№787 1-7-декабрь, 2017-ж.
Автоунааларды техникалык кароодон (техосмотр) өткөрүү талабы кайрадан киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу 29-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «ЕАЭБдин алкагындагы чечимдердин негизинде биз техникалык кароону кайра киргизишибиз керек. Буга милдеттендирилгенбиз жана аны аткарышыбыз керек. Аталган маселени жакынкы айларда карап чыгабыз,- деди Сапар Исаков. Ошондой эле унааларды ар бир жаран өзүнө гана катташы керектигин эскертип, мындан ары ишеним кагазы менен айдоого тыюу салынарын айтты. 
Бектур Токтоноев
politika@supеr.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |