Спорт жылдызы: ДАНИЯР КӨБӨНОВ

№184 12-18 май, 2006-ж.

Кичинекей балбан

"Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, кичинесинен күрөшкө кызыккан баланын жигерин алгач эч ким деле элес алган эмес. Келечекте балбан болуп чыгууну көздөгөн Данияр элге көрүнбөй ээн жерге барып, өз алдынча машыгуусунан жазчу эмес. Өзүнөн улуу балдардан көргөн ыкмаларын кичүүлөр менен тең курбуларына көрсөтүп, өзүн чоң спортчудай элестетчү.
Айылга күрөш боюнча машыктыруучулар байыр албай келип кете бергендиктен, туруктуу машыктыруучуга жолугуу кыйындык жаратат. Антсе да Кудайдын буйругубу, айтор, айылга грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу келет. Аскар Сартовдун келиши менен Данияр спорт чыйырына түшөт. Дал ушул машыктыруучу Даниярдын бала кезден эңсеген максатынын ишке ашышына салым кошот. Буга өзүнүн тырышчаактыгы, жеңишке жетпей калса, намыстанып чыйралган жагы да түрткү болот. Жаңы машыктыруучу шыктуу делген өспүрүмдөрдү бөлүп алып, күчөтүл­гөн тартип менен машыктыра баштайт. Алардын ичинде албетте, Данияр да бар эле. Көп күттүрбөй алгачкы ийгиликтер жарала баштайт.
Райондук, областтык мелдештерде жеңишке жетишкен Даниярдан устаты келечекте чоң спортчу чыгаарынан үмүттөнөт. Өсүп келаткан балдарга билиминин жетишсиз экенин ойлогон машыктыруучу Данияр менен кошо бир нече баланы Бишкекке, республикалык спорт мектебине алып келет. Ошентип, Данияр 9-классынан чыныгы спорттук жашоого аралашат. Ал менен чогуу келген балдардын бир канчасы оор машыгууларга жана тартипке чыдабай кетип да калышат. Чыныгы жигиттик мүнөзү, артка кайтпас курчтугунун натыйжасында Данияр спорт боюнча алдыңкы окуучулардын катарына кошулат. Мындай жетишкендикке Даниярдын бала кездеги кумири Давлет Турлыханов да түрткү болгон.

Жеңишке алгачкы кадамдар

Спорт мектебиндеги машыктыруучу Мамбетов Раатбек Даниярга ишеним көрсөтүп, 1998-жылы Москвада боло турган дүйнөлүк өс­пүр­үмдөр чемпионатына жиберүүнү чечет. Ал үчүн Данияр бир нече сынактан өтүп, Москвага жолдомо ал­ат. 48 килограммдагы жаш балбан турнирде 3-орунга илинет. Бул жеңиш ага спорт дүйнө­сүнүн эшигин кеңири ачат. Ал жактан келген соң, "спорт чебери" наамына татып, спортчулардын тандалма командасына кошулат. Ушундан бир жыл өткөн соң 1999-жылы Данияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 5-орунга илинет. Мындан кийин Данияр көптөгөн ийгиликтерге жетишсе да, өзү­нө канааттана бербейт. Анткени, өзү көксөгөн бийиктикке али жете элек болчу.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо