Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖАКЫНДА 2-НАРИСТЕЛҮҮ БОЛОБУЗ. КЫЗДУУ БОЛСОМ ДЕП КЫЯЛДАНЫП ЖАТАМ»

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

Бул сапар гезиттин жүзү жана түз эфирдин коногу кыргыздын алтын үнү Мирбек Атабеков болду. Түз эфирге чейинки фотосессия учурунда «кечигип калбайбызбы» деп улам саатын караган ырчы күйөрмандары менен жолугушууга «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесине шашып келди.


– Коңшу өлкөнүн Кайрат Нуртас, Шахзода сыяктуу ырчылары Орто Азия жылдызына айланышты. Бизден эмнеге андай ырчылар чыкпайт? Сизде алардыкындай эле мүмкүнчүлүк, талант бар го. Орто Азияны багындырууга аракет кылбайсызбы?
– Биздики деле Кудайга шүгүр. Жакынкы өлкөлөрдө жакшы эле өзүбүздүн ордубуз бар. Элине 100 пайыз таанымал болбосок да, бизди тааныгандар, ал жакка чакыргандар бар. Бул жаатта медиа чоң роль ойнойт экен. Ошол ырчыларды жергиликтүү маалымдоо каражаттары көргөзсө, жазса анан эл тааныйт да. Экинчиден, интернет аркылуу да популярдуу болууга мүмкүн. Үчүнчүдөн, тандалган репертуар, ырдоо стили, кийингени элдин табитине жагышы керек. Коңшу өлкөнүн ырчылары биздин ырларды ырдап популярдуу болуп жүрүшөт деп айтсам жаңылышпайм.

– Сизди "ар бир сөзгө маани берген, катаны көп кечире бербеген адам" дешет, чын эле ошондойсузбу?
– Мусулман баласы үч күндүн ичинде кечириши керек деп айтылат. Анан кыргыздын «сабырдын түбү сары алтын» деген жакшы сөзү бар. Ушул сөзгө маани берип, жашоодо колдонгонго аракет кылып келе жатабыз.

– Продюсер Канат Култаев менен канча жыл иштештиңиз?
– Биз 11 жылдай чогуу иштешиптирбиз. Бул да өзүнчө бир рекорд. Кудайга шүгүр, азыр деле ошондой мамиледебиз. Учурда менин жардамчыларым – Канат Култаев, Сүйүн Токсобаев жана үй-бүлөм.

– «Style Mix» тобунун ырчыларына өкүл ата экенсиз, батир алып берет дешти эле, алып бердиңерби?
– Мындай сөз эч жерде айтылган эмес. Бирок жакшы идея экен. Муну деле ишке ашырса болот. Кудай буюрса, байыйбыз, мүмкүнчүлүктөр болот. Батир алып беребизби, мечит салабызбы, мектеп, оорукана курабызбы же ичине жабдыктарды алабызбы, анын баары алдыда.

– Жубайыңыз менен бактылуу жашап жатканыңыздын сыры эмнеде?
– Бактылуу жашоонун сыры – бардык нерсе ченеми менен болуш керек. Өтө эле жакшы көрүп жиберсең да болбойт. Кээде уулумду жакшы көрүп, кечке эле жыттай берсем, ал менден качат. Кээде жумуштун көптүгүнөн колум бошобой, уулума көңүл бура албай калсам, тескерисинче, мага ыктай баштайт.

– Жаңы үйлөнгөндө келинчегиңиздин камыр жайып жаткан видеосун жүктөдүңүз эле, азыр деле камыр жаябы?
– Келинчегим азыр деле камыр жаят. Камырды кандай жаят апамдан сураш керек. Анткени апам камыр жаюунун устаты. Сүйгөнүң жасаган тамактын баары эле даамдуу, таттуу көрүнө берет. Көбүнчө электр мешине жасаган тамактары абдан жагат.

– Уулуңуз Адам кечээ экиге чыкты, туулган күнүн кандай белгиледиңер? Эмне белек бердиңиз? Үйдө кандай атасыз?
– Үй-бүлөмдө менден башкасынын баары туулган күн өткөргөндү жактырышат. Уулум бирге чыкканда туулган күнүн белгилегенбиз. Бул жылы өткөрөлү дешкенде мен тыйып койдум. Анткени аны өткөргөнгө да убакыт керек. Бала үчүн белек ата-эненин дени сак жүрүүсү деп ойлойм. Эркек бала баары бир энеге жакын болот экен. Учурда жубайым экөөбүз экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Ким болору белгисиз. Бирок кыздуу болгум келип жатат. Кыздар атага аябай жакын болорун байкап жүрөм.

– Өзүңүз кимге жакын элеңиз?
– Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин чоң энем менен чоң атамдын колунда өстүм. Кийин бой жеткенде апамдын колуна келдим. Апам байкем менен карындашыма катуу сүйлөп койчу. Чогуу жашап көнгөн эмеспиз да, мага катуу айтсам көңүлү ооруп калабы дегендей мамиле кылчу.

– Мен сиздин он жылдан берки күйөрманыңызмын. Жети атаңызды айтып бериңизчи.
– Жети атамды билем, бирок баласын атасы, чоң атасын небере кылып ордуларын алмаштырып салышым мүмкүн. Мирбек, Бообек, Атабек, Булан, Күлө, Бижан, Байжан.

– Үч уулум бар, оозуна түкүрүп койсоңуз кандай болот? Илгертен бизде ушундай ишеним бар го, жок дегенде сизди 80 пайыз тартса мыкты инсандардан болот эле...
– Аба аркылуу түкүрдүм дебейинби, тамаша. Мындай нерселерге көп көңүл бурбаш керек го дейм. Түкүрүктүн таасири ошончолук тиет дегенге ишенбейм. Жаш кезде балдарын алып келгендер болгон. «Түкүр» дейт деп түкүргөн күндөр да болгон. Кийин ойлонуп калат экенсиң. Тазалыкты сакташ керек, көп оорулар шилекей аркылуу жугат эмеспи. Ошондуктан кой дедим.

– Кайын журтка барганда жылдыз күйөө баласызбы же жөнөкөйбү? Кайсы бир жумушту аткара албай калып бет кызарган учур болду беле?
– Ырчы, элдин адамы деп башкача мамиле жасашат, ал байкалып турат. Башка бажаларыма караганда аяшат. «Мени аябай эле отун жарган сыяктуу кара жумуштардан бербейсиздерби?» десем деле жеңил жумуштарды берип коюшат. «Жок, сен конокторду «биякка киргиле, ичкиле, жегиле» деп тур» дей беришет. Бет кызарган учурлар болот, ал жүзүңдөн билинбейт, бирок ичиңден сезесиң.

– Уулуңуз Адамдын аты өзгөчө го, ким койду эле?
– Бизге чейин деле мындай аттар бар экен. Жакында эле Кочкор жергесине барып, бирөөлөр менен сүйлөшүп калдык. Бирөөсү «менин атым Адам, атамдын аты Мирбек» деди. Өтө жагымдуу болду. Уулума ысымды чоң апасы, жубайым үчөөбүз кеңешип койдук.

– Саламатсызбы? Мээрим эже мага абдан жагат. Аялзаты төрөгөндөн кийин толот эмеспи. Жубайыңызды арыкта деп айтасызбы?
– Мен эркелетип, «семирип кетсең дагы сүйүп жүрө берем» деп калам. Жубай болчу адамды тандаардын алдында келбетин карап сүйбөйбүз да. Жан дүйнөсүнө, жашоодогу принциптерине, ата-энеге, адамдарга жасаган мамилесине карадык, анан жылдызыбыз келишти.

– Уулуңуз Адам ырчы болом десе каршы болбойсузбу?
– Балдарымдын бири ырчы болсо, акыл-насааттарымды айтат элем деп кыялданам. Негизи өздөрүнүн тандоосуна коём.

– Бир тууган байкеңиз азыр каякта, эмне менен алек?
– Байкем милиция кызматкери, учурда «Манас» аэропортунда иштейт.

– 2006-жыл беле, алгачкы концертиңизге баргам. Ошондо эл азыраак келген. Апаңыз «кол чаппайсыңарбы, менин балам» деп залда отургандарга кайрылганы эсимде.
– Ал менин ыраматылык чоң апам. Анда жаңы чыгып, эл тааный элек болчу. Улуттук каналда тартылган съёмканы айтып жатасыз. Башкалар ырдап жатса, отургандар кыйкырып, кол чабышса «уялбайсыңарбы, өзүңөрдү кармагыла, кыргыз деген мындай болгон эмес» деп тыйган экен. Мен чыкканда баары тынч отуруп калышса «кол чаппайсыңарбы» деп толкунданып, элди колдоого үндөптүр. Чоң апам менин эң биринчи күйөрманым эле. Ал кезде бир концерт берип эле ырчылыгымды токтотом, андан кийин кесибимди алмаштырам деп ойлогом. Андан кийин отуз жашка чейин ырдайын дедим. Отуздан кийин деле ырдагың келет экен. Кийин ырчылыкта чек жок экенин байкадым, сахнага байланып калыптырмын.

– Эркектер үйлөнүп, балалуу болгондон кийин толуп кетишет го, сизге канча салмак кошулду?
– Үйлөнгөнгө чейин деле 65 килограмм болчумун. Азыр деле ошол салмактамын. Бул генден анан туура тамактанбагандан болсо керек. Кээде тамак жегенди унутуп калып деле жүрө берем.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мирбек Атабеков: "Учурда экинчи наристебизди күтүп жатабыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
22.11.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вауу Мирба Байке молодец. Айтолкун татынакай сулуу экен ийгилик.
SUPER.KG видео
22.11.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгек синирген артистке соответственно болоюн деп салмактуу ведёшь себя
SUPER.KG видео
22.11.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур маек, жандуу, ачык
SUPER.KG видео
23.11.2017. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жымшыйган десе Единственный певец которого уважаю
SUPER.KG видео
23.11.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойуну бир жерге чогултуп жооп берсе болот,ойлору чачырап эленден эле суроо берсе созду кобойуп,айланып анан жооп бериптир.Кызыксыз эле болуптур маек.
SUPER.KG видео
24.11.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың,сыйлайм.
SUPER.KG видео
24.11.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек байке мен суйгон ырчылардын бири.Ишинизге ийгилик!
Воздушный тукуругу жакты:))
28.11.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жонокой жакшы ырчы! Уй булоосу менен бактылуу болсун!Келинчеги аман эсен коз жарып алсын!
28.11.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
2007-2010 жылдары сиздин фанатканыз болчу элем да. менимче, 2010-жылы Караколго мегаком уюштурган концерке келгенсиз. афишасында сиздин да сурот бар эле. аны комнатага илип койгонбуз. анан ошол суротунунз учун жигитим азыркы учурда жолдошум экообуз олло уруштук эле да) ал суротторду бетин чаптап салбайлыбы десе, мен Атабековдон башкасын чаптай бкр дедим, анан башталды ызы-чуу. болбосо Атабеков ким мен ким? жолдошум да кызык кошуна балага кызгангансып кызганып алыптыр)
29.11.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
love_you,ой сиздики Аиабековдон кызганып уруш чыгарса жакшы экен, анткени ал Кыргызстанда жетиш оной, менин жолдошум Бред Питтен кызганып уруш чыгарган да, ии Анжелина экоо ажырашып кетиптир деп кейисем эмне Питти суйосунбу деп урушканбыз, таарынып тамак жебей коркуткан.))))
30.11.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rozalar,)))
01.12.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rozalar,даанасынар го )))
28.11.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
сизди олло укчубуз супер иныодон сурот кесип чаптап, анда азыркыдай телефон интернет деген жок да. супер инфого ырлардын тексттери чыкчу эле, аны кесип чаптайбыз. аябай кызык болчу. азыркы фанаттардын жашоосу анча кызык эмес, интернет сотка деген бар каалаганын таап алат.
бактылуу болунуз, кыздуу болуу насип этсин.
28.11.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да убагында анкеталарга жактырган инсаның деген жерге Мирбектин сүрөтүн чаптап койчумун... Кичинекей экенбиз да анда
28.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да убагында анкеталарга жактырган инсаның деген жерге Мирбектин сүрөтүн чаптап койчумун... Кичинекей экенбиз да анда. Үй бүлөөңүз менен бактылуу болуңуз, жубайыңыз аман эсен көз жарып алсын!
28.11.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат жигит экен! Кечээ жума куну бир супермаркетте ырдады фонограммасыз сонун ырдады. Уну тим эле сонун чыгып жатты. Элди аралап микрофон сунуп, кайра озу ырдап,кыскасы наамды туп туура эле алган. Ичим аябай жылыды.
29.11.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tyty1990, олуттуу комментарий деле жазат экенсиз го)))) бирок юморунуз жагат да)))) даже кордунузбу сизди таанып да калгам)).
29.11.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylun, :)))
28.11.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Мирбек байке менин жан дүйнөмдүн мега популярдуу жылдызы ар бир ырын жүрөк менен ырдайт абдан жагат
28.11.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш ырчылардын арасынан чыныгы таланттуу инсан! Ар бир ырын 10 жылдан ашык убакыттан бери тажабай угуп келем! Талантыңызга таазим, бактылуу болуңуз!
29.11.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таланттуу жигит, аялың менен бактылуу болгула. Уул же кыз болобу, Кудайым өмүрү менен берсин!
29.11.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ торкунумо барсам иним бир тетрадь блокнотторду берди эсиниздеби деп. Ичинде жалан Мирбектин суроттору чапталган. Фанаткасымын азыр деле. Болгону суротторун топтобой калгам. Жогоруда бироо айткандай жолдошум кошуна жигиттен кызгангансып кызганып алат
29.11.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул Мирбек Элден озгочолонгусу эле келеберет негедир жакпай кетти...прическасы жана ичиндеги койногунун свети озуно жарашпай калыптыр
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:22:55
29.11.2017. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйга татыктуу жигит
29.11.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдин баары ошол.Элдин баары озгочо жургусу келет.Эч нерсе таппай калганда Эми рубашкасына асыла калган жагып атабы?
Негизи,бироонун оорун женилдетип жардам бербесен дагы,жон гана жылуу соз арнап кой,ошол да адамга куч-кубат берет.
Мирбек Байке молодец!Уй-булоонуз менен туболукко бактылуу болунуз!!!
29.11.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да фонограмма да деп,коп деле маани берчу эмесмин.Турмушка чыкканда ,жолдошум айткан:"Эч фонограммасыз ырдайт,жанында туруп,укчумун "деп...Дасмияга жалан чондордун кечелерине чакырылчу экен...Азыр аябай баалайм....
29.11.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии мынча жакшы тамактанганды унтуп калса...мен дагы унтуп калсам аа
30.11.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик
30.11.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилегибиз бир экен. Бизда учурда кыз кутуп жаткан чагыбыз:) Аллах берерин унутпасын.
30.11.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек абдан жонокой,суйлогон созу ордунда,токтоо жигит экен. Уй булоосу менен бактылуу болсун
30.11.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантынызга таазим, чыгармачылык ийгилик, уй булоолук бакыт каалайм.
01.12.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларынызды калтырбай угам 2005-жылдан берки куйорманынызмын. Бактылуу болунуз
01.12.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Мирбек журогумдун теренинде жашай бересин , сени жакшы коромго
03.12.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз байлык жок
SUPER.KG видео
14.12.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Супер ырчы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо