Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бусурманкул Абдибаит уулу, мушкер: «М-1 GLOBAL'ГА ЖЕТТИМ, ЭМИ UFC’НИ МАКСАТ КЫЛАМ»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Жакында эле биринчи жолу Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Орусиянын эрежесиз уруш боюнча М-1 Global уюму менен келишим түздү. Жаңы кадам таштоо алдында спортчу бизге маек курду.

МУШКЕР ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Ош облусу, Чоң-Алай району, Чак айылы
Туулган күнү – 23-февраль, 1993-жыл
Каймана аты – Алайлык
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Машыктыруучусу – Кенжебек Чекиров
Жетишкендиктери – Эрежесиз уруш боюнча «WEF» уюмунун учурдагы чемпиону, грэпплингдин «FILA» версиясы боюнча Дүйнө чемпиону, Кыргыз өлкөсүнүн грэпплинг боюнча 5 жолку чемпиону


– Салам, Бусурманкул. Кыргыз мушкерлеринин ичинен биринчи болуп М-1 Global уюмунун мушкери болушуң менен куттуктайм. Эми бул уюмдун деңгээлине чыгуу канчалык кыйын болгонун айтып берсең.
– Салам, рахмат! Мындан эки ай мурун «М-1 Challenge 83» турниринин алкагында бразилиялык Диего Давелла аттуу мушкер менен кез келгем. Беттештин 2-раундунда каршылашым эрежени бузган. М-1дин эрежеси боюнча мындай кырдаалда кармаш токтотулуп, тең чыгуу менен аяктап, реванштык беттеш болору жарыяланат. Ошентип кайрадан Давелла менен беттешке чыгып, буйрук экен, 1-раунддун 4-мүнөтүндө эле каршылашымды техникалык нокаут менен утууга үлгүрдүм. Бул жеңиштин аркасынан М-1 Global уюмунан иштешүү боюнча сунуш түштү. Өлкөбүздүн атынан биринчи болуп ушундай чоң уюм менен иштешип жатканыма сыймыктанып турам.

– Аталган ири уюмда мушташуу келишиминин негизги шарттары кандай экен?
– Келишим 2 жылга түзүлдү. Бул убакыт аралыгында 6 мушташка чыгам. Талапка ылайык, мен бул уюмдун расмий мушкери болгондуктан, башка уюмдарда мушташууга акым жок болот. 2018-жылдын башында алгачкы атаандашым ким болору, аны менен качан беттешерим белгилүү болот.

– Уюмдар кайсы бир мушкерге көз артса, спортчунун карьералык тарыхын карап, анан сунуш киргизет эмеспи. Учурда сенин көрсөткүчтөрүң кандай?
– Дүйнө мушкерлеринин рейтингинде буга чейин 447-орунда болчумун. Диего менен беттешкенден кийин, дароо 197-орунга көтөрүлдүм. Бул жерде рейтинг канчалык көтөрүлгөн сайын, ири уюмга мүчө болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Ал эми көпчүлүккө маалым болгон дүйнөлүк Sherdog порталында 9 жеңиш, 2 утулуу, 1 тең чыгуу коэффициенти менен Кыргызстандын атынан катталып турам. Бул көрсөткүч менен азыр Вellator, ACB уюмдарына билдирме таштасам болот.

– Эрежесиз эр уруш – жашоо үчүн, ден соолук үчүн кооптуу спорт түрү. Айтсаң, эмнеге ММА`ди тандадың?
– Мен кичинемден эле универсалдуу урушка жакын болчумун. Бир алкакта чектелип калганды жактырбайм. Эрежесиз эр урушта кааласаң көтөрүп чапсаң болот, кааласаң каршылашыңдын колу-бутун кайрыйсың, ыңгайы келсе согосуң, тебесиң... Ушунусу менен кызык. 15 жашымдан тарта грэпплинг менен алектенсем, 2015-жылдан тарта эрежесиз эр уруш менен машыгып, карьерамды WEF’тин алкагында баштагам. ММА – менин жумушум, сүйүүм. Менимче, адам кайсы ишти аткарбасын, ал өзүнө жагышы керек. Мен да ушул ишимдин майын чыгара жасаганга дагы да болсо аракет кыла берем.

– Сенин беттештериңди көрүп, октагондо агрессивдүү экениңди байкадым. Жашоодо мүнөзүң кандай?
– Брюс Линин «Атаандашыңды канчалык ылдам багындырсаң, ошончолук сага жакшы» деп айтканы бар. Анын сыңары беттештерде каршылашка карата бар күчүмдү жумшап, агрессияга алдырып кетем көрүнөт. Негизи мушкерлердин беттеши ушундай кызуу кандуулук менен коштолгону көрүүчүлөргө да, уюмдарга да кызыктуу болот. Бирок жашоодо сабырдуу элемин, ачууга алдырбайм. Мушташтан мурда ыймандын чемпиону болуу керек деген тарбия алгам. Ошондуктан ар дайым жүрүм-турумумду көзөмөлдөп турам. Мени тааныбагандар «орой, сүрдүү көрүнөсүң» деп айтышат. Андай эмес, менин жан дүйнөм баарына ачык.

– Спортчулар адатта сөзгө чоркок келишет. Башкаларга салыштырмалуу сөз байлыгың кенен, өз оюңду жеткире биле алганыңды байкадым.
– ММА бул – спорттун коммерциялык түрү. Мында өз оюңду, максатыңды жеткире сүйлөө, сөз аркылуу элге жагуу маанилүү факторлордун бири. Эл менен пикир алыша албасаң, рейтингиң да ылдыйлашы мүмкүн. Адамдын тили алсыз болсо, жашоодо айрым максаттарга жете албай, кээде тоскоолдуктарга учурап калышы мүмкүн. Биз мушташып эле койбостон, кайсы жерде өзүңдү кандай алып жүрүү, сөз менен элдин жүрөгүн багындыруу, так сүйлөө, тил үйрөнүү сыяктуу нерселер менен да алектенип, өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп турабыз.

– Кыялыңда кайсы белгилүү мушкер менен беттешкиң келет?
– Дүйнөлүк аренада менин салмак категориямдагы, башка салмакта да мен жактырган мушкерлер көп. Алгач UFC’нин деңгээлине жетүүнү максат кылам. Ошол тепкичке чыкканымда ошол жылы дүйнөдө ким номер биринчи болуп жатса, ошону менен беттешким келет.

– Эми алдыдагы пландарың менен бөлүшсөң.
– Буюрса, жаңы кадам таштап, чоң ийгиликтерди багындырам деп турам. М-1 Global – мен үчүн өтө чоң жана жоопкерчиликтүү иш. Ушул уюмдун чемпиондук курун тагынууну максат кылам. Мекендештердин колдоосу мени алга өстүрөт. Кайсы уюм болбосун, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөргөнгө татыктуу болуп, чындап баатыр экенимди далилдөөгө аракет кыла берем.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(12)
12.12.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Алга! Алайлык
12.12.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Делай брат
12.12.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Делай брат
12.12.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спортсмендер чынле созго чоркок келишетго. Менин жолдошум да аз бирок таамай суйлойт
12.12.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат. Желегибизди рингде ар дайымкы беттештериңде көтөр
12.12.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жердешим менен аябай сыймыктанам. Ийгилик сага!
13.12.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
давай иним алга тилек баатыров утулду сенде чон умут
13.12.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-баш алга
13.12.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыл баш ардайым алга
13.12.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бусу аяш укам алга
13.12.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоң Алайдан чыккан Баатыр экенсиң, Азамат максатыңа жет!!!
13.12.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга кыргыз алга. Бусу красавчик Чон Алай сени менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо