Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨГӨЙ АТА 6 ЖАШАР КЫЗЫН ӨЛТҮРДҮ ДЕП КАРМАЛДЫ. Кыздын апасы:«ЖОЛДОШУМ КОЛУ МЕНЕН КЫЛГАНДЫ МОЮНУ МЕНЕН ТАРТСЫН»

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.


Тилекке каршы, өз жакындары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган наристелер көп. Арасында өлүмгө чейин алып барган учурлар да бар. Өткөн айда Каракол шаарында дал ушундай окуя катталып, анда өгөй атасы 6 жаштагы кызды өлтүрүп салган.

«КЫЗДЫН ЫЙЛАГАНЫНА АЧУУСУ КЕЛИП ЧААП САЛГАН»

 

Окуя тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов буларды билдирди:

– Ушул жылдын 25-октябрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарындагы Коёнкөзов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кылмыш катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу 6 жаштагы Фатима аттуу кыздын катуу соккудан улам каза болуп калганын аныкташкан. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун 1968-жылы туулган өгөй атасы А.Э. аттуу Каракол шаарынын тургуну колго түшүрүлгөн. Каза болгон кыздын апасынын мурунку турмушунан 3 баласы, кылмышка шектүү экөөнүн ортосунда 1 кызы болгон. Бул кылмыш боюнча Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектелип кармалган жаран тергөө абагына киргизилген.

«ТҮРТҮП САЛСАМ БАШЫ ТАМГА ТИЙДИ»

Шектүү тергөөдө берген көрсөтмөсүндө төмөнкүлөрдү айткан:
– Ошол күнү аялым жумушка кеткен. Ал мага телефон чалып, картошка аарчып коюумду айтты. Мен картошка аарчып жатканда кичине кызым ыйлап калды. Анан Фатимага «Кызды көтөрүп келчи, жалаягын алмаштырып берейин. Сийип салган жокпу?» дедим. Фатима аны көтөрүп келе жатып чалкасынан жыгылганда, анын колундагы кичине кызым ыргып кетти. Чуркап барып аны ала коюп, сооротуп отурсам, чоң кызым жаныма келип калды. «Абайлабайт белең, кызым» деп түртүп салсам башы тамга тийди. «Ата, башым» дегенинен кичине кызымды жерге коё салып, улуу кызымды көтөрдүм. Анан чуркап барып суу алып келип, башына суу койдум. Ошол убакта аялым жумуштан келип калды. Анан «Тез жардам» чакырдык.

«ДАРЫГЕРЛЕР ҮЙГӨ КЕЛИП ЭЛЕ КЫЗЫМДЫ КАЗА БОЛУП КАЛЫПТЫР ДЕШТИ»

6 жашар Фатиманын апасы бул кылганы үчүн жолдошу жооп бериши керек экендигин жана татыктуу жазасын алуусун каалаганын айтты:
– Жолдошум Кара-Кече көмүр кенинде иштечү. Ал 15 күн иштеп, 15 күн эс алат. Кырсык болгон учурда ал үйдө эс алууда болчу. Фатиманы бала бакчага берүү үчүн мен ошол күнү анын керектүү документтерин бүтүрүп жүргөм. Үйдө жолдошум балдарды карап калган. Мен саат 4тө телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө жакшы эле отурушкан болчу. Саат 17:30дарда уулум телефон чалып, «апа, Фатима эсин жоготуп жатат. Үйгө келиңиз» дегенинен чуркап жетип келдим. Келсем баары жабалактап кызымдын бетине суу чачып жатышыптыр. «Кызым, Фатимам» деп ала коюп аны кучактап калдым. Менин артыман эле «Тез жардам» кызматы келип калды. Дарыгерлердин «кыз чарчап калыптыр» дегенине болбой «мүмкүн, ооруканага алып барып, керектүү аппараттары менен аман алып калаттыр» деп ооруканага алып бардык. Дарыгерлер «катуу соккудан кийин эс-учун билбей жатканда катуу жулкулдатып жибергенден мээсине кан агып кеткен» деп айтышты.

«МЕН АКЫЙКАТ ЧЕЧИМ ЧЫГЫШЫ ҮЧҮН БАР КҮЧҮМДҮ ЖУМШАЙМ»

– Жолдошумдун бул окуяга чейин деле 1-2 жолу кызыма колу тийиптир. Бирок аны мен өз көзүм менен көргөн эмесмин. Аны кийин балам айтып жатпайбы. Мен барда жолдошум балдарды эркелетип эле турчу. Анан өзүм деле үй-бүлө болуп жашап жаткандан кийин деп анча-мынча кызымды урушканына көз жумуп койчумун. Жолдошумдун мындай кылыгы үчүн ага 2-3 жолу эскерткем. Эми колу менен кылганын моюну менен тартсын. Жолдошум сурак учурунда «Фатима ооруканага баргандан соң жарым сааттан кийин чарчап калды. Мен аны ыйлап жатканынан улам акырын гана чаап койгом» деп жалган айтып жатат. Ал кызымды уруп коюп, эси ооп калса деле «Тез жардам» чакырган эмес. Уулум мектептен келип, карындашынын абалын көргөндөн кийин өзү чакырыптыр. Кылмыш кылып, кызымды өлтүргөндөн кийин ал кечирим сурап койгонго да жараган жок. Эми мен акыйкат чечим чыгышы үчүн бар күчүмдү жумшайм. Туугандары келип кызыма куран окутуп кетип жатышат. Урушайын десем, аларда эмне күнөө?
Ошол каргашалуу күндөн мурунку күнү кечинде эртең бир жакка барарымды укканда «апа, эч жакка барбай эле коюңузчу» деген эле. «Бир күн чыда, бала бакчага киргизем, жаңы көйнөктөрдү алып берем» деп айткан элем. Бирок каргаша болуп, кызымдан айрылып калдым.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(20)
28.11.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эхх окуп алып ыйлагым келди.Бейкуноо наристе.Байкуш олгонун озу да билбей кете берди да.
28.11.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Жин келгенде, акыл кетет", зөөкүрлүк, каракчылык кылбаса да жининен улам ойлонбой катуурак түрткөнбү? Эркек киши карылууда, 6 жашар илмийген кыз учуп эле тийгендир...үхххх...
28.11.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жон эле туртуп койсо олуп калбайт да.Ата деген оз канынан жаралган баланын ызы-чуусуна аран чыдайт.Огойду бары бир жек корот.Ошондуктан ажырашуу деген болбосо.Баланы оз атасынан айрыбаса.Башкага кор кылбай.
28.11.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ох журогум ооруп кетти
28.11.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай зээним кейиди. Балдар кордук корбосунчу
28.11.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии бечара ..бейишин берсин..ата сорой оз жазасын алсын..
28.11.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аллахым меримдуу зат бул балапанга бейиш торунон орун берсин аябай окунучтуу эч нерсени корбоду закон чыкса дейм именно жаш балдарды кордогондого олтургондорго азаптуу олум деген
28.11.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннаттан болсун.Периште болуп учуп кетти.Неге мынчалык зоокур болуп баратышат адамдар.Жаш балада эмне куноо.
28.11.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш наристе периште бойдон кете бердин(( Балдар аман болуп телегейи тегиз жашоодо жашашсынчы ылайым эле.
29.11.2017. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кандай гана акмакчылык жазасын алсын жана аталык укуктан да ажыратыш керек
29.11.2017. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энеден баланы ,баладан энени ажыратпасын ээ аллахым.
29.11.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай,тооба кылдым. Ушундай күндөн алыс кылсын.
Эми бул эженин шарты кандай болду, кандай болгон мурдагы күйөөсү менен ажырашты бекен?
Ушундай окуялардан кийин, үйлөнөсүңбү же күйөөгө тийесиңби 100 жолу ойлонуп анан кадам таштагыла. Кийин бармакты тиштеп олтуруп калбай. Азыр бул эженин мурунку кайын журту жемелеп эле жатып калышса керек.
Ээээх кудай тооба кылып жашайлы.
29.11.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балага садага болгур,3бала менен куйоого чыгып айланасынбы? Жакшы аял 3бала менен куйоодон ажырабайт, чыдайт,сабыр кылат,ажырап оло тала башкага куйоого чыгып тороп, апасын кошо жазалаш керек, баладан айлангыр айбандар,буга окшогондорго бала бербеш керек,кудайым, 5мин жыргал гана керек мындай айбандарга
01.12.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bema74,табалаба! Тобо де!!Ажырашты деп жазылбаптыр го, балким олуп калгандыр куйоосу
30.11.2017. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттин наристе эмне айып эле бобокто.Сына даны бир далил Чубак ажынын созуно 3баласы менее турмушкка чыккан экен жашап кетейин шариятка баш ийем деп баласына кол котором да оозун жаап журуп бечара кызды жеп тынышытыр.Жесирди алганга жараша азыркы замандын эркектери чыдап бага албайт.
30.11.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,бул жерде Чубак ажынын не тиешеси бар тушунуктуу жазсанар
30.11.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш наристе жан соогун сыздайтко. Арбир наристени оз атасы оз энесинен ажырата корбо оо жараткан!
01.12.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай ай куйосунун деле куноосу жок окшойт,себепкер болуп калган окшойт,аялы деле куйоосуно боору оорубаптыр,куйоосу да жакшы экен картошка аарчып кой десе макул деп аарчыган,ордунда менин куйоом болгондо картошканы башыма ойнотмок сен имени жумшай турган болуп калдынбы деп.
02.12.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чужая семья темный лес..дейт орустар билип билбей суйлогон куноо болот..бир кудай билсин,жазасын берсин куноолунун..
04.12.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алты жашар кызга баланы котортпой эле койсо

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо