№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен 30-ноябрда Беларуста жолукту. Маалыматка караганда, өлкө башчылары Кыргыз-Казак алакасы, чек арадагы кырдаал тууралуу сүйлөшүшкөн. Ошондой эле Назарбаев Жээнбековду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктап, аны Казакстанга расмий иш сапары менен барууга чакырды. Жолугушуу жыйынтыгында Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөй өкмөттүк деңгээлдеги "жол картанын" негизинде быйыл декабрь айында чечилери айтылды.
Эске салсак, Кыргыз-Казак чек арасындагы текшерүү 10-октябрда күчөтүлгөн. Муну коомчулук Атамбаевдин Назарбаевди сындаганы менен байланыштырып жатышкан. Жээнбеков менен Назарбаевдин жолугушуусу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйынынын алкагында өттү.
Бектур Токтоноев
politika@supеr.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |