НУРПЕРИ ТУРГУНАЛИЕВА КЫТАЙГА ЭМНЕГЕ БАРБАЙ КАЛДЫ?

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Кыргыздын жылдызы, 6 жаштагы бийчи кыз Нурпери Тургуналиева Кытайда өтчү «Х-Фактор» долбооруна аттанмак. Бирок айрым себептерден улам бул нерсе артка жылууда. Нурперинин апасы Наргиза Сулайманова:

– Быйыл Кыргызстанда «Х-Фактор» сынагы өтүп, биз баш байгени алганбыз. Башында «700 миң сом берилет» деп жарыя кылып жатышкан. Кийин аны айтпай эле «Кытайга жолдомо аласыңар» деп калышты. Биз деле сурагандан уялып койдук. «Паспортторуңар даяр болсун» дешкенинен даяр кылып күтүп отурабыз. Сынак октябрда өтмөк экен, барбай калбадыкпы. Уюштуруучулар «виза маселеси чечилбей жатат» деп коюшту. Өткөндө чалып «уят болдук, буюрса, мартта барабыз» деп кайра билдиришти,- дейт.

Долбоордун Кыргызстандагы өкүлү Мирлан Муратов:
– Нурпери эле эмес, дагы 3 баланы Кытай мамлекетине алып бармакпыз. Биздин, Өзбекстандын, Украинанын, Орусиянын катышуучуларына Кытай мамлекетине виза ачылбай калгандыктан, сынак октябрда өтпөй калды. Алар «март айында кабар беребиз» дешти. Сынакка баш байгеге 700 миң сом коюлган эмес. Кытайдагы «Х-Фактор» долбооруна катышууга жолдомо гана каралган.
Бул Нурпери тууралуу бир эле жаңылык эмес, жакында Орусиянын Биринчи каналынан бийчи кыз кайра жарк этип чыгат көрүнөт. Апасынын айтымында, Максим Галкиндин «Лучше всех» берүүсүнөн кийин катышуучулар кайрадан добуш берүүгө коюлуп, 45 баланын ичинен Нурпериге кызыккандар көп болгон. Жеңүүчү катары Нурпери тууралуу документалдык тасма тартылмак болуп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
05.12.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Ачык эле айтсан мирлан. Ким взятка берсе барат деп эле.
Tyty1990 түзөттү 2017-12-05 10:42:29
05.12.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Tyty1990,о туту ушуну туура айттын кообуроок бергенин алып барат го
05.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
sely,ошону айт.
05.12.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде мамлекет тарабынан колдоо жок
05.12.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нурпери Айперинин "Салам Бишкек "передачасына катышкан беруусун тажабай кором кайра кайра ))Ошондо кытайга барсам гран прини утсам,пешеходторду краскалайм дегенин угуп козумо жаш тегеренди эле...Ылайым тилегин орундалсын садага болоюнум ))Бир ширин кыздар ,таланттуу сулуу омурлорун берсин.
07.12.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойунан чыгарып 700мин деп айтпаса керек тообо,кытайга барбасада айткан акчаны беришсе болот,ушундай жаш таланттар Кыргызстандын атын чыгарып жатканда жардам бериштин ордуна кайра тоношот,гран прини утуп келседа мамлекетке 30%толо дештенда тартынышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо