Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ, КУУДУЛ: «КӨҢҮЛҮМӨ ЖАККАН АТ КӨРСӨМ УНААМДЫ АЙЫРБАШТАП ЖИБЕРЕМ»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Унаасынын үлгүсү – Lexus GX 470
Чыккан жылы – 2005-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү – 4700 сантиметр куб
Сатып алган баасы – 25 000 доллар


«АЛГАЧКЫ УНААМ»
– Алгачкы жолу 2000-жылы унаалуу болгом. Анда «Бешилик» театрында иштечүмүн. Жетекчибиз Рахман Разыков керектүү гана нерселериме акча берип, калган эмгек акымды өзү чогултчу. Мага берсе жок кылып жибереримди билет да. Чогултуп жүрүп 1200 доллар колума карматты. Ошол акчама өкүл атамдын агасы Эркин байкеден 14 60 номерлүү Жигули сатып алгам. Ошондогу сүйүнгөнүм алигиче эсимде. Кар катуу жаап жатканына карабай, «үйдөгүлөргө көргөзөм» деп жаныма Рысбек Жантөрөевди салып алып түнү менен борбордон Жалал-Абадга кетип калгам.

«КАНЧА УНАА АЛМАШТЫРГАНЫМДЫ БИЛБЕЙМ»
– Тез-тез машина алмаштырып тургандыктан канчанчысын айдап жүргөнүмдү деле билбей калдым. Айрымдар арзаныраак машина айдап, анан аны сатып кымбатыраагын алып, көп өтпөй андан да кымбатын алып минишет го. Мен андай эмесмин. Lexus айдап жүрүп, кийин көңүлүмө туура келсе, жумуш-шартыма байланыштуу Honda Accord деле сатып ала берем. Бул машинамды айдап жүргөнүмө 8 ай болду. Буюрса, жакында Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа алам, аны бирөөлөр сунуштап жатат. Мен жылкыны жакшы көрөм, бизнес да кылып жиберем. Жакында эле улакка түшкөн бир ат көрүп калдым. Аны ушул машинага айырбашта деп жатам. Көңүлүмө жаккан ат көрсөм машинаны баланчага алдым эле, сенин атың мынча турат деп соодалашпай эле айырбаштай берем. Кимдир бирөөлөр үчүн баасы туура келбеши мүмкүн. «Мунуң туура эмес го, ат арзан, 100 000 сом турат» дегендер көп. Бирок аттын кадырын билген мага окшогондорго баасы бийик.

«МАШИНА АЙДАГАНДЫ 6-КЛАССЫМДА ҮЙРӨНГӨМ»
– Машина сатып аларда бирөө-жарымдын кеңешине муктаж деле эмесмин. Анткени кайсы жери урулган, эмнесинде маселе бар баарын билем. 6-классымдан бери айдап жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Улуу байкем айылдан чыкканда «ме, сен айда» деп машинасын берип койчу. Ошондо машинага катуу кызыгып тетиктерин чачканды да үйрөнүп алгам. Ошондуктан унаа сатып алганы базарга барарда «тандашып койчу» деп эч кимден суранбайм, жөн гана шерик кылып бир досумду ээрчитип алышым мүмкүн. Тааныштардан унаа сатып алган учурларым да болот. Ырымдап Оштогу «Бабур» театрынын мурунку жетекчиси Бактияр байкенин машинасын сатып алгам. Бир топко айдап анан сатам десем, менден Абдылда байке (ред.: Иманкулов) алган.

«АЙДООЧУЛАР БИРИ-БИРИН СЫЙЛАСА ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ»
– Биз аш-тойлорго көп барат эмеспизби. Кээде майрамдап коёбуз дегендей. Андай учурда рулга такыр отурбайм. Бул менин жашоодогу принциптеримдин бири. Такси чакыртам же инилерим келип айдап кетет. Той, концерттерге кечигип шашып калганда эреже бузган учурлар болот. «Эл сыйлаган, эл кызматындагы адамдарсыңар» деп түшүнүп коё берген да, айып төлөгөн да учурлар болот. Бир жолу Оштон жол чырак сары күйүп жатканда өтүп кеттим. МАИ кызматкери токтотуп калды. Учурашсам «чайга таштап кет» деп калды. Чөнтөгүмдү карасам 20 сом бар экен. Колума тийгени ошол болду окшойт. Коштошкончо кол алышып 20 сомду карматтым. Тиги карап туруп «бул 20 сом го» деп жатпайбы. «Ошто чай 10 эле сом» деп кетип калдым.
Негизи жол эрежесин бузбасак жакшы болот эле. Айдоочулар да бири-бирин сыйлашса. Мисалы, Орусияда унаа токтотуучу жайдан чыгып келе жатканыңда жолдо келе жаткан машина токтоп, аны күтүп турат. Бизде да ошондой болсо деп ойлой берем.


«ЖАШ ӨТКӨН САЙЫН ЖАЙЫРААК АЙДАП КАЛАТ ЭКЕНСИҢ»
– Жаш кезде, мындан 7-8 жыл мурун учуруп айдап, жол кургак кезде Жалал-Абаддан Бишкекке 7 саатта кирип келчүмүн. Азыр 9 саатта келем. Жаш өткөн сайын токтолосуң, жол кырсыктарын көрүп сестенесиң дегендей. «Машинаны сен айдап барчы» деп жанымдагы отурган адамга да көп бербейм. Кээде гана жубайыма зарыл учурда берем. Ал өзү деле машина айдаганга кызыкпайт.

«ЖОЛ ЖЭЭГИНДЕГИ БАКТАРДЫ СҮЗҮП ТОКТОДУМ»
– Жакында эле той алып барып Өзгөндөн Жалал-Абадга келе жатып уктап кетиптирмин. Жол жээгиндеги бактарды сүзүп токтодум. Дагы жакшы майда бактар экен. Эч жерим эч нерсе болгон жок. Машинанын оң жактагы фарасы сынды. Коркуп калат экенсиң. Бирок биздин жумуш көп, эки жакка көп чыгабыз, кайра эле рулга отурмай.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(16)
12.12.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч кандай жасалмалуулук, мактанчаактык жок суйлоп бериптир. Бали, бали.
12.12.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошто чай 10 сом эле)))
12.12.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
12.12.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
es albai mashina aidap uktap ketip kancha adamdar omuru menen kosh aitiship jatat dagi jakshi bakti ele suzuptursun
12.12.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кичине мактанып коюпсун брат кайсы акмак 25мин долларлык машинаны 100миндик атка алмашат алмашабыз десе арка жагын чыдабай калса керек
13.12.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Спс Ахалтекинский ат ко
АЯбай эле мактанып коюптур
13.12.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эшеке деле алмаштыраберет бекен? Бир Лексустуу болуп алмакмын)))
14.12.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mentol,olturupdin)))))
13.12.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чектен чыгып кетишет.тобоо.шугур деп жургулочу,ырчы-чоорчулар
13.12.2017. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mentol молодец катырыпсын
13.12.2017. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы патент десе ыйлап чыгышат!
13.12.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Машина байкушту бир мойкага апкирип анан келбептир,же өзү дагы ботала болуп түшпөптүр окшошуп.
14.12.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МАИчини "катырган" экен, чайга сураса туура 20 сом берип...
14.12.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында 25 миндик машина деп мактанып аны бир жуудуруп анан суротко тушпогону озун элди сыйлабаганы го
17.12.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мактаныч жагынан жакшы эле экен.
19.12.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 мин эмес 40...50...мин долларлуу жылкылар бар,туугандар! !! Аны билгендер эле билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо