БИР БҮРКҮМ. ПУТИН I ДАРАЖАДАГЫ «МАНАС» ОРДЕНИНЕ ТАТЫДЫ...

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматолог адистигиндеги дарыгерлер жетишсиз.
  • Өлкө боюнча аба ырайы 26-27-ноябрда өзгөрүп, жамгыр артынан кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
  • Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.
  • Өлкө боюнча 223 автомектеп бар. Анын 99у атайын текшерүү учурунда эскертүү алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
  • Мамлекеттик салык кызматына 10 айдын ичинде 415 жаран аймактардагы салык жыйноо процессине байланыштуу нааразы болуп кайрылышкан.
  • АКШ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан Кыргыз өлкөсүнө сасык тумоого каршы 105 миң дозадагы бекер вакцина келди.
  • 2017-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 7803 экени белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунан таратышты.
  • Экс-муфтий Чубак Жалиловдун сабактарын, баяндарын YouTube сайтына жүктөп келген «Насаат-Медиа» порталы YouTube компаниясынын күмүш баскычына ээ болду. Бул баскыч 100 миңден ашуун адам жазылган каналга ыйгарылат.
  • Жогоку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов президент Алмазбек Атамбаевге жасаган эмгектери үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү сунуштады.
  • 22-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында көчөгө ташталган ымыркай кыз табылды. Кыздын ата-энеси изделүүдө.
  • Жалал-Абад шаарынын мэри болуп КСДПнын өкүлү, буга чейин шаарды башкарып келген Салайдин Авазов шайланды. Шаардык кеңештеги фракциялардын пикир келишпестигинен улам 1 жылга чукул шаар мэри шайланбай, бюджет бекилбей келген.
  • Президент өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кызматтан бошотту.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо