Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Каба айылында Кара-Үңкүр деп аталган үңкүр бар. Бул жайга эл мазар катары келип зыярат кылып, ырым-жырымын жасап дартына шыпаа издешет, балалуу болууну, иши ийгиликтүү болуусун суранышат. Эл арасында ыйык деп таанылган үңкүрдү 17 жылдан бери Төлөн Мамарасулов үй-бүлөсү менен байырлап келет. Жубайы жана мектепте окуган кызы менен шарты, электр энергиясы жок, кооптуу жерди жашоо үчүн тандап алганынын себебин өзүнүн ишенимдери жана зыярат кылгандарга жардам берүү ниети менен түшүндүрдү. Төлөн Мамарасулов кесиби боюнча музыкант. Айтымында, көп жылдар бою ушул кесипти аркалаган. Бирок кийин катуу ооруга кабылып төшөккө жатып калган. Ошол учурда түшүндө Кара-Үңкүрдү көрөт да, муну Кудайдан келген аян деп түшүнүп ушул жакка жашап калышкан. Үй-бүлө үңкүргө улап 2 бөлмө куруп алган. Электр жарыктын ордун чырак, кошуналардын ордун тоолор толтурган жашоо тууралуу айтып беребиз.
«БАШКА ЖАККА КӨЧКҮБҮЗ КЕЛБЕЙТ»

Төлөн Мамарасулов:
– Бул ыйык жер. Жашоонун кыйынчылыктарынан азап тартып, ичиндеги тилектерин орундатуу үчүн жол издеп ыйык делген ушул жерге адамдар илгери үмүт менен зыяратка келишет. Биз болсо аларга мындай жай түзүп жардам берип жатабыз. Өзүбүздүн үйүбүз жок болсо дагы, башкалардын кайгысынын жеңилдешине көмөкчү болуп жатканыбызга кубанабыз. Илгери ушул жакта ажыдаар жашаган дешет. Азыр жыландарды кээде көрүп калам. Бул да болсо кайсы бир касиеттин белгиси болсо керек. Үйүм, жер үлүшүм жок болгондуктан ушул жакта жашоого аргасызмын. Өзүмдүн 8 балам бар. Баары өз жашоолору менен үйлөнүп-жайланып бөлүнүп кетишкен. Учурда 7-класстагы кызым биздин колубузда. Ал ушул жактан мектепке барып келет. Үй боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда башка жактан жер бере тургандыктарын айтышкан. Бирок биз бул үңкүрдүн жанында жашагыбыз келет. Тиешелүү жактар табигат кырсыктарынан кооптонуп
«жер көчүп кетиши мүмкүн, башка жакка көчкүлө» деп айтып кетишкен. Анткен менен башка жактарда канчалаган кырсык болуп, жер көчүп, жар кулап жатат, бул жар кулаган эмес. Мунун кулабасына ишенем. Мындан тышкары бул дөңдүн астында көп үңкүрлөр бар деп айтышат. Мен ошол үңкүрлөргө жетем деп казып жатып илгерки кыргыздардын колдонгон буюмдарын, идиш-аяктарын, адамдын, малдын сөөктөрүн таап жатам. Илгери эле кыргыздар «үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо чалым бар» деп айтышчу. Тоодо, үңкүрдө жашашчу да. Мен да ошондой болуп үңкүрдө жашап жатам. Бул үңкүргө туристтер да көп келишет. Алардын көпчүлүгү Германия, Италия, Франция, Англиядан келгендер. Жакында эле келип сүрөткө тартып, жазып кетишти. Болгону туристтер үчүн ыңгайлуу шарт жок.
«НЕГИЗГИСИ – ТЫНЧ ЖАШОО. КАЛГАНЫНА ЖЕТИШСЕ БОЛОТ»
Баш кошкондон бери ушул үңкүрдө жашап, татаал турмуш шартына көнүп жолдошуна жөлөк болуп келе жаткан Бактыбү Байсеитова бул жакта жашоо кыйла оор экенин айтат:
– Турмуш тиричилигибиз өзүбүздүн жашоо шартыбызга жараша. Эң негизгиси, зыяратчыларга шарт түзүп жатканыбызга кубанабыз. Тагдырым экен деп баш кошкондон бери жолдошума жардам берип ушул үңкүрдө күн өткөрүп келе жатабыз. Жашоо үчүн бир катар ыңгайсыздыктар, татыктуу жашоо курууга кемчиликтер, тоскоолдуктар бар. Анын бири жарыктын жоктугу. Караңгыда чырак менен отурабыз. От жагып тамак бышырып, үй жылытабыз. Коңшуларыбыз жок. Мектеп, базар сыяктуу коомдук жайлар алыс жайгашкан. Кандай кыйынчылыктар болбосун сабырдуулук менен жеңип келатам. Ден соолугубуз чың болуп, тынч жашоо болсо мен үчүн ошол маанилүү. Башка нерсени каалагандай кылып куруп алуу ар кимдин өз колунда.
«АТА-ЭНЕМ ЖАНЫМДА, КОРКПОЙМ»
Акзинат Төлөнованын башка балдардай болуп кошуна достору жок. Бирок анысына да ыраазы, башка балдардын жашоосуна көз артпай «ата-энем жанымда болсо болду» деген окуучу кыз ата-энесинин эрмеги, алардын жардамчысы. Апасына жардам берип үй жумуштары менен алектенип, бош убактысында комузда кол ойнотот. Окуучу кыз баарына көнүп калганын айтты:
– №33 Жусуп Турусбеков атындагы мектепте 7-класста окуйм. Мектепке унаа тосуп барып келем. Көнүп калгам, жол жакын эле сезилет. Үйдө сабактарымды чырактын жардамы менен даярдайм. Ооба, караңгы болот, бизден башка эч ким жок. Бирок коркпойм, ата-энем жанымда.
«Өзүбүз ыйык деп эсептеген иштер менен алекпиз. Үңкүрдөн башка жакта жашагыбыз келбейт».
Жолдошум жана кызым үчөөбүздө башкалардыкындай шарттар жок. Бирок өзүбүзгө ылайыктуу жашоо түзүп алганбыз».
Перизат Музуратбекова,
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"17" жылда кунуго бирден гуалак тогооктоп тизе берген кезбе да бир сарай куруп бутмок.колу буту соо болгондон кийн окмоттон жардам кутпой иште наары.озунчо эле ункур казбай.Боорум ачышпай эле кайра нерв болуп кеттим