Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"МЕН АЯЛМЫН!"

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.


– Мен аялмын. Эркек эмнеден жасалганын билбейм, бирок мен жумшак нерседен жасалганыма көзүм жетет. Эркекке күч, бийлик канчалык керек болсо, мага жумшактык, камкордук, аяр мамиле кылуу ошончолук керек болчу. Менин улуу вазийпам да, бул дүйнөдөгү миссиям да бала төрөө, тукум улоо, күчтүү эркектин аркасында туруп анын очогун сактоо эле. Бирок силер мага ошол гана милдетти коюп койбодуңар. Көп нерсени жүктөдүңөр.
Ар дайым аскердей катарда даяр турдум. Эсимде, атам менен апам урушуп жатканда агам менен иним жашынып калып, апамды коргоо үчүн мен турчумун. Анан да райондун борборунан майда-чүйдө алып кетип терезеге коюп сатканды мен баштагам.
Ата-энемдинби, бир туугандарымдынбы, жашоомдогу эркектинби баарынын жүгүн алдым. Бул жамандыгымбы же жакшылыгымбы, билбейм. Бирок болгон жүктү менин ийиниме артып койгондон эч кимиң уялбадың. «Ал кыйын, колунан келет» дедиңер. Мен силерди уятка калтырбайын дедим. Жылдар өттү.
Солкулдаган жаш кезим көз ачып-жумганча өтүп кетти. Атам өттү, апам аркасынан кетти, бир туугандарым чоңоюп, ар бири өз ордун тапты. Азыр кылчайсам, мен гана ордумду таппай калган сыяктуумун. Мен гана ошол үй-бүлөнүн сасыткы жумурткасындаймын. Анткени турмушум болбоду. Биринчи, экинчи, андан кийинки эркектер да мага эч нерсе бере алышпады.
38 жашымда төрөп алдым. Өзүм үчүн төрөдүм. Мында эмне күнөө? Менин аркамдан шыбырашып сөөмөйү менен мени жана кызымды көрсөткөндөй, кылмыш кылдыкпы? Кызым азыр 1 жашка чыкты, коом алдында да, эл алдында да күнөөм бар кишидей корунам. Эмне үчүн? Мен аялдык, энелик милдетимди аткаргым келди. Жалгыз карып төшөктөн тура албай калганда эмне болом деп корктум. Чын эле корктум.
Агам, иним, сиңдим келип эки барактан турган уяткаруу докладын окуп кетишти. Тилимди тишиме катып үн катпадым. Үн ката албадым. Анткени аларда жок болсо да, менде уят бар экен. Өлөр алдында апамдын «бир туугандарыңды сага тапшырдым, көз бол, кыялдары корс, баарын сен жайгарып акылың менен туура жолго сал» деген сөзүн эстеп туруп үн катпадым. Менин аялзаты экенимди алар унутуп койсо да мен унутпадым. Мага мээрим, кимдир бирөөнүн камкордугу керек экенин, күчтүү болсом да аял экенимди алар унутуп коюшту. Өх, мен чарчадым... Жашоомдогу болгон төңкөрүштөрдөн, өзгөрүштөрдөн, өзүмдүн амбициямдан, эркектер менен тең тайлаша күч сынашкандан, башкалардын жүгүн моюнума алгандан чарчадым.
Бүгүн мен чарчадым. Чыдамымды кетирген акыркы тамчы – менин күнөөсүз наристемдин жүзүнө тиктеп шыбырашкан аялдар эле. Атасы экенин билсе да кызына фамилиясын бере албаган коркок эркектин коңулга жашынганы жанымды кейитти. Өзүм чоңойткон бир туугандарымдын мага жашоону үйрөткөнү жаныма батты.
Чарчадым мен...
3 күн, жок дегенде 1 күн ийинимдеги жүктү бирөөгө бере туруп дем ала алсам... Бүгүн мен «муну да көтөрөм, мен муну да чечем» дегим келбейт. Мейли, мен үчүн бирөө чечсин. Менин жашоом үчүн да бирөө кабатырлансын. Сенин жолуң бул жакта, аял, сен башка жол менен баспа деп бири мага жол көрсөтсүн. Мен анын аркасынан кеткенге даярмын. Мейли, жолу тикен болсун, кум-таштуу болсун аркасынан басканга даярмын. Анткени мен жооптуу болгондон чарчадым. Андан көрө мен жылуу пледге оронуп терезени тиктейин. Эртең эмне болорун ойлобой жаккан көйнөгүмдү алып киейин, башыма келген бардык акылсыздыктарды жасайын. Эч бир маселени ойлонбой, эртең эмне болору менен ишим жок, бейкапар тынч уктайын.
Чарчадым мен... Күчтүү аял да кайсы бир учурда чарчаарын эч ким билбесе керек. Бүгүнкү маанайым ушундай, акырында сүйүктүү каарманым Скарлетт О`Хара сымал «Мен аны эртең ойлоном, ал маселени эртең чечем» дейин да, уктайын.


Жанара


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
28.11.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошол жукторду моюнга жуктоо сенин тандоон болчу. Кыз тороп алуу сенин тандоон болчу. Алсыз эркектен тороп алуу да сенин тандоон болчу. Тандоонун артвнла озуно жараша жыйынтыгы бар. Оор жукту эч ким сага жуктободу. Озун алдын. Демек озун гана алардан арыла аласын.
Тандоо ар бир адамда бар.
28.11.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Копчулук эле кыздарыбыз туйшукчул.Бир уйдун жугун оздору которуп калышты. Сиздерге бир гана сый-урмат жарашат. Буйруса...баары жакшы болот!!!
28.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эр адамды 1 тумуш 2 турмуш калган эркектер дептир. Эркектер баары еле манкурт эмес мен да бир кайнежем бар бир еркек баш ийип жашагысы келбейт. Эркек баш ийип журогундо санасын угуп жашасан еркек болот. Мин акса таап кучтуу болсон да жанын да дененди ысыты оруганда 1 стакан чай бере турган сасык чалын болбосо бекер Жазган адам жай гана бир еркек баш ийип жашагысы келбеген аял.
28.11.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Тандоо ар адам озундо биродон эмнеге торойсун эмне учун 2 ерге тийесин ар эркек мн журуп тороп алдын бул сенин оз тандоон туйшугунду озун тарт элге жарыялабай.!
28.11.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
nazgul90,Бул балким чыгарма балким болгон окуя. Эгерде болгон окуя болсо, аны түшүнүү керек. Кезигет мындай тагдырлар, кимге айтаарын билбей газетага айтып болсо да бугун чыгарып алды. Анан дагы башкаларга сабак болсун деди. Бирөөнүн жүгүн көтөрбөй өзүбүз үчүн жашоону үйрөнүүгө үйрөттү. Ар бир нерсенин жакшы жагын өзүбүзгө алуу бул жакшы нерсе. Жаратканым колдосун мындай күчтүү аялдарды
28.11.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
оз тандоон дейсинер,кыргыздын ар бир кызыле туйшукчулбуз,куйообуз менен тен жарыша иштеп кайра бала багып уюбузду карап деги койчу бары бизде аялдын моюнунда,же мен калп айтамбы?
28.11.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Автор да (Жанара) бугун чыгаргысы келиптир да, женилдеп калгандыр ...
28.11.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баардык түйшүктү аялга эле үйп коесуңар. Андай көп үй бүлөдө кездешет. Бизде деле ошол мен да турмуш куруп күйөөмө эркелеп жашагым келет. Ар бир адам бактылуу болсом деп тилек кылат тура. Жанара сизге бакыт төрөп алсаңыз жакшы. Көп эле адамдар бизчелик чыдай бербейт. Себеп жоопкерчиликти алгысы жок. Бирөөгө насаат айтып жашоону үйрөтүп жашаганды жакшы көрүшөт
28.11.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Автор кучтуу экен. Менин духум жетпей келип жатам ушу кунго чейин эч кимге эч нерсе айтпай. Ичиме баарын катып алгам. Бироого айтуудан же башкаларга жазуудан корком. Мурда бир учун айтып коргом коп эле адамга бирок туура тушунушпойт экен барибир. Баарын айтып берсем эси ооп комага жатып калбаса эле))
30.11.2017. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sara06, саламатсызбы, кыргызда бир жакшы макал бар "сууну сиңген жерге сеп" деген, балким сиз угуп түшүнө билген адамдарга айтсаңыз жеңилдеп алатбелеңиз, суперстанда кирип "жүрөк сыры" деген темага жазсаңыз болот экен деп ойлоп калдым, эгер айткыңыз келсе ушул жерде айтсаңызда болоберет, угуп түшүнгөн адамдар табылып калар.
28.11.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоодо баары болот. Бирок ... Чеги менен. Биз айымдар баардык туйшуктуу озубузго алып алабыз анан кейий беребиз. Мен мисалы куйоого тийгенде проблеманы мен эмес куйоом чечсе экен деп кудайдан тилейм
28.11.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыркы мезгилде эркектердин копчулугу чечкинсиз, баласынын да аялынын да жоопкерчилигин моюнуна алып которгусу келбейт, тескерисинче өздөрүн бироо көтөрсө дешет экен,4 5 баласы менен аялын таштап бай аялдын уйуно кирип жатып ичер болгондон намыстанышпай калышкан копчулугу
29.11.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир аял чындыкты жазып чыкса баары бир ооздон куноо сенде дешет,эркек жазса Аллах сана сабыр берсин,кейибе дешет. Аялзат,Кудайдын жараткан назик жаны,бир уй булоонун очогу,башынды жолой турган ийин,женилини жерден,оорунду колдон алган жан барбы деп сураганга эч кимдин кучу жетпейт а бирок жасаган иштерин тергоочу сымал сураштырганга баарынын кучу жетет. Ар бир инсанды автор(Жанара) сыяктуу бир аялзаты дуйного кетирген,чекебизден сылап эркелеткен. Сынап,куноологондон мурун ойлонгулачы сураныч.
13.01.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adaimaidai,
Туура айттыныз. Азыр баардык аялдар кучтуу, баарын аялдар чечип калган. Автор эркектерге кайрылганы корунуп турбайбы, баардык нерсени аялдарга жуктобогуло деп. Биринчи атасы, анан агасы, иниси би туугандары баарына жакшы болсун деп, озу турмуштан кеч калганын айтып жатат. Азыркы аялдарга тан калам, ушунчалык кыйын экенбиз, баарына коз жумуп, кучтонуп чымырканып жашап келебиз. Кучтуу эркек барбы? Болсода аз кездешет.
29.11.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Айымдар илгери апасындай уй жумушу менен алектенсе, азыр атасындай болуп уй-булосун багат"- деп инстаграммдан окуп калдым эле.
30.11.2017. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,супер инфого суроо: бул ошондо чыгармабы же баштан өткөн окуябы эгер башынан өткөрүп жаткан болсо, Жанарага айтат элем, сабыр түбү сары алтын деп, сабыр кылыңыз "Баары жакшы болот, бүгүн эместир,балким эртеңда эместир, бирок сөзсүз бир күн баары жакшы болот"деп.
30.11.2017. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара озунуз учун тороп алганынызга абдан суйунуп атам. Кийин ушул кызыныз эле сизди багат. Ал эми бир туугандарынызга озунун Уй булоосунон болок эч ким кызык эмес. Эгер апаныздын козу тируу болгондо ошол адам чын журогунон сиз учун суйунмок.
30.11.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пледди оронуп тынч уктайын десе коркуп кетипмин оз жанын кыйып аткан го деп. Сиз туура эле кылгансыз, кейибениз. Чындап карыганда жалгыз калганда ошо сизди жектеген туугандарыныз басып келип да коюшпайт.Тескерисинче "ой бул туубас болчу" - деп анда да соз кылышат
30.11.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинесинен эле ата-энеси уй-булодо тирикарагы сенсин деп бардык жукту мойнуна асып койгон турбайбы. Ошентип озун бардык нерсеге жооптуу сезип калган да анан бир туугандарын уйлоп жайлоодо да озуно жоопкерчиликти алган. негизи эле турмушта ар ким оз арабасын озу суйрош керек. Ата-эне да балдарына ошондой тарбия бериш керек. Кучтуурогуно жукту уйуп коюп баарын ошонун мойнуна арта бербей. Тем более кыз бала болгондон кийин аны кыздай кылып тарбиялаш керек. Ошондо чонойгондо оз ордун таап кетет.
30.11.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи автор туура эле кылган чонойгондо ошол кызы багат. Тиги куйуп бышкан бир туугандары акыл айтып, уяткаруу докладын окуп кеткенден башкага жарабаса керек.
02.12.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тийген биринчи, экинчи күйөөлөрүнөн төрөсө болбойт беле
04.12.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы болот кудайым буйруса Эже. Эч кейибениз откон отту , кызыныздын келечегин ойлонуз. Сизди жаман коргон адамдардан ойунузда дубал куруп алыныз. Аллахым жакшыы жашоону Насип этсин баарыныздарга, бактылуу болунуздар!
20.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
авторду мен ото сонун тушундум себеби мен андан озуму кордум. Мен да дал ошол эжедеймин бирок турмушка чыга элекмин. 24 жаштамын. Акам биринчи уйлонсун деп аками уйлодук эми синдилерим окуусун бутуп алсын наны бутун болсун аз да болсо жардам берейин деп иштеп журом. Жакшылыкты билип кийин рахмат десе суйуносун билбесе Кудайга койдум Кудай коруп турат дегенден башка арга таппай быз муну билип эле турам
13.08.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чыйрактын шыйрагы калат" деген сөз бар. Сиз ошондой абалда экенсиз. Никелешип, анан төрөсөңүз болмок. Эркек бир туугандарыңыз сизди турмуш жолуна узатышы керек эле...
16.01.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен муну мурун да окуганмын. Бирок суперденби же башка жерденби эсимде жок
20.01.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармабы же болгон окуябы иши кылып аял кишинин ички көйгөйүн жазыптыр да. Бул ачуу чындык бар азыркы биздин коомубузда. Дин менен жашасак гана ушундай аял кишилер кыйынчылыкка кабылбайт.
Өзүн өзү багат деп өксүтөт экен жакшыны
Жалгыз өлүп калат деп, жаманга берет бактыны.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо