Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аваз Акимов, ырчы: «АТА-ЭНЕМ ЖЫЛ САЙЫН ҮЙДҮ ОҢДОП, ҮЙЛӨН ДЕГЕНСИП «НАМЁК» КЫЛЫП ЖАТЫШАТ»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында кыргыздын таланттуу ырчы жигити Аваз Акимов төрөлгөн. Көчөнү чаңдата ойногон кичинекей Аваз кандай үйдө чоңойгон, ырчынын үйүндө конокто болдук.

Орозбай Калиев, Аваз Акимовдун атасы: «БАЛДАР ҮЙГӨ КЕЛГЕНДЕ БИЗДЕ МАЙРАМ. СЫНАЛГЫДАН АВАЗДЫН ЫР, КЛИПТЕРИН КӨРҮП СҮЙҮНӨБҮЗ»
– Бул үйдү менин ата-энем алып берген. Өзүмдүн акчама кошуналардан да тыйын-тыпыр кошуп чогултуп, балдарымдын бирөөсү үйрөнүп алсын деп Өзгөндөн бир орус баладан аккордеон сатып алгам. Үйгө алып келсем, апасы «чай-нан жок болуп жатса, аккордеон сатып аласың» деп чуу салган. Анда улуу балам 7-класс, Аваз 1-класс болчу. Байкеси үйрөнөт экен десем, Аваз бир-эки айдын ичинде үйрөнүп алган. Азыр балдарыбыз ар бири өздөрүнүн жумуштары менен жүрүшөт. Үйгө келип калышканда биз үчүн кадимкидей майрам. Сыналгыдан Аваздын ыр, клиптерин көрүп сүйүнөбүз.

Кадича Зулушова, апасы: «АВАЗ ҮЙ ЖУМУШТАРЫНА КЫЗЫКПАЙ, МУЗЫКА ДЕП ЭЛЕ ЧОҢОЙДУ»
– Аваз 4 бир тууган. Эжеси, байкеси, анан иниси бар. Атасы Авазга 1-класста аккордеон алып келип берсе, ал аны бат эле өздөштүрүп алган. 4-класска чейин аккордеонун көтөрүп ар кайсы иш-чараларга катышып жүрдү. Анан Сыймык Бейшекеевдин колунда тарбияланды. Мүнөзү жумшак, мектепти жакшы окуду. Бирок үй жумуштарына жалкоо болчу. Үй жумуштары, мал кароо дегенге кызыкпай, музыка деп эле чоңойду. Азыр Авазга "биринчи орунда үй-бүлө, үйлөн" деп айтып жатабыз.

Бул менин айылым Кызыл-Тоо. Узунунан кеткен ушул жолдо балалыгым өттү. Жайында чаң сапырып ойносок, кышында чана менен муз тээп эле жүрчүбүз.
Кош келиңиздер. Мына ушул үйдө 1990-жылы төрөлүп, чоңойгом. Бул үйдү чоң атам атама сатып берген экен.
Досторум келгенде, жакындарыбыз, туугандар келгенде конок бөлмөгө тосуп алабыз. Ар дайым апамдын дасторкону түрдүү даамдарга толуп турат.
Ата-энемдин бөлмөсү. Бирок мен үйгө келип калганда менин бөлмөмө айланат. Гастролго ырчылар менен келип калганда ушул бөлмөгө түнөп калабыз. Быйыл эле бул бөлмөдө оңдоп-түзөө иштери жасалган. Ата-энем кайра-кайра жасалгалап эле, үйлөн дегенсип «намёк» кылып, тойго даярдык көрүп жатышат.
Короодогу малкана, кичинекей ашкана шаардан үйгө келген сайын көзгө жылуу учурайт. Анткени кичинекей кезимде ушул малкананы мен тазалачумун. Таң эрте тазалабай калсам, байкем урушчу. Үйдүн короосундагы арчалар ошол кезде менин боюм менен тең эле, азыр андан да бийик болуп өсүп калды.
Бул кичинекей бөлмөдө бала кезде Барчынбек деген иним экөөбүз чогуу жатчубуз. Бөлмөдө меш бар эле, иним ошол мештин жанында алаксып калганда мен эшикке досторум менен ойногону кетип калчумун. Барчынбек ээрчип, «Аваз аке» деген бойдон калчу. Азыр муздаткыч, жүк жыйылган бөлмө болуп калган.
Сыналгыны иним экөөбүз апама алып бергенбиз. Анда 2500 сом турса керек эле. Чоң жумуш аткарып койгонсуп, «сыналгыны көрүп жатасыңарбы?» деп сурай берчү элек. Ал кезде бул жалпак сыналгы көзүбүзгө башкача көрүнчү.
Тооккананы дайыма аңдып турчумун. Жумурткаларды издеп таап, эч кимге айтпай кууруп жеп алчу элем. Мына азыр дагы эки жумуртка таап алдым, эми апама алып барып берем.
Кичинекей кезимдеги аккордеон. Эскирди, оңдотуш керек эле. Буюрса, өзүм балалуу болсом ушул аккордеонду белек кылып берем деп ойлоп жүрөм. Бирок азыр деле иштейт. Интернеттеги мен кичинекей кезимде ырдап жаткан видеодо ушул аккордеон менен ырдагам.
Бир туугандар баарыбыз чоңоюп ар кайсы жакта жүрөбүз. Азыр айылдагы үйдө эжемдин баласы ата-энемдин колунда. Бул үйдүн эркеси ушул.


Адилет Керимбек уулу
star@super.kg


Аваз Акимовдун келин алып келчү үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  23 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
05.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Айыл десе атам, апам келет эсиме....
05.12.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кандай жакшы жалан гана жакшы комментарийлер! Жакшы адам болсо ушу да жонокой болгонун корсотуптур молодец!
05.12.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жонокойлугуно баа бердим
SUPER.KG видео
05.12.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чыныгы айылдын турмушу,уйго кетким келип кетти. Жумуртка издеп чуркаганын ))). 3-классында эле ыр жазса баледей турбайсынбы ээ... Ак жолтой,кайын журтка ийкемдуу келин келсин ылайым.
05.12.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Абдан сыйлайм Авазды жонокой, тартиптуу. Бир аз куу болгондо азыркы мен деген ырчылардан ашып отсо керек эле деп ойлоп коем
05.12.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жылдуздуу уй экен
05.12.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай эле жөнөкөй жакшы адам ээ мага аябай жагат
05.12.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзгөнүм көзүмө кандай гана жылуу көрүнөсүн,Аваздын үй бүлөсө өтө жөнөкөй адамдар экен сиздерге бекем ден соолук Авазга ак жоолук каалайм.
05.12.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
ошондо бойдокмун келгиле кыздар шарит этейин дегени турасыңбы!!
05.12.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аваз уялчаактай корунот. Ошондуктан да папулярдуу боло албай жатат бир аз
05.12.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Авазга айтаар элем,Айдана Дакаси такыр жасалма бээкылык Аваз сени бактылуу кылалбайт ал андан коро ыймандуураак чойулган сулуу кыздар коп башкале кыз кара атаэне сыйлап барктай албайт коурунуп туратго!
05.12.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Elitta,Дакаси ))))
08.12.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora,боорду эзес го
07.12.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Elitta,о оба туура айтвсын . Дакан сени бактылуу кылып апандын колунан жумушун албайт го. Андвн коро айылдын сулуусун алсан апан да бактылуу озун да. Даканы алсан салондон чыкпай акчан баары кетет . Артынан журуп каласын шиш така астында былчыйта тебелеп гана коет сени.
08.12.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love.me.again,жардыныз
06.12.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Урматтуу супер инфо Омардын үйлөнүү той анан видео репортаж качан чыгат же макаласын күтөбүз.
06.12.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Карасанар, жонокойлук деп ушуну айтса болот... Озуно окшогон жонокой, оор басырыктуу, уй жайынды ойлогон кыздар туш келсин эми.
06.12.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жонокойлугу абдан жагат. Таланты да озуно жарашкан жигит. Ыймандуу акыл эстуу келин келсе экен. Ата энесин сыйлаган кыз болсо жакшы. Бактылуу боло турган инсан Аваз Акимов
06.12.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жонокой жакшы кишилер экен ата энен кудайым ден соолук берсин тезирээк келиндуу кыл эми
06.12.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Menda korun suyundum,jalan gana jakshy sozdor! Jakwy adamdardy jakshy soz eerchiyt degen ushulda! Menda kop ugam jonokoi, adamgerchiliktuu bala dep, jasalmasy jok jakwy adamdar korunot ata-enesi, azamatsyn! Allahym ozuno okwow jakwy yimanduu jarga tush kylsyn!
06.12.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Аваз эн сонун. Эртерек уйлонуп апандын кооун узаартып озгондуктордун санын кобойт
06.12.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Патриот
07.12.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң соонун эч кандай жасалмалуулугу жок, жөп жөнөкөй экен бактылуу болуңуздар ылайым
07.12.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой жана бактылуу уй було экен. ++
07.12.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу сонун уй булоо экен.Дакани ала корбо.жогорудагы форумчулар туура айтат.Айылдын жонокой сулуусунан эле ал
08.12.2017. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Аваз!Кыргызымдын мыкты жигити!Апары эртерээк келиндуу кыл!
08.12.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз байке ийгилик азаматсыз"Жонокойлук адамдын-жылдызы"-дейт:ушундан жазбаныз
09.12.2017. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жонокой уй-булоо экен куда кааласа ыймандуу келин туш болсун эн сонун айыл жери
09.12.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ырын укпагам бирок интервьюсунан жагып калды
10.12.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ким бул ?
10.12.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан досумдун айылы го.
10.12.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун интервью экен,жонокойлугунон жазба?ата -энене куйо турган сени сыйлайтурган,бит туугандарындын сыйын биринчи орунга койгон келинге туш бол?ар дайым ынтымакта болуп журо бергиле?сенин семянды урматто менен Элзира.
11.12.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен
SUPER.KG видео
20.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуртка издегени кирсе балалыгым эске тушуп кетти, кууруп жеп коем дегени жакты. Белгилуу болсо да жонокойлугун жоготбогон Авазга рахмат. Чыгармачылык ийгилик, ата энесине узак омур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо