Назира Токонова, ырчы: «ЖОЛДОШУМДУ БИРИНЧИ КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ ЖАКТЫРГАМ»

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.


Жагымдуу үнү менен көпчүлүктү суктандырган, комузда созолоно ырдаган Назира Токонова турмуш жолуна узады. Ырчы кызды кайын журту 18-ноябрь күнү кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып үйүнөн алып кетишти.

– Назира, салам. Көшөгөң көгөрсүн, куттуктайбыз.
– Чоң рахмат. Бардыгы Кудайдын буйругу менен деп айтып коюшат го. Мен дагы Кудай буюрган күнү түгөйүмө жолугам деп калчумун. Ошол күн келди. Ата-энелерибиз бир ай мурун жолугуп, той тууралуу сүйлөшүп, кеңешишкен. 18-ноябрда үйгө келип сөйкө салып алып кетишти. Мына бүгүн чоң тоюбуз болот деп чуркап жүрөбүз. Негизи Түпкө келин болдум, бирок кайын журтум көп жылдан бери Балыкчыда турушат. Жолдошум үч бир туугандын улуусу, улуу келинмин.

– Ар бир эле кыздын жүрөгүнө барчу жолду табуу кыйын болуш керек. Жолдошуң эмнеси менен арбап алды?
– Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, бой көтөрбөгөн, анан намыскөй жигит. Эркекте кайсы сапаттар болуш керек деп ойлосом, ошонун баары Уланда бар. Өзү аскер кызматкери. Эмнени сүйлөшпөйлү, талкуулабайлы оюбуз бир чыгат. Кыскасы, жашоого ой жүгүртүүбүз дал келди.

– Экөөңдү табыштырган күнгө кайрылсак...
– Классташ кызым Уланга да, мага да айтпай экөөбүздү тааныштыруу максатында туулган күнүнө чакырыптыр. Ал күн үстүбүздөгү жылдын 1-марты болчу. 1-март атамдын да туулган күнү. Бир радиого эфирге баргам, андан чыккыча классташым көп жолу телефон чалып жибериптир. Трубканы алсам «жылда эле атаңды куттуктайсың, бул жолу менин туулган күнүмө кел» деп суранды. Атам таарынып калат го деп ойлонуп отуруп классташымды кыя албай, туулган күнү өтүп жаткан кафеге кечигип бардым. Улан дагы менин артымдан кечигип келди. Чынын айтсам, ал кирип келгенде эле жактырдым. Кече ортолоп калганда классташым «экөөңөрдү тааныштырып коёюн дегем» деп калды. Ошондо эле жылдызыбыз келишип, эски тааныштардай баарлашууга өтүп алдык.

– Чыгармачылыгыңды колдойбу? Кайсы бир себептер менен ырдабайсың десе макулсуңбу?
– Чыгармачылыгыма бөгөт коюшу мүмкүн эмес. Анткени ал «сенин ишиңди түшүнөм, колдойм» деп айткан. Мен чынында өзүмдү сахнасыз, ырсыз, комузсуз элестете албайм. Бул менин жашоо образым. Башында эле «мен ушундай адаммын» деп айткам.

– Жашооңдун өзгөрүшүнө көнүп калдыңбы?
– Мурун апам «эрте тур» десе укпай уктап жата берчүмүн. Азыр жоопкерчиликти сезип, таң атпай туруп жатам. Турмушка чыга электе катуу толкундангам. Бир жакка баратып ойлонуп кетип, ал жерден өтүп кетип же бир нерсе сатып алганы базарга барып эмне алганы келгенимди унутуп калып дегендей. Азыр толкундоолор азайып өзүмө келип калдым.

– Кызга тиешелүү бардык эле жумуш колуңдан келеби?
– Тамактын түрүн жасайм, оокатка тың элемин деп мактанып кетейинчи. Бирок буга чейин көңүл буруп, үйрөнүшүм керек деп аракет кылбаган бир жумуш бар. Ичеги-карын артмай. Аракет кылсам муну деле үйрөнсөм керек.

– Алдыда кандай максаттар бар? Чыгармачылыгың да аксап калгандай...
– Туура айтасыз, «Өкүнүч» деген ырымдан кийин жаңы ырлардын үстүнөн иштебей токтоп калдым. Турмушка аттануу да адамдын ой-санаасын бөлөт экен. Буюрса, той берип алгандан кийин, чыгармачылыгыма киришип, мыкты чыгармаларды жазуу планымда бар. Албетте, анан көп балалуу болсом деп кыялданып отурам.

– Рахмат маегиңе. Кармашкан колуңар үзүлбөй, бактылуу болгула.

"Түпкө келин болдум. Бирок кайын журтум көп жылдан бери Балыкчыда жашашат экен".

 


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(12)
28.11.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Балпайган Байбиче болуп баатыр эне бол бир жаздыктан чачынар агарсын мукам үндүү Назира Токонова
28.11.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болгула, кайненен жакты.Тусу ийгиден тунулбо деген, кызындай кабыл алсын сени таланттуу айым..
28.11.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болуп, туболугунор туз болсун эч качан кармашкан колунар узулбосун! мындан кийин токтоп калба,ырларын абдан жагат
28.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Майтыфон калбады быйыл той коп болуп, ошондуктан силерге дыктофон
Tyty1990 түзөттү 2017-11-28 12:49:43
28.11.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,)))
02.12.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990,оллтурдун го
28.11.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакыт кушу консун башынарга пачка пачка бала тороп баатыр ата- эне болгула
28.11.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула.
30.11.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайненеси жакшынакай экен, мага жакты)) болочоктогу кайненем да ушундай болсо экен
01.12.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
01.12.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сахнаны унутуп эле жакшы жашагыла! Бактылуулук сахнада эмес.
02.12.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырларын аябай жагат Назира.Бактылуу бол кармашкан колунар эч качан ажырабасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо