№787 1-7-декабрь, 2017-ж.
Мурунку биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кызматтан төмөндөтүлүп, экономика тармагына жооптуу вице-премьер болуп дайындалган. Ошентип 23-ноябрдан бери биринчи вице-премьердин креслосу бош турат. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков аталган кызматка өкмөттүн кайсы бир мүчөсү эмес, Жогорку Кеңештин депутаты келерин ырастаган. Алгач талапкер катары депутаттардын ичинен КСДПнын өкүлү Аалы Карашевдин аты аталып, бирок ал маалыматты төгүндөгөн. Карашев менен катар парламенттеги «Бир бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин ысымы сөз болуп жаткан. Жакында Шадиев «Мага мындай сунуш түшүп, талапкерлигимди коюуга макулдугумду бердим» деп билдирди. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |