ЧАРЧАП КАЛГАН НАРИСТЕНИ КАНТИП ЖЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

№394 21-27-май, 2010-ж.

Ыйман жана салт

Айрым энелер ар кандай себептерден улам ай-күнүнө жетпей бойдон алдырса, кээ бир ымыркайлар ыңаалап келип, эненин эмчегин эмбей бул жарык менен кош айтышат. Мына ушундай кейиштүү кырдаалда наристени кантип жерге берүү керек?

Этнограф, тарых илимдеринин кандидаты
ЧЕРИКБАЙ ӨМҮРБЕКОВ:
– Кыргыз элинин салт-санаасы боюнча, эгер наристе түйүлдүк кезинде бойдон түшүп калса же төрөлгөндөн кийин чарчап калса, эч кимге кабар берилбейт. Ата-эне эң жакын адамдарын, мисалы, кайнене-кайнатасын, бир туугандарын гана чогултуп, наристени жерге берет. Мал союлбайт. Көзү өтүп кеткен чоң адамга дайыма куран окулат эмеспи. Ал эми наристе жерге берилерде гана бир жолу куран түшүрүлөт. Эгер бала ыйлап түшсө, анда ат коюлат. Салт боюнча балага ат коюуда кулагына үч жолу “сенин атың баланча...” деп айтылат эмеспи. Ал эми “өлүү төрөлгөн бала укпайт” деген түшүнүктөн улам ага азан чакырылып ат коюлбайт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин
башкармасынын Фатфа бөлүм башчысы
ЧУБАК ЖАЛИЛОВ:
– Шарият боюнча баланы эне жөндөн-жөн бойдон алдыра бербейт. Бала же эне аман калышы керек деген коркунучтуу учурларда гана бойдон алдырууга уруксат. Бала бир нече ай же күн жашаса, же тирүү төрөлгөнү билинсе, анда ат коюлат. Ата-эне кадимкидей эле бир нече ысымдын ичинен жакшы көргөнүн тандап алат. Ал ысымды кийинки балага берүүгө болот. Чарчап калган наристе таза суу менен чайкалып, кепинделет. Кепини чоң адамдыкындай бычылбайт. Эндей ак кездемеге оролот. Жаш бала үчүн окулуучу жаназа окулат да, анан өтө терең эмес казылган жерге жашырылат.
Эгер бала эненин ичинен өлүү төрөлсө, анда да ат коюлат, жуулат, кепинделет. Бирок жаназа окулбайт. Жашоонун аркы-беркисин көрбөй, эч нерсе билбей кеткен наристелерди “бейиштиктер” деп коюшат. Анткени алар кийин ата-энеси тиги дүйнөгө барганда тосуп алышып, бейишке жетелешет.
Айрымдар боюнан алдырган түйүлдүктү ооруканага таштап кетип жатышпайбы. Бул – күнөө. Эт болуп калган түйүлдүктү ата-эне ак кездемеге ороп, жерге өздөрү көмүүсү керек.
Түйүлдүк боюнча кеткендерге да, бир аз жашагандарга да, кыскасы, наристелерге бир да жолу куран окулбайт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
24.05.2010. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым мындай кайгылардан сактасын!!!
25.05.2010. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогондор гана баардык нерсеге барышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо