БЕКЕР СЫР КАПКАНДА БОЛОТ ЖЕ КРЕДИТ АЛУУДА ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Бүгүнкү күндө кредит албаган үй-бүлөнү табуу кыйын. Кредитке бирибиз батир, бирибиз унаа алуудабыз. Ал гана эмес, алган насыясына уул үйлөнтүп, кыз узатып той бергендер да жок эмес. Карызды жаба албай күрөөгө коюлган үй-мүлкүнөн кол жууп сыздагандар да бар. Чынында үстөксүз, бекер кредит эч жерде жок. Кредит алууда артында өкүнүп калбоо үчүн эмнелерди эске алуу керек, чогуу таанышып алалы.

1. МАКСАТЫҢЫЗДЫ ТАК АНЫКТАҢЫЗ
Акча бере турган компанияны издөөдөн мурда өзүңүзгө «Чынында эле карыз алуум керекпи, кредиттик каражаттарды жана анын үстөк пайыздарын өз убагында төлөй аламбы? Мүмкүн, акырындап акча топтоо ыңгайлуудур?» деген суроолорду берип, аларга жооп табыңыз. Эгер сурооңузга жооп таба алсаңыз, анда финансы мекемесине баш баксаңыз болот. Ал жактан максатыңызга жараша (унаа, батир, буюм сатып алуу, бизнести өнүктүрүү же күнүмдүк тиричиликке колдонуу) кредиттин түрүн тандай аласыз.

2. АЙЛЫК ЭМГЕК АКЫҢЫЗДЫ ЭСЕПТЕҢИЗ
«Банк же микрокредиттик компания мага ишенип акча берип жатат, аны төлөөгө тапкан акчам жетеби?» деп финансылык абалыңызды баалап, бир айлык тапкан кирешеңизди керектөөлөрүңүзгө (кийим, тамак-аш жана башка) бөлүштүрүп чыгыңыз. Болжол менен айлык акынын 30 пайызын кредитти төлөөгө калтырсаңыз кыйналбайсыз.

3. КРЕДИТТИН МӨӨНӨТҮН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
Кредитти канчалык узак убакытка алсаңыз, ай сайын төлөнүүчү сумма ошончолук аз чыгат. Бирок баштапкы алган суммаңызга көбүрөөк акча кошуп бересиз.

4. КРЕДИТ АЛУУЧУ МЕКЕМЕНИ ТАНДАП, ҮСТӨК ПАЙЫЗДАРДЫ САЛЫШТЫРЫҢЫЗ
Бул максатыңызга жетүүдөгү эң маанилүү этап. Айрым финансылык мекемелерде кошумча комиссиялык төлөмдөрдүн негизинде пайыздык чен арзан болушу мүмкүн. Финансы мекеме ички рынокто 5 жылдан көп иштеген мекемени тандаңыз, тейлөө сапатына көңүл буруңуз.

5. ДОКУМЕНТТЕР ТОПТОМУ
Документтер, күрөөгө коюлуучу мүлк жана сизге кепил болуучу адам кредитке алган сумманын өлчөмүнө карата керектелет. Алган насыяңыз канчалык аз болсо, ошончолук сизге жеңил болот.

• Паспорт
• Айдоочулук күбөлүгүңүз (пенсия китепчеси же чет элдик паспорт)
• Кирешеңизди тастыктаган акыркы 12 айга аныктама (жеке ишкер болсоңуз 12 айлык патенти)
• Эмгек китепчеңиздин көчүрмөсү жана башкалар

Мындан сырткары:

• Күрөөгө коюлчу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк (үй, батир, унаа жана башкалар)
• Сизге кепил болуучу адамдар (алар келишимдеги шарттар менен толук таанышуусу шарт)


6. ВАЛЮТАНЫ ТАНДАҢЫЗ
Чет өлкөнүн валюта курстары өзгөрүлүп тургандыктан (курсу көтөрүлүп кетүүсү мүмкүн), улуттук валютаны тандаганыңыз оң.

7. КРЕДИТТИН ШАРТТАРЫ МЕНЕН ТОЛУК ТААНЫШЫҢЫЗ

  • Түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
  • Келишимдин тексти 12-шрифттен кичине эмес өлчөмдө, бирдей тамга менен жазылышы шарт.
  • Банк кызматкери келишимде көрсөтүлгөн ар бир пунктту сиз тандаган тилде жеткиликтүү, ачык түшүндүрүп берүүсү тийиш.
  • Өзүңүздүн да, кредит берүүчү тараптын да шарт-талаптары менен таанышыңыз.
  • Кредитти төлөө мөөнөтү/даталары;
  • Алган суммага канча кошуп төлөөрүңүздү;
  • Өз убагынан эрте төлөөдөгү көрсөтүлгөн келишимди;
  • Өз убагында төлөй албай калган учурда кандай шарттар каралган, айыптык төлөмдөр, туумдар;
  • Келишимге форс-мажор жагдайларын коштуруңуз. Мында кокусунан кырсыктап калганыңызда же болбосо жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккенде каралчу жеңилдиктер белгилениши шарт.


8. ЮРИСТТЕН СӨЗСҮЗ КЕҢЕШ АЛЫҢЫЗ
Кардар банктан тышкары юристтен кеңеш алса эң жакшы. Эгер кандайдыр бир маселе жаралса, акча каражатын алганга чейин кардар кредит алуудан баш тартууга акылуу.

9. ДҮМҮРЧӨКТӨРДҮ САКТАП КОЮҢУЗ
Чек же дүмүрчөктөрдү чогултуу эки жактын талаш-тартыш учурларында керектелет. Алар тийиштүү төлөмдөр убагында жүргүзүлгөндүгү жөнүндө далил болуп берет.

Кыргызстанда кредит берүүнүн суммасы түрүнө карата 3000 сомдон башталат.
Кредит өз учурунда төлөнбөсө, күрөөгө коюлган нерсе базар баасында аукцион аркылуу сатылып, насыядан калган сумма сизге берилет.
Келишимде көрсөтүлгөн бардык пункттарды так, туура аткарсаңыз кийинки жолу кредит алуу сизге жеңил болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
05.12.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң сонун кеңештер, жакты!
05.12.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Мурдуна карап бышкыр,аркана карап иш кыл"деген соз да кыскасы...
06.12.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мумкун болсо албаганга аракет кылыш керек
10.12.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колунардан келсе кридит албагыла
10.12.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кредит албаган уй було жок дейтго.биз 14 бир тууганбыз эч кимибиз вооще албайбыз кредит Кудай сактасын.Шугурчулук баары бар.
10.12.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mikra,озунор эле бир короо экенсинер анан кредиттин эмне кереги бар силерге. Баарынар бир чогултсанар эле кредиттин суммасы чыгат силерге. Ошентип кезек менен эле чогултуп турсанар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо