БАБАНОВДУН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНДЕГИ КОМАНДАСЫ БОРТТОН ЫРГЫЙБЫ?

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк тарады. Буга коалициянын курамынан көп мандаты бар КСДПнын чыкканы себеп болду. Коалициялык көпчүлүктүн жана КСДПнын шаардык кеңештеги лидери Алмаз Кененбаев бул кадамын «пландарды ишке ашыруу үчүн коалиция жаңы форматта түзүлүшү керек" деп түшүндүрдү. Ошондой эле ал коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн бардык фракциялар менен сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо былтыр 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум менен бир күндө өткөн. Анда 5 партия, тагыраагы, КСДП, "Республика–Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" жеңишке жетишкен. Коалициялык көпчүлүктү болсо КСДП, "Республика–Ата Журт", "Кыргызстан" курап, "Өнүгүү" менен "Мекеним Кыргызстан" оппозицияда калган. Шаардык кеңештин төрагалыгына Өмүрбек Бабановдун фракциясы болгон «Республика–Ата Журттан» Канатбек Музуралиев шайланган эле. КСДПнын коалицияны уратуудагы максаты шаардык кеңештеги башкаруучу көпчүлүктөн Бабановдун командасын чыгаруу болгону байкалып турат. Алдыда бийликке мактоо айта баштаган Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүүчүлөрү» коалициялык көпчүлүккө кирип, РАЖдын депутаттары оппозицияда калышы мүмкүн.

Бектур Токтоноев
politika@supеr.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо