АЮУЛАР ЭМНЕГЕ КЫШТА УКТАШАТ?

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Силер таң атканда сөзсүз турасыңар, ээ, балдар? Ал эми аюулар кышы менен укташат. Алар күздүн акыркы күндөрүнөн жаз келгенге чейин чээнге кирип таттуу уйкуга кетишет. Анда кантип тамактанышат? Алар кышында тамак да жебейт, суу да ичпейт. Анткени кышында аюулар үчүн тамак табуу оор. Кар жер бетин жаап калгандыктан алар эч нерсе таап жей алышпайт. Бирок жайы менен тамак көп жеп өзүнө май топтошот. Ушунчалык көп тамак жешет десеңер, денесине 15 сантиметрге чейин калыңдыкта май топтолуп калат. Токой падышасы жайында күнүнө 20 миң калорияга чейин топтошот. Суук башталары менен кыштап чыгуу үчүн чээн издешет. Мурунку чээнин тапса кирип алат, болбосо жаңы казат. Чээнинин ичин жылуулап, кышка даярдык көрөт. Көп учурда кайыңдын түбүнөн казганга аракет кылышат. Уктап жатканда мүнөтүнө 5-6 жолу гана дем алат, анткени кышында организми жай иштеп калат. Ошентип алар 6-7 ай укташат.
Аюу таманын ачка болгон үчүн сорбойт, жылыныш үчүн сорот.Кызыгы, кышында кара жана күрөң аюулар гана укташат. Ак аюулар болсо кышында уктабайт. Алар жеген тамагы балык болгондуктан кышында суу ичинен балык кармап жешет.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
13.12.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей кезде ушуларга ишенчи элем. хе хе хе кайран гана балалык кез.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо