№788 8-14-декабрь, 2017-жыл
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виталий Милонов Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилигине 2018-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынан баш тартууну сунуштады. Милонов мындай сунуш менен Казакстан, Беларусь жана БРИКС өлкөлөрүнүн улуттук Олимпиада комитеттерине да кайрылган. Депутат аталган өлкөлөр Олимпиадага катышуудан баш тартып, Орусияга тилектештик билдириши керек дейт. «Орусиянын Олимпиададан четтетилиши саясий мүнөздө болуп жатканын баарыбыз билип турабыз. Бүгүн Орусия болсо, эртең сиздин өлкөңүз мындай кысымга туш болбойт деп ким кепилдик бере алат?»- дейт Милонов. Кыргыз улуттук Олимпиада комитети жана өлкө жетекчилиги бул сунушка пикирин билдире элек.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |