№787 1-7-декабрь, 2017-ж.
Кемин районундагы Чым-Коргон айылында психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу оорукана жайгашкан. 12 гектар жерди ээлеген аймактагы жүздөгөн оор тагдырга кабылгандардын жашоосу менен тааныштырабыз.
«БЕЙТАПТАР КҮЗӨТЧҮЛӨРГӨ КОЛ САЛЫП КАЧЫП КЕТКЕН УЧУРЛАР БОЛГОН»
– 9 бөлүмдүн үчөөсүндө эркектер, үчөөсүндө аялдар, бирөөсүндө мажбурлоо түрүндө дарылангандар жатат. Ошондой эле 1 соматопсихиатриялык, 1 кургак учук менен ооругандардын бөлүмү бар. Ар ким оорусунун абалына жараша 3 ай дарыланып кайра үйүнө чыгат же жылдап бизде калат. Көпчүлүгүнүн кулагына үндөр угулат, ошол үн буйрук кылганды аткаруу үчүн бирөөгө кол салып же суицидге барганга аракет жасашат. 2009-жылга чейин ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кайтарышчу. Ошол жылы 4 бейтап күзөтчүлөргө кол салып качып кеткен. Ал окуядан кийин ИИМ кызматкерлерин бөлбөй койгон. Анткени бул ишке ЖАМК жооптуу экен. Бул маселе ошондон бери чечиле элек. Өзүбүздүн санитарлар күзөткө турушат.
– 1991-жылдан бери ушул жакта иштейм. Ар кандай тагдырларды көрдүм. Жакшы жумушта иштеп, ийгилик жаратып жүрүп мындай ооруга кабылгандар бар. Бир бейтап учурунда университетте мугалим болуп иштеген, техника илимдеринин кандидаты.
Бул айыптоолорго оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева орун басары жана башкы эсепчиси менен бирге жооп берди:
Дары, тамак-аш, кийимдер тууралуу
– Мунун баары болбогон сөздөр. Мындайлар болушу мүмкүн эмес. Дарылардын баары катталат. Башкы медайым врачтын көрсөтмөсү менен гана дарыларды коё берет. Үйгө ташуу эч убакта болгон эмес. Атайын психикалык оорулуулар үчүн болгон дарыларды үйгө алып барып эмне кылабыз? Бизден кайра аларды ким алат? Жардамга кийимдер келбей калган. 2 жыл мурда чиркөөдөн сасыган, эски кийимдер келчү. Аларды жууп, тазалап каралашары жокторго, селсаяктарга берчүбүз. Тамак меню менен берилет. Аны комиссия текшерет. Азык-түлүк түшкөндө да комиссия кабыл алат. Кайсы жерде сыр, каймак-май, эт, жумуртка менен тамак берилет?
Бейтаптарга мамиле тууралуу
– Оорулуулар жакшы каралбаса, өлүм азайбайт болчу. Биздин көрсөткүчтөр жылдан жылга жакшырып жатат. Бейтаптарга жакшы шарттарды түзүп берүүдөбүз.
Ал эми мал бактырсак баары эле койчу, малчы болуп кетишпейт беле. Өздөрүн араң карап жатышса, мага кантип жумуш кылып беришет, билбейм. Кол көтөргөн болсок ар бир бөлүмдө ящиктер бар. Ал жакка сунуш, талаптарын, нааразычылыктарын жаза алышат. Андан тышкары ар бир бөлүмдө башкы врачтын, орун басардын, прокуратура, аймактык тескөөчүнүн телефон номерлери илинип турат. Ар бир бейтап чала алат. Бизди текшергендер көп. Мисалы, мамлекеттик эмес уюмдар бизден сурабай эле каалаган оорулууну өзүнчө чакырып алып маектеше алат. Бир жерге камап нааразычылыгын айттырбай коюп жатсак, аны деле таап чыгышмак да.
Чоңдун кызы каалагандай эс алып келет дептир, ал ким экенин, кайсы врачтан дарыланганын айтышсын. Менин учурумда андай нерсе болгон эмес. Мындай жолдорго барып башым экөө эмес. Ушул жерден үй-бүлөмдү багып иштеп жатам, мен да тынч укташым керек.
Жинди эместер кантип жаткырылат?
– Бизге оорулуулар багыттама менен келишет. Жинди эмес адамды кандай негиз менен жаткырабыз? Ооруканага бейтаптын макулдугу менен гана кабыл алынат. Эгерде ал макулдук бере албаган түрдө ооруп жаткан болсо, 72 сааттын ичинде изилдеп көрөбүз. Оорулуу эмес болсо чыгарабыз, оорулуу болсо сот аркылуу улантабыз. Биз мыйзамдуу иштейбиз. Кимдир бирөөнүн оорусу тууралуу туура эмес жыйынтык чыгарып берсек, бизге да мыйзам түрүндө чара колдонулат. Анын бизге эмне кереги бар? Жумушубуз да, документтерибиз да юристтердин көзөмөлүндө. Эмгегибиз жөн эле бирөөнүн сөзү менен чийилип калса нааразы болобуз да.
Качкандар тууралуу
Качкандарды тиешелүү органдарга кабар берип кармаганга аракет кылабыз. Акча таштап чыгып кеткидей мен кайтаруу жагында иштебейм. Мен жетекчимин. Качкандар көп эмес, акыркы жолу 2 жыл мурун бирөө катталган. Бул жылы бирөө качты, табыла элек, бирок каттоодо, тиешелүү органдарга билдиргенбиз.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |