Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Жетигенова, куудул, алпаруучу: «ЖАШ МЫРЗАЛАР КӨП ТИЙИШЕТ. Же менин, же алардын уяты жок»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

«Адаттагы мейманыңардан өзгөчөлөнүп эфирге кыргызча келдим» деп, эфирди тамаша менен баштаган куудул жана алпаруучу Назира Жетигенова SUPER.KG порталынын төрүндө болду. Ачык-айрым мүнөзү, тамашалуу жооптору менен 1 сааттан ашык созулган түз эфирибиз соңуна чыкканын байкабай калыптырбыз.

– Ата-энеңиз тууралуу кенен маалымат берсеңиз...
– Ата-энемдин кенжеси болуп калганыма сүйүнөм. Апама тамашалап «мени боюңуздан алдыртпай төрөгөнүңүзгө рахмат» деп келем. Атам Солто 1999-жылы каза болгон. Тилекке каршы, уул-кыздарынын жакшылыгын көрбөй өтүп кеткен. Апам Бермет төрүбүздүн көркү болуп отурат. 1 ай мурда 70 жашын белгиледик эле, оорудум дебей чуркап калды. Анан «өлсөңүз өлтүрөм» деп тамашалап калам. Карыганда таарынчаак болуп калат тура, башында түшүнбөй таарынып калат да, кайра өзү тамаша айтып кирет.

– Жашоосунда бир өзгөрүү болгондо аялзаты биринчи чач жасалгасын өзгөртөт дешет. Сиздин жашооңузда кандай өзгөрүүлөр орун алды?
– Мүнөзүм токтоо боло түштү. Балким, неберелүү болгонум үчүндүр. Бутум сынганда аябай оор басырыктуу болуп калгам, ошондо бир байкебиз «сенин бутуң сынбай эле, тилиң сынган го» деп тамашалаган. Мен депрессияга кабылганда үйдөгү буюм-тайымдардын ордун алмаштырам, колго кир жууйм же чачыма асылам. Боёп, кыркып, акырында бугум чыгып отуруп калам. Ошондой оор учур болуп чачымды кыскарткам. Жакында бет түзүлүшүмө пластикалык операция жасатайын деп жатам. Мурдум учтап койгон карандаштай болуп өзүмө жакпай жүрөт. Анан дагы экинчи ээк менен көздүн алдындагы бырыштан арылуу үчүн операция жасатам.

– Операция жасатуудан корккон жоксузбу?
– Жок. Буга чейин лыжа тебем деп бутумду сындырып алгам. Дарыгерлер ооруну басуучу дарыдан берип, сынган жериме темирди салыш үчүн дрель менен тешкен. Андан башка дагы эки жолу операция болгом. Ошондон кийин коркуу сезими жоголуп кетти. Эң башкысы, эрк керек.

– Неберелериңизди өзүңүз чоңойтуп, тарбия берип келесиз. Сиздеги талант аларда барбы?
– Алар азыр кичинекей. Куудулдук таланттарын байкай элекмин. Менин кичинекей күйөрмандарым, телевизорду карап «азыр апуля чыгат» деп күтүп алышат. Жумуштан келсем «на-ней» деп тосуп алышат. «Баланы жашынан» дегендей, азыртадан ийримдерге жаздырып койдум. Бири гимнаст болсо, бири футболчу болгонун каалап жатам.

– Кыздарыңыз, күйөө балаңыз тууралуу маалымат бериңизчи...
– Улуу кызым турмушка чыгып, 3 балалуу болуп калды. Күйөө балам, неберелерим жана апам менен чогуу жашайбыз. Үйдү ата-энем тургузушуп, мага белек кылышкан. Анан чоң үйдө жалгыз жашамак белем? Күйөө балам ар улуттан, латын, цыган, татар, орус, өзбектен түптөлгөн үй-бүлөнүн баласы. Бирок пайгамбар сыйлаган элпек күйөө балам бар. Мага таттуу неберелеримди жыттатып, сыйын көргөзгөн күйөө балама рахматымды айтам. Ал эми кичүү кызым окуусун аяктап жатат. Аябай жакшы ырдайт, сахнага чыгам деп жүрчү. Болочок күйөө балам ырчы болуусуна каршы окшойт, кызым "окуумду аяктасам, иштейм" деп калыптыр.

– Тойдо кызмат кылган кызыктуубу же эфир алпарган кызыктуубу?
– Эки кызматтан тең ырахат алсаң болот. Тойдо кенен басып жүрөсүң, тамак-аш жейсиң. Ал эми эфирде болсо эч нерсе жебей, түптүз отуруш керек.

– Мындан 2-3 жыл мурда Назира эже тойдо тамада болуп, тойдун аягына чыкпай кетип калган. Азыр тойлорго барганда ошондой катачылыктарды кетирбей калдыңызбы?
– Негизи мен адал алпарам. 10 жылдан бери тамада болуп жүрүп ичкен күндөрүм болгондур, бирок бир дагы тойду аягына чыгарбай кетип калган эмесмин. Кээде бир күндө эки жерге барууга туура келет, ошондо 1-2 саатка окуучуларыма табыштап кетем.

– Дайыр Исмадияров менен «Жеңеке» деген тамашалуу дуэт аткарып чыктыңыздар. Клипти көргөндөн кийин кандай сындарды уктуңуз? Клиптеги образыңызга өзүңүз ыраазы болдуңузбу?
– Дайыр менен 1 жыл чогуу иштешип калдык. Башында элдин токуган жомогуна капаланып жүрүп, кийин көнүп кеттим. Ошол учурда Дайыр келинчеги менен таарынышып жүргөн эле. Кайниси жеңесин жактырып калуу эзелтен болуп келе жаткан көрүнүш, ошону тамашалуу кылып элге алып чыктык эле, Дайыр экөөбүздү жүргүзүп коюшту. Айтып кетейин, Дайыр экөөбүз жүрбөйбүз, жүргүбүз да келбейт. Клиптеги образыма өзүм ыраазы эмесмин. Анткени клипти тартуу иштерине убакыт аз бөлүнүп, сөзүн, обонун да жакшы жаттай элек болчумун.

– «Салам, Кыргызстан!» долбоорунда Гүлжайна Атаканова экөөңүздөр коногуңардын оюн толук жеткизүүгө мүмкүндүк бербей, оозунан сөзүн жулуп кеткениңиздер такыр жакпайт. Бул кемчиликти өзүңүздөр байкайсыздарбы, оңдогонго аракет кыласыздарбы?
– Режиссёрлордон аябай көп эскертүү алчубуз. Анткени сценарийи жок эфир алып баргандыктан, бири-бирибизден сөз талашып калчубуз. Бара-бара кемчилигибизди жоё баштадык.

– Келбетиңизге суктанып отурам, кантип арыктадыңыз?
– Арыктаган, салмак кошкон ар бирибиздин колубузда. «Кол сынса арыктайт, бут сынса семирет» деген чын экен. Бутум сынып, 4 ай төшөктө жатып, толуп кеттим. Кийим кийсем жарашпайт, жыртылат, топчулары атылат. Анан өзүмдү колго алып, диета кармадым, йогага бардым, арыктатуучу каражаттарды колдондум. Бассейнге барып, үй шартында көнүгүүлөрдү жасап баштадым. Эми баарын айтып салбай сыр кылып сактап турайын. Арыктагыңар келсе 200 бирдик салгыла, сырларым менен бөлүшөм (күлүп).

– Эфирлерде, тойлордо чачыңыз бирде кыска, бирде узун болуп жүрөт. Парик кийип аласызбы?
– Кызжибектикиндей деле узун чачым болгон эмес. Чачы сарыларды көрсөм «духовкага салып өрттөп ийдиң беле?» деп тамашалай берип, быйыл өзүм дагы «духовкага салып» алдым. Чачым өзүнүн сапатын жоготуп, сынып, агарып баштаган болчу. Бир күнү салондо тырмагымды жасатып отурсам, жанымда чач кырккан кыздын чач жасалгасы жагып калды. «Мага ушундай кыска чач жарашабы?» десем «билбейм» деп койду. Салондо отургандарга «добуш бергиле» деп, көпчүлүгү "жарашат" дешти эле, ойлонбой туруп кырктырып салгам. Жакшы экен, кааласаң чач коштуруп аласың, кааласаң кыска кылып жүрө бересиң.

– Келбетиңизге эле эмес, тарсылдаган мүнөзүңүзгө суктанып, сүйүүсүн арнаган жигиттер көп болсо керек?
– Бутум сынып үйдө жатсам жуучулар келип калышты. Мен экинчи кызыма келген экен деп «о кокуй, кызым окуусун бүтсүн, шартым жок» дедим. Анан жездем «кызыңа эмес, сага келишиптир» дейт. Колумду сурагандар бар, аларга «я там была, больше не хочу» деп коём. Кээ бирлери чындап эле чочуласа керек, «аркасында апасы, кыздары, күйөө балдары, неберелери да бар экен» деп. Өткөндө апамдын туулган күнүн белгилеп, сөз сүйлөгөнгө кыздар кайын журту менен чыгышса, мен жалгыз болуп калдым. Ошондо жаман болуп кеттим. Тойго Дайыр Исмадияров да барган эле, жаныма келип «жеңе, сиз жалгыз эмессиз, кайниңиз бар» деп сооротуп койду.

– Назираны өзүнөн кичүү мырза жандап жүргөнүн угам. Үй-бүлө курууга даярсыңбы? Сенин кыялыңдагы мырза кандай болуш керек?
– Жанымда окуучу балдарым көп жүрөт, ошондон улам айтышса керек. Чын, өзүмдөн кичүү мырзалар тийишет, аны жашыруунун кажети жок. Өзүм айта берем «азыркы мырзалардын уяты же менин уятым жок» деп. Мен эркектин акчасына, жашына, карысына деле карабайм, мусулман, бойлуу жана чымыр денелүү болсо жетиштүү. Мени бир сөзү менен тыйып, башкара ала турган эркек керек. Калп сүйлөбөгөн, мени чындап сүйгөн, мен да сүйө турган мырзаны издеп жүрөм.

– Эки кызды тарбиялап, тууруна кондурдуңуз. Бирок кыз деген конок, эркек бала төрөп же багып алайын деген оюңуз болгонбу?
– Небере көрө элегимде эки жолу уул багып алайын деп аракет кылдым. Жаңы турмуш куруп, бирок ажырашып жаткан жаш келинге туш болдум. Ал аргасыздан боюндагы баласын алдырам деп жүрүптүр. Ага жардам береримди, баласын төрөсө багып аларымды айттым. Бирок УЗИден кыз экени маалым болду. Ошондо үйдөгүлөр «сен концерт деп үйдө деле болбойсуң, балага мээрим керек» деп каршы болуп коюшту. Тааныштарыма «ушундай кырдаал болуп жатат» деп айткам. Алар болсо кыз бала багып алайын деп жүрүшкөн экен, менден биринчи тартып кетишти.

"Ооган согушуна катышып келген Мурат акенин образы менен чыгып катуу сындарга кабылдым".


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Назира Жетигенова: "Жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасатайын деп жатам, муну жашырбайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
29.11.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандайсыз? Чыгармачылык ийгилик!!! Алина эжеден канча жаш кичуусуз?
SUPER.KG видео
29.11.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин балам экоонун туулган куну бир кун экен,эже таланттуусуз)))
SUPER.KG видео
30.11.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Talantynyzga taazim birok klassikalyk operatsiyanyz awa chapkandykko eje ozunuzle suluusuz.
SUPER.KG видео
30.11.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эже ийгилик сизге!!! Ден соолук жана бакыт каалаймын.Эфир соонун болуптур откондо Мирбектин эфирге келгенин кором деп уктап кала жаздадым
SUPER.KG видео
30.11.2017. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орус ойундагысын кылат цените то что у вас есть и Ещё МАМА это святое не надо так говорить хорошенько подумайте прежде чем шутить
SUPER.KG видео
05.12.2017. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жон эле жашай берсе болбойт бекен э Кудай берген кебетеге шугур кылып арам оюнузда кылам деп жаткан нерсениз Татынакай эле сулуу элесиз ансыз деле
05.12.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өтө эле жалжактап кетет,бир аз аялдай болуп токтоо болсо болмок эми,жаштыгы деле калбады,турмушта кандай экенин билбедим го,сахнадагы образы ашыкча эле жалжаке.
06.12.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aikokul14,турмушта андан да жалжаке.
07.12.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikokul14, мен ошентип ойлоймда
05.12.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дайыр Исмадияровду кошуп коюптур го акырын,кайниниз бар деп)))
05.12.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Stervamyn,Сөздүн астында сөз бар ))
05.12.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
belka,иий логиканар менен силердин))
07.12.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ferdews,укмушсуңар э))))
05.12.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дайырга уй булонду бузба деп акыл айтып койсо болмок чогу гастролдоп журуп албай.
11.12.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uzakova.Z.A,Ошентсе эле угуп калмак беле. Назирадан башкасы деле айткандыр
05.12.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жанагы берки катын экоо алпарган передачада отоле ашыкча кетишет, экоо бир-биринен ашып.
05.12.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Arlenchik,анысыда турушу мн жалжакеда.
06.12.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arlenchik,Айтпа созду да ирети менен суйлошсо дейм да ,бала жакшы алып барат.
06.12.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тартипсиз айымдай сезилет.куудулмун дер эле далактай бергени жакпайт
06.12.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элууго чыгып калыптыр,анан суйууумду издеп журом дегени эмнеси? Кичине токтоорок болбойбу ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-06 17:33:53
06.12.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дайыр капкайдагы бирооно кайни болбой, суйуктуу жар, мээримдуу ата болсо болбойт беле. ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-06 17:34:06
06.12.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каарыганын билсе болмок
07.12.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олсонуз олтуром дегени жактыго, бир аз токтоо болсо соонун жарашмак.
08.12.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжайна экоосу жадататко адамды
09.12.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат аябай мыктыыы айым экенсиз. Кудай ден соолук берсин сизге. Козунузго анан илебинизди ондопсуз байкалып турат. Кыздарыныздын бактысын ачсын. Эрге тийип эмне кылас эрдин кирин жуугуча неберениз чоноюп келин жумшаныз. Аман болунуз.
10.12.2017. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайниси бар бактылуу экен да, акесинин жоктугун билдирбей!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо