна ишенгибиз келбей жатат. Эжемдин 2 баласы ошол учурда уктап жаткан окшойт, болбосо алар ыйласа, аларды деле өлтүрүп салат беле?..
Азыр уулу жездемдин жанында жүрөт. Кызы эмчекте болгондуктан, кошуна айылдагы бөлөм өз баласына кошуп эмизип карап жатат. Кийин аларды өз колубузга алып, жездеме дагы каралашабыз деп ойлоп жатабыз.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
28.11.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Ойноп күлүп, үйлөнөөрдө кыз алгысы келсе керек, ошончолук баланы алдыртууга түрткү болсо...

Жабырлануучу, кечирип кой, бирок энең менен жеңеңди жеп алдың ХХХХХХХХХХХХ Таба эмес тооба, миң наалат экөөңө, бириң түрмөдө, бириң жан дүйнөнүн азабында... Муну өзүңөр кааладыңар, биз эмес
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-28 12:34:00
28.11.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Баары келип никесиз зынаанын кесепети. Зынаа кылган экөо тең тирүү калып бирөө түрмөдө бирөө эркиндикте азап чегет. Күнөөсүз эки бала энесиз калды. Баарыбыз күнөө кылуудан корксок ушундай жаман иштер болбойт эле. Каза болгондордун жакындарына кудайдан сабыр тилеймин.
28.11.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ой тообо жаканды кармайсын го..кудай сактасын
28.11.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудай сактасын адамдар жырткычтардан да өтүп кетти
28.11.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайга тообо кылдым адамдар эмне мынча жырткыч болуп баратабыз кудайдан деле коркушбайт ким качан олтуруп кетет экен деп жашап калдыкго
28.11.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
3 адамдын омурун алып турмодо отургуча, балана ээ чыгып уйундо отурганын жакшы эмес беле?
28.11.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
даа жаман болду бирок кызда дагы куноо бар озун озу тыя албай апасы менен жап жаш женесинин олумуно себепкер болду жаш балдарга жалько
28.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шумдугуң кургур.жаш балдарга эле кыйын болду энесиз калып.
28.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адам олтуруучу манякка деле окшобойт акмак,ушунчалык да мыкаачы болобу.Ал аялдын энеси мн женесинде эмне айып болчу.Балтасын,телефонун жана перчаткилерин сууга ыргытса табылбай калам деп ойлогон окшойт тоок мээ.Эки дуйнодо тен азап чегип кетсен экен ылайым
28.11.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак даана мыкаачы экенда, эми аны турмого отургузуп бакпай эле мындай мыкаачыны ХХХХХХХ кмак эки адамдын омурун кыйып, кичинекей наристелерди жетим калтырды, олум жазасына татыктуу акмак мыкачы!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:50:53
28.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

бала акчасы көп көпкөн адам экен да
28.11.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХХ ХХХХХХ эртең эле амбиция деп акча менен чыгып кетет бул!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:37:43
29.11.2017. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бундай ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХ керек
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:18:51
29.11.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок кыздын чонтогунон бала телефонду алып кетсе, милиция кайсы телефонду текшерди?
29.11.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо да милициялар кайсы телефону текшерди?
Мен да сизге кошулам,мындай мыкаачыларды багып бапестебей олумго кетириш керек акмак десе.
Энеси менен женесинде эмне куноо?!
ainura_jyrgalbai97 түзөттү 2017-11-29 16:27:43
29.11.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына тиги кыз куноолуу да,шыйпандап таанышып мамиленин терендешине туртку болгон.аягында боюнда болуп эптей албай калган,тиги балага кысым корсото баштаган.ошентип олтуруп эки адамдын башын жеп алды.бала деле боюндан алдыртып ал деп акча салган болсо,Бишкеке чакырам деген болсо оз колунан келгенин кылганга жакшы аракет кылган экен.кандай болгон кундо да зынаакорлук эки адамдын азап чегип жашашына жол ачып берди.кыз жакшы болуп чыкканда деле кантип журот тууган уругу менен кантип байланышат...
30.11.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
albinochka2015,туура
29.11.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боюндагысын торогондо деле кантип жашайт ушундай жук менен...Астагфируллах....Тооба кылып жашайлык туугандар...элестетсен ыйлагын келет...
29.11.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХХ мындайларды, башка соз жок.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-30 09:51:09
29.11.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги боюнда болгон кыз телеканалда иштейт окшойтко
30.11.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолуу кылмышкер оз жазасын алсын, бейкуноо эки адам олуп жатат,мыкаачылык менен жасаган кылмыш.
01.12.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirsapar,kaidan bildiner?
30.11.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зына ишинин артынан энесинин башын жутуп тыныптырда. Кудайга мин ирээт тообо! Баарыбызда наристе бар ынсап бер Алла!
01.12.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай балееден алыс кылса экен ар бир адамды
01.12.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зына жакшылыкка алып барбайт.Бейкуноо апасы менен женеси бейиштен орун алган болсун!
02.12.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын ыйман берсин баарыбызга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо