Инстаграмдагы сулуулардын тиреши. АНЖЕЛИКА VS АЙЖАН

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

АНЖЕЛИКА БАРАКЧАСЫНА АЙЖАНДЫН БОЁНБОГОН СҮРӨТҮН ЖҮКТӨП...

18-ноябрь күнү косметика каражаттарын чыгарган компаниялардын бири Бишкекте жаңы дүкөнүн ачты. Дүкөндүн ачылышына орусиялык популярдуу визажист Гоар Аветисян келип, 4 миңдей көрүүчүнүн алдында бишкектик жаш визажисттерге профессионалдык макияж жасоону үйрөтүп мастер-класс өтүп кеткен. Бул өңдүү окуяларды көз жаздымда калтырбаган ырчы айым Анжелика да жогорудагы кечеге барды. Ырчы айым Инстаграмдагы баракчасына Гоар боёп жаткан модель Айжан Асемованын боёнгонго чейинки сүрөтүн жана видеосун жүктөп көпчүлүктүн талкуусун жаратты. Эске салсак, Айжан Асемова Кыргызстан боюнча Инстаграмда эң көп окурманы бар колдонуучу. Анын баракчасына учурда 700 миңден ашуун адам жазылган. Андан кийинки орунда эле 690 миңден ашуун окурманы менен Анжелика келе жатат. Мындай карасаң эки сулуу кыздын бөлүшө албай турган деле эч нерсеси жоктой, бирок «подписчиктер» үчүн күрөш, Инстаграмдагы лидерликти талашуу боюнча ортолорунда тымызын тирешүү бардай.
Айжандын күйөрмандары «моделдин боёнбогон сүрөтүн Анжелика атайын чыгарды, кадимки аялдар арасында болчу көрө албастык» деп айыпташса, айрымдар «Анжелика сулуу», «жок, Айжан сулуу» деп бири-бири менен талашып, уруша башташты. Анжелика Асемованын макияжы жок сүрөтүн атайын чыгардыбы же өзү айткандай, билбестиктенби ким билсин, бирок эки сулуунун күйөрмандарынын ортосуна от жагылып, алардын ортосундагы чыр аптанын окуясына айланып кеткени бышык.

ГОАР АВЕТИСЯН АЙЖАН АСЕМОВАНЫ КОЛДОДУ
Айжан Асемованын Гоар сулуулаганга чейинки сүрөттөрү Инстаграмда хит болуп, анын дарегине түрдүү күлкүлүү мемдер, шылдыңдар менен коштолгон какшык тамашалар жаады. Гоар Аветисян колдонуучулардын таландысында калган сулуу кызды колдоп өзүнүн баракчасына: «Бүгүн мен боёнткон модель кыз Айжанды колдогум келип турат. Анын боёксуз түшкөн сүрөтү үчүн кемсинтип, жараатын ириңдетип жаткан айрымдар мастер-класстагы эң начар сүрөтүн алып интернетке таратышыптыр. Айжан, сен бүт ракурстан алганда сулуусуң. Жөн гана адамдардын сен аркылуу өзүнүн кемчиликтерин жабууга аракеттенип жатканын түшүнүп кой",- деп пост жазды.

Талкууга алынган окуя боюнча Айжандын оюн билдик:
– Ар бир адамдын өзүнүн ою, көз карашы болот. Мен баарына жакканга кызыкдар эмесмин. Ким эмнени ойлосо ойлой берсин. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө милдеттүү эмесмин,- деп, туура эмес ракурстан тымызын тартылып алынган сүрөттөрү анын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүнө доо келтире албастыгын айтты.

АНЖЕЛИКА АТАЙЫН КЫЛДЫБЫ?
Дарегине жааган сындардан ырчы Анжелика да кур калган жок. Колдонуучулар аны «Инстаграмдагы башкы атаандашын шылдыңдоо үчүн атайын кылды», «өзүн Айжандан сулуу көрсөткүсү келди», «Анжеликанын Инстаграмдагы баракчасын жаптырабыз» деп да жазып чыгышты. Мындай сындарга ырчы жооп кылды:
– Биз жашоодо ар кандайбыз. Кимдир бирөөбүз сүрөттөгүдөй сулуу эмес, анча арык эмес, боюбуз кыскараак болушубуз мүмкүн. Мен атайын чакырылган конок катары барып баары сыяктуу эле сүрөткө, видеого тартып баракчама жүктөдүм. Гоар боёнткон модель тууралуу ойлонгон да жокмун. Алдын ала моделдин боёнтконго чейинки сүрөттөрүн чыгарганга болбойт деп айтып коюшса болмок. Мен сыяктуу эле моделдин боёнбогон жүзүн ал жакта жүргөн 3 миңдей адам көрдү. Менде суроо: эмне үчүн моделге катардагы кызды эмес, белгилүү адамды коюп коюшту? Эртеден бери дарегиме таш жаадырып жаткандарды түшүнбөй турам. Визажисттин моделди боёнтуп жаткандагы сүрөтүн чыгарганым үчүн күнөөлүүмүнбү? Баарыңар мени калп эле "көрө албастык кылып жатат» дебей, мени өз ордуңарга коюп көргүлө дейт элем.
Көп өтпөй ырчы жогорудагы билдирүүсүн Инстаграм баракчасынан өчүрүп салган.

Анжелика интернетке тараткан Айжандын боёнбогон сүрөтү.


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(74)
28.11.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гоардын аккаунтун бергилечи. Бир коруп алайын .гоардын посттторун. Пожалуйста
28.11.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
love.me.again,Goar Avetisyan ушундай болуш керек ,жазсаныз озу чыгат .
28.11.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Негизи Анжеликанын кылганы абдан туура эмес.
Ал килтейген аял, 3 кыздын апасы, копту коргон корогоч,
соз суйлосон оозундун жаап ордуна коет!!!
Анан жаш кызга тенелип кемсинтип, анын суротун салып 20,30 жолу жазган созун ондоп мазактап аттыго.
Сулуу эмес аял жок баары сулуу, озунорду карап жургуло деп ураан кылатко, анан бут тозгону кандай.
Айчуроктун бешигин терметип аткандан кийин Айжанды ары ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 10:41:47
29.11.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
DAKS,кээ бир адамдар бироолорго сойконбой журо албайт бул дагы оору болсо кк бироону кемсинтип мазактагандан ырахат алат
28.11.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Каякты карасан созсуз анжелика
28.11.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Анжелика тажатты!!!
28.11.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
киносун коргон жокмун баары жасалма озун мактаган кино болсо керек тулку
28.11.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика чёрный пиар тоже пиар болуп калдыго
28.11.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Анжеликанын ырын уксам журогум айланат,кадимкидей итиркейди келтирип ырдайт.Бир дагы ырын озумду кыйнасам да акырына чейин уга албайм.Анжелика кулуп жургону менен бироолордун кемчидигин элге жая салган онору бар экен.Гулнур Асанованын кыз узатуу тоюнда Самара каримова,саламат садыковалардын мандайында олтуруп,Самаранын телефон чукулап олтурган жерин инстага чыгарган.Ал суротто самара мурду барбайып,эги каткат болуп,оз курагынан ото эле улуу корунуп калган.
28.11.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Анжелика сен ушунчалык ХХХХХХХ Айчурок эже бекеринен безилдебейт экенда тимеле сен элдин алдында баркын деле калбады эл жийркенип калды сенден жплыгындан
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:52:01
28.11.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Быйылкы жылы эң көп Анжелика чыкты окшойт супер инфого, Кыскасын айтканда лаган тырыктаган жерде Анжелика.
28.11.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ыр талашкан Анжелика,сыр талашкан Анжелика,жыланач тушкон Анжелика,радио Анжелика,гезит бети Анжелика,больницага жата калган Анжелика,той болсо бара калган Анжелика.Утюкту сайсанар да жакында Анжелика деп калат.
28.11.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудайым Анжеликага баарын сулуулукту бакытты берген бирок ХХХХХХХ сыйактуу.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:33:26
28.11.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кузгу,кузгу ким сулуу?-деген мультик
болуп кетиптир го...
28.11.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Здесь Анжелика права
29.11.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжелика айымдын мындай кылганы, акылга сыйбаган иш болуптур. Айчурок Иманалиева экоо урушканда адашып Айчурок эжени туура эмес суйлосо керек деп жургом. Эми оюм озгорду,Анжелика да иш коп экен. Бактылуу болсун кантсе да. Айнанайын бар эле бол.
29.11.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге Асеманы дейт. Озун айтбай койгонго ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 09:27:11
29.11.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айжан чычалаптыр да без макияж куник экенин мойнуна алгандай.Пуст эл сени таразаласын сулуусун или куниксин.Анжеликага капа болуп чыр чыгарсан эле пайда таптынбы.А Анжеликаны эл билет кандай катын экенин каерде болбосун башы чырдан чыкпайт.Озунун энесиндей болгон Айчурок эжеге каяша суйлоп айтышкандан кийин сен чымындай эле корунсон керек.
29.11.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
gulperi.kg,туура
29.11.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын журоктон баары бир
29.11.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика ХХХХХХ озун ото кыйын баалаган катын экен.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 11:45:25
29.11.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aijan asemova ushunchalykpy takyr oksjoboit go boiongon surotuno
29.11.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушу Анжелика жон журбойт экенсин да
29.11.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыздар сырткы келбетти сулуулагандын опдуна,ички дунуйобузду сулуулайлычы биринчи
29.11.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыз жакшына эле экен. Сурот сапатсыз тартылган.
29.11.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжелика куулук кылып дагы эмнени баштадын.Эл алдында жакшы корунуунун ордуна терс пиар издеп эле басып журот турбайсынбы.Айчурок эже сага тенелбей кутулду,эми башкасына оттунбу.Без макияж сен деле коздорун шишип чыктын го откондо."мен ыйлаган жокмун,кирпигими алып койгон болчум"-деп
29.11.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кай жерде Анжелика,ХХХХХХХ ушунчалык ирээнжийм ушул катындан.Эми баары бүтүп ХХХХХХ менен тең ушу кыз калдыбы???
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 15:19:08
29.11.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика калп эле мен эч кимге жагайын деген жокмун деп актанганы жакпайт жагайын дебесе актанбай эле койсун
30.11.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Анжелика чындынында сулуу.
30.11.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле боенбосо башкача болуп калат экен, ужаас беттерине аябай эле шыванып алышат экенда ээ
30.11.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика уят да...озундо дагы бир эмес уч кыз бар..ойлон..
30.11.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика орустун Ольга Бузовасынан айырмасы жок! Нервим кайнайт ушуну кормок тургай уксам!
02.12.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят!
03.12.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,макияждын кудуретин айтсан...)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо