КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

Теледен шайлоонун жыйынтыктарын санап жатышты. Болуш кайдыгер көз караш менен гана көз салып отурат. Достору Шаршен менен Аслан тынчсызданып алышкан.
– Сага эмне баары бирби?-  деди бир убакта Аслан чыдабай.
–  Эмнеге?
– Телмирип эле отурасың го...
– Мен бакылдаганда бир нерсе өзгөрөбү?
– Таптакыр эмоциясыз отурганыңа таң калып жатам. Негизи акыркы жума бир кызыктай болуп кеттиң. Түнт тартып баратасың.
– Жакшы эле баары.
– Жакшы эмес! Көрдүңбү жыйынтыктарды, 4-келе жатабыз. Өтпөй калуубуз мүмкүн.
– Өтөбүз, кам санабачы. Берчүсүн бербедик беле.
– Уф-ф, камырабайсың го такыр.
– Менин аялым сага караганда күчтүүрөөк экен, Асаке.
– Ал эмне дегениң?
– Сага салыштырмалуу эмоциясын көзөмөлдөй алат. Билесиңби, Бегимай Магистралдагы батирге көчүп келгенде Аруужан «ии, токолуңду алып келипсиң» деп эле каш серпип койгон. Сен анын ордунда болгонуңда асынып алмак экенсиң,- ары жакта турган Шаршен ыкшып күлүп калды. Болуш сумсайган бойдон турат. Анын күлгөнгө дарманы жок.
Таңга жуук Болуштардын партиясы парламентке 3-болуп өткөнү анык болду. Штабда шаңга толгон майрам башталды. Баары кызып калышты. Бир гана Болуш алда нени күткөндөй сумсайып отурат. Улам телефонун карап коёт. Досторуна кошулуп күүлдөп, ырдап-жыргагысы келип турат, бирок дале түпөйүл ойлор, жоопсуз суроолор арты-артынан келе берди. Башы чыңалып ооруп чыкты. Отургучуна чалкалай отура кетти. Дал ушул учурда телефонуна чалуу келди. Селт этип чочуду. Аруужан экен.
– Алло...
– Жеңиш кут болсун, байым. Мен сага ишенгем. Көп жаша. Балдарыңдын, менин маңдайымда бар бол. Сен бар, биз барбыз. Жакшы көрөбүз сени.
– Рахмат, алтыным,- Болуш мукактанып кетти. Көзүнөн жаш тегеренди. Мына, аны сатпай турган адам! Кайда жүрөт деп санаа тарткан, кандай мүнөзү болбосун көтөрө билген, балам деп, күйөөм деп өзүн садага чаап дайым күйпөлөктөп жүргөн, миң таарынса да жүрөгүнүн түпкүрүндө баары бир аяй берген, чыккынчылыгын кечирип, ызасын ичинде катып, жарынын, үй-бүлөсүнүн аброюн кармап келген, эч нерсеси жок калса да жанында кала турган ушул киши. Калганычы? Калганы Болуштун акчасы үчүн жүргөндөр. Бегимайы баш болуп ошондой. «Байкушум, Аруужаным. Сага чыккынчылык кылган мен акмакты кечир. Кечире көр. Мен жинди турбаймынбы» ичинен сүйлөнүп жатты.

 

ххх

Арсен теледен Болуштун партиясы шайлоодон алдыңкылардын бири болуп келгенин көрүп жатты. Журналисттер алардын штабына барып, алардан маек алып жатышат. Аслан дегени сүйлөп жатат. Артында көпчүлүккө кошулуп Болуш турат. Көзүнүн нуру өчкөн, жүдөгөн Болуш турат.
– Жели чыгып калган го мунун,- жанында отурган Санжар күлүп жиберди.
– Бул башталышы гана,- Арсен суз жооп берди.
Анан телефонун алып Бегимайга чалды.
– Кандай, сулуу?
– Арсен?..
– Ооба. Депутаттын токолу болушуң менен.
– Шылдыңдабачы.
– Ал кандай жүрөт?
– Сен аны эмне кылгансың? Ал дээрлик уктабай калды. Үйдүн ичинде ары-бери эле басып жүрөт. Башын мыкчып отурат. Виски ичет.
– Сага эмне деп жатат?
– Бир нерсени айтайын дейт, айта албайт. Бирок көзү менен жеп койчудай болуп жүрөт. "Атайын кылдың, сатып кеттиң" деп сүйлөнөт.
– А сен билмексенсиң?..
– Мен чын эле билбейм да сенин эмне кылганыңды.
– Туура эле, билмексен болуп жүрө бер. Аз калды, баары жайына келет. Мен жакында барам.

 

ххх

Бегимай менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин 2 күн өткөн соң Арсен Бишкекке келди. Келгенде да түз эле Болуштун кеңсесине келди. Атайылап Гелендвагенин кеңсенин так кире беришине коюп салды.
– Эй, байке...- жигиттин да, анын унаасынын да сүрүнөн айбыккан күзөтчү Арсенге кайрылмак болду.
– Эмне?
– Бул жерге койгонго болбойт да.
– Болуш өзүндөбү?
– Ооба,- Арсен үндөбөй кирип кетти. А күзөтчү анын башчысын атынан атап, текеберленген жигитке эч нерсе дей албай туруп берди. Болуштун иш бөлмөсүн таап кирип келди.
– Өзүндөбү?- катчы кызга кайрылды.
– Ооба. Ким деп айтайын?
– Жок, айтпай эле кой,- Арсен келип эшикти ачмакчы болду.
– Байке, болбойт! Отуруп күтө туруңуз!
– Эмне болду?- коңшу бөлмөдөн баягы жардамчы чыга калды.
– Кандай?- Арсен аны күлүп карады.
– Жакшы. Аа, сен?
– Ооба, мен. Анан, ээ?-  эшикти ачып кирип кетти.
Шуулдап кирип келген Арсенди көрүп Болуш калтырап чыкты.
– Кандайсың, депутат?
– ...
– Күткөн эмессиң го, ээ? Эми антип алайбачы. Эмне болду деги? Ажалыңды көргөндөй болдуң го?
– Эмнеге келдиң?
– Куттуктап коёюн деп. Ордуң, анан жаңы жардамчың кут болсун!
– Кайсы жаңы жардамчы?
– Маңдайыңда турат, Дуулатов Арсен Дуулатович. Түшүндүң да, ээ?
– Сен деген соттолуп чыккан немесиң да.
– Соттолгон эмесмин. Атам үйүн сатып актатып алган. Баса, үй демекчи, үй барбы?
– Эмне үй?
– Сенин айыңдан бир кезде мен үйүмдү жоготком. Толуктап беришиң керек. Карыздарды төлөй турган мезгил келди.
 – ...
– Мына паспорт. Эки сааттын ичинде мага бир үйдү каттатасың. Түшүндүңбү? Мен анан келем.
– Кайдагы үй? Таптакыр кутурган немесиң го сен!
– Бир эле чалуу менен мен сенин шермендеңди чыгарып, түрмөгө отургузуп, жакындарыңды кырып коё алам. Мен тамашалаша турган киши эмесмин.
– Сенин да жакындарың бар, унутпа!
– Эй, кеңкелес!- Арсен Болушту жакасынан алды.
– Менин жакындарым тарапты карап эле койчу болсоң!..  Мен сени үй-бүлөңдүн маңдайында отургузуп алып териңди сыйрыйм. Баса, тиги тасмада сен орус кызды көмүп жатканың да тартылып калыптыр го. Мен атайын кылган жокмун, ишенип кой.
Жоопту күтпөй Арсен паспортун таштап чыгып кетти. Болуш делдейип туруп калды. «Булардан эртерээк кутулбаса болбойт. Бирок кантип? Жанагы тасма чыгып кетпегидей кылып кантип жайласа болот буларды?»

ххх

Жигит Болуштан чыгып эле коңшу турган иш бөлмөгө баш бакты. Жардамчы ордунан тура калды.
– Эмне болду?
Арсен шашпай анын маңдайына келип көзүнө тик карады. Көз алдына баягы окуя тартыла түштү. Жардамчы улам чамынып бир Арсенди, бир атасын тээп жаткан. Кыжырданып чыкты. Тарс эттире жаактан ары муштап жиберди. Тигиниси көмөлөнүп түштү. Арсен эми күүлөнүп алгандай. Жардамчынын үстүнө отурду да, былч-былч эттире бет талаштыра ургулап жиберди. Кийин ордунан туруп, өзөртө бир тепти. Моокуму кана түштү.
– Эмне, Арсенди оңой ойлодуңар беле?- деди костюмун түздөп жатып. «Түбүңөргө жетем» сүйлөнгөн бойдон сыртка чыгып кетти. Катчы кыз элейип карап калды. Жардамчы жерде кан жөткүрүп жаткан...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(27)
12.12.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айбандын айбаны болуп чыкты го,жашабагыр.
12.12.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи :). Арсен ушу Болушту тубуно жетсе экен. Очунду ал Арсен убакыт келди
12.12.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчи болуп калыпмын го :) ;)
12.12.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gul26081997,Кимге?Экинчи?))))
13.12.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asdef,ой биринчи биринчи деп жазышчу эле го, ошого мен дагы бир жолу биринчи болуп коеюн десем менден да биринчиси жазып коюптур да, анан экинчи болуп калыпмын дегем...
12.12.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул жолкусунда Болуштун аялына болгон ыраазычылыгы, жалгыз гана ишеничтуу адам катары эсептеп кечирим сураганы сонун жазылыптыр. Эки же андан коп аял алган эркектерге сабак болчудай
12.12.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сага, ото ото курч, буйур кызыткан жерине келди окшойт.
12.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыза,кек ушуга жеткирди окшойт.
12.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өтө эле аз гө 3 мин окуп бүтүп койдум
12.12.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nuris208,ай ий жаман кыйынсын гоо
12.12.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен азаматсын! Тим эле жыргай туштум. Болуштун да куну буто баштады.
12.12.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен оч алып жаткандай туура кылат дейм го
12.12.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам баласы кечиримдуу болгону жакшы Арсен ашыкча кекчил экен. Лизаны олтургондо жаман коруп кеттим. Корейский Хилер деген сериялды коруп аткандай эле элестетип атам Арсенда хилердей красавчик болсо керек))))
12.12.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягы кайгылуу бутсо керек. Бегимайды эмне кылаар экен.
12.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жагы жомок
12.12.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsen Ak4a Dep Jurup Senin Bawyn Ailanyp A4koz Bolup Baratasyn Napsinerdi Tyigyla Sanjar Ekoon 4ekten Awkandan Awyp Baratasynar Ak4anyn Artynan Jurup Oturup Ajalynardan Murda Oz Ajalynardy Tapasanar Ele Boldu Lizany Olturgongo Kandai Ditin Bardy Sanjar Bir Kezde Saktap Kaldy Ele Al Da Bailyk Biilik Dep Jurup Anyn Da Kozu Ak4adan Bawka E4 Nerse Korboi Kaldy Arsen Mn Sanjar Ekoon Kandai4a Lizany Olumgo Kyia Bildiner Boluwtan Murda Ekoondun Ten Jazanardy Bersin Kudai
12.12.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen Mn Sanjar Tek Gana Lizanyn Suluulugun Ozun Koldongon Ekensiner da Ee Al Silerge Owol U4un Kerek Bolgon Eken Da Keregi Kalbaganda koldonup Koldonup Alyp Myka4ylyk Mn Mustap Saldynar Adamger4ilik Degen Kaida Ak4a Bailyk Biilik Dep Jurup Kozunor Kor Boldu Kudai Bergen Jandy Kudai Ozu Alat Siler Kimsiner Lizanyn Janyn Al4udai Al Dele Silerge Okwop Jakwy Jawagysy kelgen Arsen Sen Bile Bilsen Begimaidyn Da Lizanyn Da Suiusuno Tatyksyzsyn Jetken Mykaa4y Ekensiner Sanjar Ekoonorgo Ten Naalat Olsun
Djka түзөттү 2017-12-12 16:58:26
12.12.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле укмуш кайрылгансынар го Арсенге. Угуп аткансып
12.12.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анык жырткычка айлантты го болуш
12.12.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен олуп калса керек
12.12.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салыну кашык да баары...
12.12.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттын токолу де
12.12.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына жакындап калды баары өлөт болуш керек менимче
13.12.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өөх, бир аз жеңилдеп калдым Арсен Болуштан өч алгандан кийин... Молодец Арсен, жарайсын! Болуш шүмшүк ушуну көрмөк, катынпоз!!!
14.12.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсендин "арааны ачылып эле баратат" бирди көрөт ко!
14.12.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арсен керемди олтуруп койсо болмок. Жамиля на жалко
18.12.2017. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again,Hm Janym Janylyw jerdesin tileke karwy Arsen Jamil9da Atkarbait Jamil9 Menin kyi9lymda Jurot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо