КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Шеф, бул баягы го?- жардамчы көзүн алайтып кирип келди.
– Ким баягы?
– Ким эле аты? Арсен болуш керек эле.
– Ооба, ошол.
– Бул эмне?..
– Эч нерсе эмес. Эми биз аны менен иштешебиз. Бала өсүптүр, жетилип калыптыр, иштешсе болот. Бир долбоордун үстүндө чогуу иштемей болдук. Бул боюнча эч кимге ооз ачпа, макулбу?
– ...
– Ооз ачпа эч кимге, түшүндүңбү?!
– Ооба, шеф.
– Бар, ишиңди кыл.
Болуш башын мыкчып иш бөлмөсүндө калды. «Эми эмне кылам? Түз эле милицияга барганда болмок беле? Анда баары бүтмөк. Качан жаза тайып кетер экен деп күткөндөр канча эле? Жеп салышмак. Көзүн тазалаш керек булардын». Чечим чыгарды ичинен. Иш столундагы кнопканы басып сүйлөдү.
– Мага виски алып келгилечи.
Аз өтпөй катчы кыз «Жэк Дэниэлсти» көтөрүп кирди.
– Эч кимди киргизбегиле!- деп буюрду вискини кырдуу стаканга куюп жатып. Жарымдата куюп, бир дем менен жутуп алды. Анан Кубадан алынып келген тамекини түтөттү. Отургучуна чалкалай отуруп, вискиден ууртай берди.
Бир топтон кийин ал кадимкидей мас болуп калды. «Канчык» деди анан бир кезде Бегимайды эстеп. Жини кайнап чыкты. «Баарын ошол кылды. Сатып кетти. Акмак кыз. Мен ал үчүн кылган жакшылыкка ушундай жооп кылды. Жакшылыкты билбеген акмак!» Ордунан туруп теңселип сыртка жөнөдү.
Эшикте шоопуру машинада күтүп туруптур.
– Ачкычты бер!- деди жинденген түрдө.
– Болуш Сардарович...
– Ачкычты бер!
– Мен өзүм эле жеткирейинчи.
– Ачкычты мага!
Шоопурдун айласы кетти. Болуш анын колунан ачкычты жулуп алып, Лексусун жулкунтуп айдап жөнөдү. Катуу ылдамдык менен баратты. Кыйратып деле кеңсесинен алыстай электе алдынан МАИчилер чыкты. Чыр-р. МАИчи алдынан ышкырды. Болуштун токтой турган ою жок болчу. Зуулдаган боюнча өтүп кеткен капкара жол тандабастын артынан чуулдап МАИчилер ээрчип алды.
– Кара Лексус, жолдун четине чыгыңыз!- канткен менен акыркы үлгүдөгү жол тандабасты алдынан чукул токтотконго даабай жатышты. Антип-минткиче Болуш Түштүк магистралындагы элиталуу үйдүн жанына жетип келди.
Караңгылатылган айнектерин бир аз түшүрүп, машинасынын эшиктерин ичинен бекитип алып күтүп турду. Аңгыча кошо келген 2 МАИчи унаанын жанына келишти.
– Ачыңыз.
– Жигиттер, мен масмын. Бирок...- Болуш сөзүн токтотуп караңгылатылган терезенин ачылып турган кичине жеринен 100 долларды таштады. Валюта ойкуп-кайкып жерге түштү.
– Ай, байке, түшүңүз, эмне кылып жатасыз?
– Аа, түшүндүм,- дагы бир 100 доллар алып чыгып терезеден таштады.
– Байке...
– Мына,- дагы бирди ыргытты.
– Документтериңизди карап коёлу.
– Баары жайында, ишенип койгула,- дагы бир акчаны терезенин жылчыгынан түшүрүп жиберди.
– Байке, эми...
– Азыр акыркысы,- бешинчи жүз долларды ыргытты.
– Муну аласыңар да, кетесиңер. Болбосо мен азыр бир кишиге чалам, кур жалак каласыңар. Түшүндүкпү?
– Жакшы калыңыз, байке,- МАИчилер шап-шуп акчаны жыйнашты да, эки жагын элеңдеп карап, жөнөп кетишти. «Баарын сатып алса болот» Болуш жинденип койду.

ххх

– Сиз?
– Ооба, мен. Кимди күттүң эле?
– Эч кимди...
– Мени мынчалык мас кезимде көргөн эмессиң да, ээ? Коркпо.
– Эмнеге коркмок элем,- Бегимай жылмайып койду.
– Кана, тиги орус курбуң?
– Билбейм, телефонуна чалсам өчүк болуп жатат.
– Хм, ал сенин курбуң эмес болчу да, туурабы?
– Түшүнбөдүм?
– Анткорлонбо!- Болуш Бегимайды түртүп жиберди.
– Билесиң баарын. Атайын кылдыңар.
– Таптакыр түшүнгөн жокмун. Сизге эмне болгон?
«Чын эле мунун тиешеси жокпу?» мас болсо да сактыгын жоготпой ойлонуп турду.
– Лиза. Ал эч кандай сенин курбуң эмес болчу. Ал капыстан пайда болду. Сен баарын билесиң. Сен да аралашкансың буга. Калп эле билмексен болуп жатасың!- Болуш жинденип чыкты. Бирок Бегимай бакырайган көздөрүн бат-бат ирмеп алайып гана туруп берди. Баарын айтып салганга даабады. «Чын эле бул кыз эч нерсени билбеген болсочу? Жасаган кылмышымды буга айта бергенден эмне пайда? Бирок мынчалык дал келүү болбойт болчу. Бегимайдын курбусу Арсен деген чөөнүн да таанышы болуп чыгышы мүмкүн эмес. Бул атайын жайылган тор. Бирок... Башкача жол менен чечиш керек. Азыр мен тордомун. Башыма дагы кошул-ташыл балээ үйбөй жөн турганым оң экен» ушуларды ойлоп жетишти ичинен.
– Билип койгун, мага каршы чыкканыңды билчү болсом, башыңды жулам! Түшүндүңбү?
– ...
– Түшүндүңбү?!
– Ооба.
Кайра кыздын көздөрүнө карады. «Чындап эле тиешеси жокпу? Көздөрүндө эч нерсе жок го?» Болуш таң калып койду. Уктоочу бөлмөнү көздөй жөнөдү. Бирок уктай алмак эмес.


ххх


Ошко жеткенче Арсенден да, Санжардан да сөз чыккан жок. Кара Гелендваген ишенимдүү жүрүшү менен күрүлдөп отуруп жолду заматта арбытты.
– Кайда алып барабыз?- Санжар Ошко кирип келгенде үн катты.
– Өзүбүздүкүнө эле.
– Тиги артыбыздан бирөөнү жиберген болсочу?
– Жибербейт. Эми жибере албайт. Бишкектен чыкканча коркуп жаткам. Ошондо жиберсе бир жөн эле. Ал да ойлонот. Бул видео таркап кетчү болсо... Санжар аке, эми ал биздин колдо. Бирөөгө айтса кылмышы ачылат. Биз эми бир кемедебиз. А кеменин капитаны сизсиз.


ххх

Акчаны саунанын жер төлөсүнө жашырылып коюлган сейфке алып барып катышты. Бир бурчунда тизилип турган жашыл акчаларга Болуштан алган акчаны кошкондо сейфтин бир текчеси толо түштү. Бирок экөөнүн тең көңүлдөрү толгон жок. Тескерисинче, санаа көбөйгөндөй.
Бир топко чейин сейфте үйүлгөн акчаны карап отурушту. Булардын алдыда укмуштуудай пландары бар. Бирок жолдору улам кууш тартып баратат.

ххх


Арсен душка кирип сууну агызды. Муздак суу ичиркентип жиберди. Чарчаптыр. Чачырап жаткан майда тамчыларга башын тосуп туруп көзүн жумду. Лиза... Кыздын кекиртеги кызыл канга боёлуп, көзүн ачып жаткан элеси келе түштү. Бул элес эми аны менен түбөлүк жашайт.
«Бүттү баары. Эмне кылып салдым? Эмнеге көкүрөк жеңилдебейт? Уф-ф, артка кайтканга болбой калды. Биротоло жырткыч болуп бүттүм. Ээ, Кудай...» Кудайга кайрылмакчы болду. Бирок көкүрөгүндө эч нерсе калбаптыр. Айтчу сөз да жок. Лиза менен кошо ал өзүндөгү адамдык акыркы сапатын кошо өлтүрүп салган сыяктуу. «Мына, туңгуюк, мен ушуга келаткам. Билип туруп ушуга келаткам» көкүрөгү ачышып чыкты. Чыдоого мүмкүн эмес эле. Ыйлап жиберди. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөйт. Бирок кармана албай койду. Анын үстүнө көзүнөн жаш сызылып, үнүн чыгарып ыйлап баштаганда аз да болсо жеңилдей түшкөнүн сезди. Ого бетер өксүп ыйлады. Өзүнөн мындайды күткөн эмес. Тээ жана Лиза мууздалып жатканда карап турган ашыкча токтоолугу кайда кетти, сыр билгизбей орус кызды көмүп жаткандагы муздактыгы эмне болду? Көрсө күчүнүн барынча өзүнүн эмоцияларын көзөмөлдөп, кармап жаткан экен. Акыры алы жетпей калды, көз жаш менен кошо бардык түпөйүл сезимдерин агызмакчы болду. Бирок көкүрөктө дале куса бар болчу, дагы деле ыза, кек жаткан. Алар кетер бекен? Жоголор бекен?..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(21)
05.12.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ха биринчи
06.12.2017. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Khanbolot98,1сом берип койгулачы
05.12.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Лизанын олгонуно ишенбей аттым эле дагы деле, чын эле олуптур да байкуш Кыз.
05.12.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ото аз чыгарыпсынар.
Окурмандарды мынчалык пасга тепкенинер жарашпайт
05.12.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо Лизаны Арсен союп салдыбы?
05.12.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш десе эми не болооот
05.12.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik-95,менда ушуга тушунбой турам
05.12.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Келгиле чогуу суперден коп-коптон жазышын суранабыз, балким уялып кетип баарын жазып салаттыр мээ саган депчи))
05.12.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ferdews,
05.12.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча аз акыркы күндөрү аз чыгарып атасыңар супер
05.12.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии аз эле го...
05.12.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азго. Ушу интернетке понедельник чыгарсанар абдан соонун болмокго
05.12.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии 1 жума күтүп жарытылуу эч нерсе окуй албадым
05.12.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми 1жума кутмой
05.12.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле абдан аз болуп жатат айнанайындаааар кооооп коооп тон эле жазгылачы бай болгурлар
05.12.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат супер инфо баардык жааматыныздарга бирок чындап эле кичине азыраак болуп калып жатат
06.12.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп коптон жазыныздарчы.
06.12.2017. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото аз чын эле. Озу качан бутот аягын кутотам
06.12.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жылынар менен деп туруп баарын жазып салгылачы,ай караткан текедей кылбай!!!
07.12.2017. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аблан аз кийинкисин куткончо унута тушом.
08.12.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блииин еми не болот Арсен токтотсо болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо