Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Урмат, Неля: «ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ ДЕГЕН СТАТУСТУ АЛЫП ЖҮРҮҮ ЧОҢ ЖҮК»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Урмат менен Неля деген ысымды укканда көз алдыбызга жетелешкен жубайлардын портрети тартылат. Көпчүлүк жаш жубайлар карап түздөнчү үлгүлүү түгөйлөр бүгүн биздин маек төрүбүздөн орун алышты.

– Куш келипсиздер. Жакында Неля айымдын туулган күнү жана үйлөнгөнүңүздөргө 9 жыл болот экен. Кош майрамды кандай белгилейин деп жатасыздар?
Неля:
– Мен негизи жылда туулган күнүмдү өзгөчө белгилегенге аракет кылам. Мурун чыгармачыл достор арасында шерине берсек, быйылкы туулган күндө бир туугандар арасында шерине өткөрүп жатабыз. Анан, албетте, Урматтан жылда жагымдуу белек алып турам. Бул жылы да жагымдуу, күтүүсүз белек алсам керек деп күтүп жатам.
Урмат: – Үйлөнгөнүбүзгө да 9 жыл болуп жатат, эми биз чоң эрдик жасаган деле жокпуз деп ойлойм. Балким, эмдиги жылы 10 жыл болсо көкүрөк кагып майрамдаганга татыктуураак болоттур.

– Урмат менен Неля деген ысымды дайыма чогуу угуп көнүп калганбыз. Көпчүлүк жерге сиздерди чогуу чакыра берип жеке чыгармачылыгыңар көмүскөдө калып калган жокпу?
У.:
– Неля экөөбүздүн орток чыгармачылыгыбыз ийгиликке жетип жатса, демек, бул биздин жеке чыгармачылыгыбыздын ийгилиги деп билем. Чыгармачылыкта бир максат коюп ишке ашырып жатканда бизге билинбеген, көмүскөдө жүргөн нерселер айрым учурда бизди ооздуктап, биз ойлогон чекитти ашып түшөт экен. Бул чыгармачылыкта көрүнбөгөн сыйкырлар да. Биздин орток чыгармачылыгыбыз жеке чыгармачылыкка караганда элге жагымдуу болсо керек, ошон үчүн той-кечелерге такай чогуу чакырышат. Ошондуктан биз убактыбыздын басымдуу бөлүгүн орток чыгармачылыкка арнасак деп ойлойбуз.
– Көпчүлүк сиздердин үй-бүлөнү үлгү катары көрөт. Сиздерге үлгүлүү үй-бүлө деген статусту алып жүрүү кыйынбы?
У.:
– Үлгүлүү үй-бүлө деген статусту алып жүрүү, албетте, өтө кыйын. Бул чоң жоопкерчилик, жүк. Ар бир жерден бата, алкыш алган сайын түз тур деп далыңа муштум менен ургандай эле. Кайда жүрбө элдин ишенимине төп келгенге аракет кыласың.

– Учурда экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча талкуулар кызуусунда. Бул маселеге оюңуздар кандай?
Н.:
– Мен толугу менен каршымын. Шеринелерде аяштар арасында тамашалап талкуулап калабыз, бирок бул маселеге олуттуу карап көрө элекмин. Биринчиден, мага жагымсыз. Өзүм бир эле никеде түбөлүктүү, бактылуу карылыкта жашагым келет.
У.: – Экинчи аял алыш үчүн биринчиден, муктаждык болуш керек. Балким, бир нече жылдан кийин бул маселе мыйзамдуу катталышы мүмкүн, бирок азыр эмес. Ал эми кимдин жолдошу экинчи аял алам деп жатса буга себептер бар. Биринчиден, өмүрлүк жары себебин өзүнөн издеш керек. Жолдошуна болгон мээримин, сый-урматын, сүйүүсүн, жакшы мамилесин ак ниетинен арнап турса жүрөгү таш, көзү сокур эле мырза гана экинчи аял алам дебесе. Ошон үчүн бул маселени бир тараптуу карабаш керек.

– Сиздердин муундагы, андан кийинки жылдары чыккан ырчылар деле четинен сыйлык алып жатышат. Неля айым, жолдошуңуз кайсы наамга татыктуу деп ойлойсуз?
Н.:
– Биздин чыгармачылыкта жүргөнүбүзгө 10 жылдан ашты. Урмат аткаруучу гана эмес, обон, текст жазат, сүрөт тартат. Ошол кошумча өнөрлөрүн эске алып сыйлыктардын эң абройлуусун бермекмин. Мен үчүн Урмат Эмгек сиңирген, Эл артисти дагы.
У.: – Азыркы берилип жаткан сыйлыктардан да биринчи иретте элдин сүйүүсү, алкышы жогору экенин бүгүнкү күндө түшүнүп отурабыз. Биз баарына ыраазыбыз, баары убактысы менен келе жатат. Неля «сен сыйлык алсаң мага жетет» дей берет. Мен «жок, экөөбүз чогуу алышыбыз керек» деп такай айтам. Биз маанайыбыз түшүп же капалана турган куракта эмеспиз. Бизге сыйлык алуу эрте.

– Неля айым, үйдө кечке эмне жумуш кыласыз?
Н.:
– Негизи менин күнүм үй жумуштары менен өтөт. Жолдошумду жумушка жиберем, балдарды мектепке, ийримдерге алып барам. Балдарыбыз да азыр чоңоюп өз алдынча болуп калышты. Кээде биз менен чогуу ыр тандашып, өздөрүнүн ойлорун кошуп калышат. Биздин күндө кечки бештен кийин тойго кетерибизди билип, «бүгүн биз ким менен калабыз?» деп сурап турушат. Балдарды караганга кайненем, өзүмдүн апам, кайнежем, бир тууган абысыным жардамдашып турушат.
У.: – Биздин иш графигибиз чынында элдердикинен айырмаланат. Күндө кечки саат бештен кийин тойлорго кетебиз, балдар эрте жатып, мектепке эрте турушат эмеспи. Кээде бизди көрбөй деле калышат. Ошондо «бир күн тойго барбай эле койгулачы» деп балдарыбыз суранган күндөр болот. Биздин эс алуу күндөрүбүз да тескерисинен да. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү бошпуз, ал күндөрү балдарыбыз окуйт дегендей. Бирок ошол күндөрү эс алуу жайларында адамдар азыраак болот.

– Урмат мырза, балдарды тарбиялоодо Неля айымдын жүгү оорураак экен. Бирок атанын тарбиясы деле маанилүү болуш керек?
У.:
– Ата бул сырттагы адам. Атанын сүйүүсү кенен, ал өзүнүн ата-энесин караганга, үй-бүлөсүн кароого алганга, бир туугандарга мээрим бөлүүгө милдеттүү. Ал эми эненики жеке тарбия. Азыр балдарыбыз үчүн Неля жаман, апасы урушат, тыюу салат, уруксат бербейт дегендей. Бирок убакыттын өтүшү менен апасы жумшак, назик көрүнүп, атасынан коркуп калышат. Негизи балдарга атасынын портретин апасы тартып берет. Апасы балдарына атасын кандай сүрөттөп берсе, ошондой кабыл алышат. Мисалы, биздин апабыз «атаң келсе көрөсүң, өлтүрөт сени» десе эле биз атабызды чоң адам элестетип коркуп калчубуз. Эс тартып кенен ой жүгүрткөн куракка жеткичекти эле биз атабыздан коркуп турар элек. Балдар сөзсүз үйдө бирөөдөн коркуп турушу керек деп ойлойм.

– Социалдык тармактагы баракчаңарга жазылган жагымсыз комментарийлерди өчүрүп турасыңарбы?
Н.:
– Менин дарегиме көп деле негатив комментарийлер жазылбайт негизи. Бирок арасында жумурткадан кыр издеген, ичи тар адамдар бар. Ошолордун билдирүүлөрүн өчүргөнгө мажбурмун, анткени ал козгогон теманы андан ары өөрчүткүм келбейт.
У.: – Социалдык тармактагы баракчабыз бул кандайдыр бир деңгээлде биздин жүзүбүз, мүнөзүбүз, портретибиз. Эгер баракчаң каралбай ошол жакта болгон ыпыр-сыпыр сөздөргө, сын-пикирлерге, кайым айтыштарга толо берсе, биздин репутациябызга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан колдон келишинче андай нерселерден арылып туруш керек. Неляга да «талаш-тартыштан алыс жүр, эч ким менен талашпа» деп дайыма айтам.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!


Лунара Бекиева
star@super.kg

(Сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды)


Урмат, Неля: "Үлгүлүү үй-бүлө деген статусту алып жүрүү чоң жүк"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(36)
05.12.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула. Улгулуу уй булолордон болуп журо бергиле.
05.12.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Неля экинчи аял боюнча суроого жакын жолотпойт го ыя)Акырын журуп алып тизгинди эчак колго алып койгон окшойт да:)Негизи сонун тугойлор,ажыраштык,таарыныштык дебеген. Маек да сонун болуптур, чынында улгу алчу тугойлор.
05.12.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
mumu00,Ким еле куйоосун бирого ьергиси келет екен
05.12.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сүрөттөрүндө Голливуд жылдыздары го.Бактылуу болгула.
Edelveis929317 түзөттү 2017-12-05 10:27:18
05.12.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туболук бактылуу болунуздар
Неля айым туура айткан2чи аялга каршымын деп ар бир элэ аял жалгыз гана суйуктуу жубайы болгусу келет.Ийгиликтер гана коштоп журсун сиздерди.
05.12.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки дуйнодо бактылуу болушсун
05.12.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyluu tugoilor koz tiibesin
05.12.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эххх кудай берсин бакыт берсин бак берсин
05.12.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар! Биз да, жаштардын баары сиздердей болуп 5 жыл, 10 жылдыктарды белгилейли!!! Турмуштун ойдо-ылдыйына чыдап!
05.12.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар.
05.12.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонун үй-бүлөө,көз тийбесин,өмүр бою ушинтип ээрчишип жүрө бергиле! Чындап эле үлгүлүү үй бүлөө.Урматтын сөз байлыгы ушунча соонун,жазуучу болсо болмок деп калам,сылык,тарбиясы,билими аябай күчтүү адам.
05.12.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ayabai jonokoi toktoo adamdar ekoo ten baktiluu bolgula
05.12.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урматтын жооптору аябай жакты. Үлгүлүү болуп жүрө бергиле!
05.12.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула
05.12.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын турмушунда ойдо ылдый деле болбойт да.. себеби баары жетиштуу
05.12.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык нерсе эркектен Урмат эстуу жигит Неляда токтоо экоо бирин бири толуктап турушат бактылуу болушсун.
05.12.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baktylyy bolgula
SUPER.KG видео
05.12.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
05.12.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бакыт каалаймын
06.12.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым ийгиликтер коштоп журсун сиздерди,уй - булолук бакыт каалаймын.Урмат байкенин ырларын мактап жакшы ырдайт деп менин атам жакшы коруп укчуу.Урмат байке ата жонундо чыгарманыз болсо ырдап чыгынызчы....
06.12.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суктанаарлык улгулуу уй вы супер
06.12.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
06.12.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неля кыйын ХХХХХХХ ХХХ Урматтын жооптору жакты. Мактаныч,менменсинуу жок,тарбиялуу экени байкалып турат
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-06 17:35:48
06.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоосунун азыркы эле эмес ар дайымкы берген иньтервьюларынан,Урматтын ар дайым ар бир созго терен ойлонуп маанилуу,маныздуу жооп бергенинен ар бир нерсеге олутту караган адам экенин,Нелянын Урматтан соз талашпай,жолдошуна караганда суроолорго аз жана саз жооп берип,СКРОМНО отурганынан "АЯЛ" катары жолдошун бийик койуп,сыйлап турган адамдар экенин байкаса болот. Туболукко бирге жашаган жана ыр_чырынар кочого чыгпаган УЛГУЛУУ уй було бойдон калышынарга тилектешмин.
06.12.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уматтын интерьвюсун биринч окудум аябай тушунуктуу громатный бала экен бактылуу болгула
06.12.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
akonia,Кызыл аттестат,кызыл диплому,алтын медалы бар))
07.12.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХХХХХХ Урамат да акылдуу. ХХХХХХХХХХ Ну урмкт молодец
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-07 15:11:23
07.12.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу жубайлардан болгула.
09.12.2017. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урмат аябай граммотный адам экен. А Неля мумкун болушунча куйоосуно мамилени жакшы кылсам дейт экен молодец бирок. Нелянын уну такыр эле жок ырдабай да койсо болмок
10.12.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ким булар ?
11.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tash-Myltyk,ошолор
10.12.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн соонун уйбуло дегим келет,булардын артынан эч жаман камент калтырганын коро элекмин,дайыма бактылуу болгула,балдарынардын бешенесине аман болгула?
20.12.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тийген эри жарашса кара катын АК болот. Урмат толковый киши болгону учун, Неля да аты чыгып журот. Неляны ХХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-21 10:21:46
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо