МОДЕЛДЕРДИ ПЕРИШТЕГЕ АЙЛАНТКАН «VICTORIA'S SECRET»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Мырзалардын көзүн кызарткан узун буттуу сулуу кыздар, көз жоосун алган шоу, бий, музыка менен коштолгон «Victoria's Secret'тин» шоулорун көрүп калсаңыз керек. Айымдардын ич кийимин чыгарган бренд көптөгөн сулуу кыздарды миллионер кылып, атактууга айланткан.

АЯЛЫНА ИЧ КИЙИМ ИЗДЕГЕН РОЙ РЕЙМОНД
«Victoria’s Secret» (кыргызча «Викториянын сырлары») – айымдардын ич кийимин чыгарчу ири дүйнөлүк компания. Аталган бренддин негиздөөчүсү Рой Реймонд аялына сюрприз жасоо максатында ага ич кийим сатып алуу үчүн дүкөнгө кирет. Ич кийим сатылчу дүкөндө эркек кишинин жүргөнүн көргөн сатуучулар Рой мырзаны чочуган көздөрү менен карап, уялгандай түр көрсөтүшөт. Келгенине бушайман болгон Рой мырза дүкөндөн куру кол чыгат. Бирок ошондо Рой Реймонд өзү менен революциялык идеялар чогуу чыкканын баамдабаса керек эле.
1977-жылы Сан-Франциско шаарында Рой Реймонд «Victoria’s Secret`тин» алгачкы дүкөнүн ачкан. Мырзалардын бейиш бурчу делген дүкөндөрдө түрдүү фасондогу, кымбат кездемелерден тигилген ич кийимдер сатылчу. 1982-жылы Рой дүкөндөрдү кеңейтүү максатында кошумча 6 дүкөн ачат. Бирок максаты ишке ашпай, банкротко учурайт да,»The Limited» деген аталыш менен кийимдер линиясын чыгарган ишкер Лесли Векснерге 4 миллион долларга сатып жиберет. Лесли Векснер «Victoria’s Secret`тин» брендге айланышына салымын кошкон ишкер. Лесли Векснер компанияны сатып алгандан кийин ич кийимдер өзгөчө табит менен тигилип калган. Айымдардын келбетин сексуалдуу, назик, кооз, романтикалуу көрсөткөн ич кийимдер ар бир айымга эле эмес, анын мырзасына да мыкты маанай тартуулай алчу.

КАНАТЫН ЖАЙГАН ПЕРИШТЕЛЕР ПАЙДА БОЛДУ
1995-жылы компания алгачкы жолу мода көргөзмөсүн уюштурган. 1998-жылы көргөзмөлөр шоу менен коштолуп, супер моделдердин катышуусунда өтө баштайт. Ушул эле жылы жылына бир жолу өтчү шоу интернеттен түз алып көрсөтүлүп, моделдер периштелердей канатын жайган форма кийип чыгышып, «Victoria’s Secret`тин» периштелери» атка конушкан. «Victoria’s Secret`тин» периштеси болуу ар бир модель үчүн сыймык. Алсак, «Victoria’s Secret`тин» «аксакал» моделдери Адриана Лима менен Алессандро Амброссио 20 жылга жакын аталган брендди жарнамалап, тыгыз иштешип келишет. Компаниянын алгачкы «периштелери» Наоми Кэмпбелл, Хайди Клум, Тайра Бэнкс учурда планетанын эң атактуу моделдеринин бири. Ал эми Жизель Бундхен, Миранда Керр, Адриана Лима, Кэндис Свейнпол «Forbes» журналы жүргүзгөн рейтингде эң бай жана таасирдүү айымдардын тизмесинен түшпөй келишет.

ЭҢ КЫМБАТ ИЧ КИЙИМ 15 МИЛЛИОН ДОЛЛАР
– Компаниянын тарыхында эң кымбат ич кийим – 2000-жылы мода көрсөтмөсүндө Жизел Бундхен кийип чыккан ич кийим 15 миллион долларга бааланган. Ал кызыл түстөгү ич кийим топтому 1300гө жакын кымбат баалуу таштардан жасалып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген.
– 2007-жылы 13-ноябрда «Victoria’s Secret`тин» моделдери Голливуддагы «Атактуулар аллеясынан» орун алышкан.
– Компаниянын негиздөөчүсү Рой Реймонд «Victoria’s Secret`ти» саткандан кийин балдар кийимдерин чыгарып, ал ишинен да банкрот болуп, 1993-жылы өз өмүрүнө кол салып каза болгон.
– Ирина Шейк «Victoria’s Secret`тин» шоулоруна катышуу үчүн 3 жолу кастингге келип, өтпөй калган. Модель бала кездеги кыялын орундатып биринчи жолу 2016-жылы аталган бренддин шоусуна кош бойлуу кезинде катышкан.
– Моделдерди тандоодо жашы каралбайт, башкысы, ачык-айрым, харизмасы бар, спорт менен машыккан моделдерди катарына кошот.

ШОУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Орточо эсеп менен компания бир шоу өткөрүү үчүн 12 миллион доллар сарптайт.
– Моделдердин гонорары сыр сакталып келгени менен, бир эле шоу үчүн белгилүү моделдер 100 миң доллар алары айтылат.
– «Victoria's Secret`тин» шоусу теледен берилип жатканда берүүнүн ортосуна жарнама берем дегендер 200 миң доллар төлөшөт.
– 2013-жылга чейин компаниянын көргөзмөлөрү АКШнын аймагында гана болсо, кийинчерээк Европага өткөн. Париж, Лондон шаарларында аталган бренддин шоулору өткөрүлгөн. «Victoria's Secret`тин» кезектеги көргөзмөсү 2017-жылы Кытайдын Шанхай шаарында өттү. Бул бренддин тарыхында эң кымбат шоу катары эсептелди.
– Көргөзмөлөргө билет сатылбайт. Жалаң чакыруу кагазы менен гана көрүүчүлөр катыша алышат.
– Шоуну көргөнү келген конокторго кол телефонго сүрөт, видео тартып, аларды социалдык тармактарга чыгарууга тыюу салынган.

«Victoria's Secret'тин» 2011-жылдагы шоусунда ырчы Адам Левин менен анын ошол кездеги сүйүктүүсү модель Анна Вялицына экөөнүн сахнада эркелешкени көпчүлүктүн эсинде калган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(7)
05.12.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушуну чыгарбай эе койбопсунар
05.12.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
kilim,Bul duinoluk brend, moda, iskusstvo. Mezgilden artta kalbai, pozitivduu maanai menen okup koisok bolot.
05.12.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оха укмуш кымбат ич киймдер
08.12.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообооо
09.12.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maroon 5 суйгонун бетинен ООП койгон двери вообще сонун болгон. Чындыгында же кызык мода шоу ушулардыкы, кулуп бийлеп кыймылы эркин ырчылардын аралашып жургону . Зеригичтуу эмес
09.12.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атырлары да бар го ээ
11.12.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы укмуш го, бирок кийимдери акчасын жараша...........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо