Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ МЕНЕН ЖАШАГАНЧА БУЛ ДҮЙНӨДӨН ЖОК БОЛУП КЕТКИМ КЕЛЕТ...»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

«Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити! Сиздердин «Жүрөк сыры» рубрикаңыздарды окуп калып, өз тагдырым тууралуу кат жазууну туура көрдүм. Балким, менин тагдырымды гезит бетинен окуп калышса башка кыздар да туура чечим кабыл алып, ата-энелер да терең ойлонуп калат беле?..» деген кат окурманыбыздан келди.

... Менин атым жашыруун эле болсунчу. Жашым 25те, 2 баланын энесимин. Бир үйдүн эрке кызымын. Апам мен кичинекей кезимде эле атам менен ажырашып кеткен. Апам атамды жоктотпой бизди чоңойтту. Апам жалгыз калат деп өзүбүз жашаган жактагы колледждердин бирине тапшырып окуп калдым. 1-курста окуп жатканда группалаш балам досу менен тааныштырды. Аты Алмаз. Экөөбүз көп узабай кыз-жигит болуп калдык. Алмаз жакшы ой-максатын айтып, үйлөнөлү деп жүргөн кезде башка бирөө ала качып кетти. Таенем «Босогону аттадыңбы, артка чыкпа, болбойт!» деди. Ошентип «таш түшкөн жеринде оор» деп отуруп калдым. Күйөөм башында жакшы эле болчу, бара-бара дос балдары келип көчөгө чыгып ичип келе баштады. Мас болуп алып «сен отурбайм, жигитим бар деп айткансың» деп кишини уктатчу эмес. Айлам канча, аны эптеп уктатып, ыйлап эле калам. Апамдын кан басымы көтөрүлөт деп көп нерсени айтпай жүрдүм. Күйөөмдүн жумушу жок, ичип эле калды. Менин туугандарым жумуш таап берсе кайненем «кредит төлөйм» деп акчасын алып алчу. Бир ирет «базарга барып азык-түлүк алып келиш керек» десем, кайненем 200 сом берип, «ушуга жеткирип алып кел» деп койгону эч эсимден кетпейт. Боюмда бар экенин билип сүйүнсөм, күйөөм ичип келип «сен окууңа кеттим деп жигитиң менен болуп алып, анан менден деп жатасың» дейт. Анда да теңелбейин деп жүрө бердим. Ошентип 9 ай бат эле өтүп, кыздуу болдук. Балким, төрөсөм ичпей калабы десем, кайра күчөдү. Бир жолу дагы мас болуп келип «кет, мен башканы алмакмын, сүйгөнүм бар» деп жатып алды. Ыйлап, кызымды көтөрүп апама кетип калдым. Эне да, апам да түшүнүп «мейли, ажырашып кел" деди. Күйөөм келип «экинчи ичпейм, жарашалы» деп кечирим сурады. Бирок айткандарына ишенген жокмун, кайын журтума кийимдеримди алып кетейин деп бардым. Чыгып баратканда кайненем «көрөм, төркүнүңө канча күн батар экенсиң, эртең эле кайра келесиң» дейт, ага биринчи жолу каяша айттым. «Мен эгер кайтып келсем өлүп эле берейин, экинчи бул үйдүн босогосун аттабайм» деп кетип калдым. Арадан билинбей убакыт өттү, кызым чоңоюп басып калды. Апам бир күнү мени жай сөзгө тартты. «Кызым, мен канча жашайм билбейм, көзүм тирүү кезде турмушка чыгып, кызыңа тууган, эрмек кылып төрө, жалгыз болбосун» деди. «Апа, мен иштейм, үй, машина алам» дедим. Билинбей дагы убакыт өтүп, кызым 6 жашка толду. Бир күнү тааныштар апама «кызыңызды келин кылып алалы дедик эле» деп келген экен, апам «мен макул элемин, кызым менен жолугуп, таанышып көрсүн» дептир. Тигил бала телефон чалды, таанышып, жолугуп да көрдүк. Бирок мага такыр жакпай туруп алды, билбейм, эмнегедир жүрөгүм кабыл албай койду. Ага «жок» деп айтсам да болбой артыман чуркай баштаганда телефон номеримди алмаштырып кутулдум. Бир күнү базардан мурда окуп жүргөндөгү жигитим Алмазга жолуктум. Ал үйлөнүп, 1 баласы бар экен. Өткөн-кеткенди эстеп ыйладым. Алмаз болсо «Сени ала качып кеткенде алып кетейин десем сен жок деп койгондо эмне кыларымды билбей калдым. Анан мастык менен бир кызды кош бойлуу кылып алып, ошого үйлөндүм» дейт. Ошентип коштоштук. 1 жыл өткөндөн кийин кайра тиги жуучу түшүп келген бала келиптир, «алам, сүйөм» деп. Апам да «кой, кызым, антип эркектин көз жашына калба, жаман болот» деп айтып калды. Акыры көндүрүп мени турмушка узатты.
Бирок мен азыр деле күйөөмдү жакшы көрбөйм. Күндөн күнгө жаман көрүп, көргөндө жиним келет. Күйөө катары эркелетип, өзүнө тартып, жылуу сөз айтмай деген жок. 1 жылга жетпей төрөдүм, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Ал келгенде үйдө уруш башталат. Ыйлап, уктабай чыгам. Кандай кылам? Апамды аяп көп нерсени айта албайм. Ушундай күйөө менен жашаганча бул дүйнөдөн жок болуп кетким келет. Аттиң, мен бактылуу боло албай калдым. Кыздарга айтарым, өзүңөр тандаган, сүйгөн балага турмушка чыгып, бактылуу болгула, бирөө тааныштырган адам менен турмуш куруу болбойт...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(34)
05.12.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кааап
05.12.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Куйонузго конул бурбаныз. Озунуз каалаган жумушту жасап балдарыныз учун жашаныз. Эркелетпеген адам омур бою эркелетпейт. Суйлобой койсон соз бутот. Аны жинди катары корунуз да бул жинди ага тенелбейм деп суйлобой коюнуз.
05.12.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Varonin,+++++
05.12.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Varonin,мага минус баскандар силер турмуштун бир нерсесин билесинерби озу? "Куйом менен жашаганча бул дуйнодон жок болуп кетсем " деген создун артында эмнелер жатканын ойлондунарбы? Бул аялдын ар бир куну он кунго тете. Озу жактырбаган уйундо кундо жанжал болгон жерде жашаштын озу кыйын.
05.12.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Varonin,Жинди эрди акылуу эр кылган АЯЛ.Ар дайым аял гана Эркекти акылдуу создору менен,жакшы мунозу,мамилеси менен баласындай эле тарбиялап алыш керек го дейм.Бул жинди деп конул бурбай журо берсе кантип жашоонун жакшы манызын сезмек эле жубайлар.
05.12.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
raikakyz,Аял уйдун куту дегиниз келди окшойт. Оа аял эркекти эр да жер да кыла ала турган кучко ээ. Бирок аялдарды укпаган канчаларган эркектер бар айлананыз карап коруп эле тыянак чыгарсаныз болот. Ошондой эле куйолорун укпаган да аялдар жок эмес
05.12.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Varonin,++++++++×+
07.12.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын райка кыз.Соз отпогон эркек баары бир жакшылыгынды билбейм.Доброту за слабость принимает.Аялды эле куноологон туура эмес.Дээринде бар эркек болсо созго келет.Адамдык сапаты жок эркеке кылган жакшылык элеке суу куйгандай эле.Бир жактан айтсан бир жактан жок.Кыскасы автор.Азыр демократия.Эл эмне дейт деп жашаба журогунду ук!!
05.12.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
raikakyz,сен бир ушу автордукундай куйоо менен жашап анан аялды кунооло ок??? Кором сен алкаш мал эркекти эр кылганынды ошондо
06.12.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
raikakyz, Айтып коюш оной
05.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сизге сабыр берсин
05.12.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
тогорогу топ келген бактылуу айымдар аз эле болсо керек... сыртынан бактылуу корунгону менен баарында эле проблема эмнесин айтасын жашоо тур муш деген ушу экен бактылуулук бул балалык сезим анан жомокто эле болбосо чыныгы жашоодо баардыгы аралаш болот экен. Бул жашоодо озуно гана ишенип озун акча таап эч кимден коз каранды болбой жашасан эле болду башка куйооно же бир тууганына ишенип жашап болбойт
05.12.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Авторго айтарым,сабыр менен жолдошунду жакшы коруп жашашынды Кудайдан тиле,буйруса бактылуу болосун.Бир гана Аллах гана жардам беруучу.Убакыттын отушу менен жолдошунду суйуп каласын Ин ша Аллах.
05.12.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озун бактысыз сезип жашоо кандай гана оор. Айрыкча аял озун бактысыз экенин жашырып туугандарым билбесин деп жашай беребиз. Кудайым сизге сабыр берсин.
05.12.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чу дегенде эле ээрге кыйшык отурган турбайбы!
05.12.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи жактырбаган адамга эмнеге турмушка чыктыңыз же чыккандан кийим күйөөңүзгө имерилип,мээрим төгүп көрбөйт белеңиз.Адам баласы дайым эле сүйүү же жакшы мамиле талап кыла берет бирок биринчи адам өзү сүйүү жана жакшы мамиле арнаш керек,какой привет такой ответ деп коет эмеспи,жашыңыз 25те эле апаңыз эмне мынча шашты турмушка берем деп 40ка чыкканда деле жетишмексиз ага чейин үй жай кылып эч кимге көз каранды болбой өз жашооңузду түзүп алмак экенсиз
05.12.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ала качпагыла жигиттер!
05.12.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Өзүңүзгө молдого барып дем салдырып алсаңыз жеңилдеп каласыз намаз окуңуз күйөөңүздү дааватка чыгарыңыз өзү кир жууп өзү тамак кылып сиздин баркынызды сезет жубайлар ортосундагы Мухабат боло турган дуалар бар ошону үйрөнүңүз
05.12.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afgan312,++++++
06.12.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автор негизи жигитине тийбей калып кийин жолугупсун конечно башка эркек кызыктырбайт жашоого желание болуш керек маймыл менен жашасан дагы, просто жигитинин жаман жагын корбодун идеялный корунуп жататда сага эркектер окшош эркелеткенди уйротуп суйбосонда элдин баары жакшы коруу сезими менен балдары учун жашап жатат автордун ойю жигитине тийиш керек эле башка нерсени ойлоп аракет кыл конул калды жашабайм дебей
06.12.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көңүл калып жашоо кыйын бирок жашоо улана берет.Беш күндүк дүйнөдө азда болсо бактылуу жашаганга аракет жасаңыз.Айдын он беши караңгы болсо,он беши жарык.
06.12.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоонузго айтыныз ар жерден тамактанбай ишенимдуу жерден тамактансын, озунуз да даарат менен тамак кылып берсениз баары он тарапка айланат кудай буюрса.
06.12.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
галдир экенсинда галдиир
06.12.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Автор сага сабыр тилештен башка соз айта албайм,жактырбаган адам менен жашаш, күндө жаңжал,экинчи турмуш,мындай жашоо өтө оор.
07.12.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо бардыгы эле суйуусу менен суйгонуно жетип жашабайт,озундода кичине эркеке болгон мээрим болуш керек,кечке эле Алмазды ойлой бербей балдарындын атасын да ойлоп жакшы мамиледе бол жашоо онолот,жашоону суз откоруп журо берсен куйоон менде конулу жок деп ичет,уруш чыгарат.Ээрим менен жашагычам олгонум артык десен дагы ажырашып,башкага турмушка чыгышын керек,анда баары сени куноолошот.
07.12.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир берилген жашоодо татыктуу жашап отуу баарыбызга бирдей. Жакшы умутту, кыялдарды, жаман нерсеге алдырбайлы. Ошондой эле жигиттер кыздарды ала качпаса. Кыздардын ою, келечекке болгон коз карашы бар эмеспи. Ал нерсенин баары кыздардын кыялында кала бербей, суйуктуу адамы менее бактылуу болушсун.
07.12.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан өкүнүчтүү бирок Сабыр берсин сизге Аллахым!!Аллахым ар кандай сыноо берет экен!бизде чынында эле аял затынын түйшүгү деле турмушу деле оор!Бирок чыдасан женесин деп тилдин учу менен сүйлөп коё беребиз эгерде чынында көңүлүн жок болсо анда жашоо дагы кыйын болуп калат! Сиз бир аз өзгөрүп сырттан келгенде жакшы маанай менен тосуп алыңыз мүмкүн ал сиздин жылуу мамиленизге муктаж болуп ичип аткандыр ( чогуу жашап көрбөгөндөн кийин билбейм) ошондо да болбосо жашабай эле койгон оң болуш керек
08.12.2017. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апан менен атан эмнеге ажырашты экен? Ал жакта да Алмаздар болгонбу? Эртен кызын толук кандуу уй булодо чонойбосо сага окшоп ажырашып кетеби дагы. Эркектер ичет,палан тукун дейсинер аялдар деле периште эмес. Ажырашкан уй булодо кобунчо кайненелер жалгыз болушат, энеси жалгыздыкка конгон. Уйдо атасы жок оскон,эркектер идеально элестетип плат. Негедир ушундай. Тантыратпай оюумду да аралаш жазам берипмин сенсор короче автор ХХХХХХХ жаша.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-08 09:48:13
16.02.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Odik11, туура да туура эмес да. атасы жок оскондор кээ бирлери балдарын толук уй-булоодо чонойтууга аракеттенишет. сен айткандай идеальный эркегинин укмуш кыял кылыктарын которуп женип дегендей
10.12.2017. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин суйуп куйуп тийген эрим мн деле жашоо ошондой,эркектер окшош эле деп калышат го,мен да 3 балам турса да,мындай жашоодон коро олгум эле келип калды
16.02.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suimon302010, сага Аллахым сабыр берсин. Жаман ойго барба, жакшы ниет кылып жаша.
10.12.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Турмуш деген кандай татаал Эркектер кичине тыныраак болгулачы уйбулоону кор кылбай Эркек деген атыбызга татыктуу бололу
20.12.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бактылуулукту насип этсин!! Сабырдуу болунуз!!
08.05.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяныятуу экен. Бирок азыркы кыздардын 80% ти апамын айтканына тием дейт, мен бойдокмун канча кыз мн мамиле кылып королу деп сунуш кылдым бирок кообу эле баарибир апам тапкан жигитке тием деп койду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо