ОМАР: «ДИАНА МЕНИН АТАКТУУЛУГУМА КЫЗЫККАН ЖОК. Көбүнчө мен биринчи жазып, жолугууга умтулуп жаттым»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Мега ырчы, кыздардын көңүл борборунда жүргөн жигит Омар 2-декабрь күнү үйлөнүп бойдокчулуктун каалгасын жапты. «Качан үйлөнөсүң?» деген суроолордон кутулганына сүйүнгөн ырчы келинчегин жетелеп биздин редакцияга кирип келди. Ырчы акыркы жылдары жаштарды ыйманга чакырган чыгармаларга көбүрөөк басым жасап жүрөт. Көрсө, Омар ошол ырларынын мазмунуна төп келген жубай издеп жүргөн тура. Жаңы үйлөнгөн эки жаштын маеги абдан кызыктуу болду.

– Куш бооңор бек болсун, Омар, Диана! Тойду өткөрүп эс ала түштүңөрбү?
Омар:
– Рахмат. Ооба, буюрса, тоюбузду ойдогудай өткөрүп алдык. 450 киши чакырылган, бирок келген коноктордун саны 500гө жакындап кетти. Негизи тойду «скромный» өткөрөм, чакан эле той берем деп жүргөм. Бирок тойго келем дегендердин саны көбөйүп, мен убагында иштешип жүргөн компаниялар өздөрүнүн кызматын арзандатып сунуштап жатышты. Ошондой мүмкүнчүлүк болуп жатса чакан той өткөрө албайт экенсиң. Биз канчалык «скромный» той өткөрөбүз дегенибизге карабай өзүнөн-өзү эле «грандиозный» тойго айланып кетти окшойт. Тоюбуз адал өттү, столго спирт ичимдиктери коюлган жок, ордуна кымыз бердик. Бирок ошол кымызга деле жыргап жүргөндөр болду (күлүп).

– Келинчегиң менен тааныштырып өтсөң.
– Келинчегим Диана, келечектеги медицина кызматкери, учурда 4-курста окуйт. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Агасы, 2 иниси, 2 сиңдиси бар. Атабыз (ред.: кайнатасы) 2 жыл мурун каза болуп калган экен. Диана экөөбүз мындан 8-9 ай мурун таанышканбыз. Негизи сентябрь айында эле үйлөнөбүз деп жатканбыз, бирок мен Казакстанда сынакта жүргөнүмө байланыштуу тоюбузду декабрга жылдырганга туура келди. Бири-бирибизди билүүгө аз эле убакыт жетиштүү болду. Диана менен 2-3 ай сүйлөшкөндө эле ага үйлөнөрүмдү сезгем.

– Диана, Омар белгилүү ырчы, кыз-жигиттик мамилеңерди эч кимге билдирбей сыр тутуп жүрүү кыйын болдубу?
Диана:
– Негизи биз эл катары эле киного барып, эс алуу жайларына барып жүрдүк. Болгону чогуу түшкөн сүрөттөрдү интернетке жүктөгөн жокпуз.

– Экөөңөрдүн кантип таанышып калганыңар окурманга кызык...
Д.:
– Ушул жылдын 29-март күнү бизде, академияда «Золотая середина» болуп өткөн. Ошондо Омар келип ырдады. Биз кыздар менен Омар ырдап жатканда столго келип отуруп алганбыз, калган курсташтар бийлеп жыргап жатышкан. Ошондо кеченин алпаруучусу Кубат Кубанычбеков бийлебей отурган бизге «бул столдогу кыздар Омарды жакшы көрбөгөндөр экен» деп биз жакты көрсөтүп жатпайбы. Анан уялганыбыздан туруп Омардын жанына барганбыз. Кече бүткөндө Омардын менеджери Миргүл Эсеналиева келип «клипке тартыласыңбы?» деп менин телефон номеримди алып кеткен. Ошондон кийин Омар мага жазып, таанышып калганбыз.
О.: – Мен чынында булардын бийлебей отурганын байкаган эмесмин, Кубат айткандан кийин карасам эле биринчи көзүмө Диана урунду. Алгач сырткы келбети жагымдуу көрүнгөн, сүйлөшө келгенде жан дүйнөсү да сулуу экенине ынандым. Динден түшүнүгү кенен, жоолук салынууга ниеттенип жүргөн экен. Биздин апабыз (ред.: кайненеси) 5 маал намаз окуйт. Диананын мага жаккан сапаты – сүрөткө түшөм деп же номеримди сурап өзү биринчи жазган жок. Көбүнчө мен биринчи жазып, мен жолугушкум келип, баарына мен умтулуп жаттым. Атактуулугума кызыккан жок. Сүйлөшкөндө да өзүн токтоо кармап, орундуу сүйлөп, айтор, мага баары жагып жатты.
Д.: – Ооба, Омардын, чынында, ашынган күйөрманы эмес болчумун. Көңүлүмдү бурганы абдан маданияттуу, сылыктыгы болду. Таанышканда да мага сиз деп кайрылып жүрдү. Экөөбүз бири-бирибизге сиз деп сый менен баарлашчубуз.

– Диана, жакында эле жоолук салынып баштаптырсың, бул нерсеге Омардын таасири барбы?
Д.:
– Мен жоолукту август айларынан баштап салына баштагам. Орозого чейин намаз окуп баштадым. Менин жоолук салынганыма Омардын тиешеси жок, тескерисинче, бул «1-2 жыл коё турбайсыңбы, кыздар чач жасап, маникюр жасатат эмеспи, ошондой ырахаттан эрте ажырап калбайсыңбы?» деген.
О.: – Ооба, Диана жаш да, анан адам намаз окуп баштаганда ыйманы көтөрүлүп өзү жоолук салынгысы келип баштайт. Мен «азырынча коё тур, эртеңки күнү жоолукту чечип салбагандай бол» дегем. Ошол жолго өзү келсин дегем. Бирок ошол убакта абдан берилип кетти окшойт, улам эле "жоолук салына берейинчи" деп сурап калган. Жоолук дегенде хиджаб кийип эмес, болгону ачык, кыска кийинбейт.

– Омар Казакстанда сынакта жүргөндө күйөрмандык кылып жаттыңбы?
Д.:
– Ооба, сынакка кетип жатканда узатып, дуба кылып күтүп отурчумун. Телефондон да улам абалын, сынактын жүрүшүн сурап, айтор, болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн баарынан кабардар болуп жаттым. Ошол эфирлерди күтүп көрүп, сүйүнүп, толкундандым.
О.: – Чынында, мен Диананын колун ошол «Silk Way Star» сынагынан сурайын деген максатым бар болчу. Бирок финал жакындап калганда катышуучулар арасында тирешүү күч алып, бир аз негатив көп болуп кетти. Мен Диананын колун сурасам көпчүлүк атаандаштар «Омар шоу жасап жатат» деп ойлойбу деп ал сюрпризимди ишке ашыра албай калдым.

– Анан кандай жагдайда Диананын колун сурадың?
О.:
– 19-ноябрь – туулган күнүмдө колун сурадым. Абдан күтүүсүз болду. Диананы апасы кечинде эч жакка чыгарбайт да. Телефон чалсам Диана «кеч болуп калды, бара албайм» деп койгон. Мен туура түшүнүп, досум экөөбүз кафеге барсак, Миргүл, досторум, Диана жаркылдап мени тосуп алышты. Ошол күнү чөнтөгүмдө шакек бар болчу. Мүмкүнчүлүктү колдонуп ошол эле күнү кафеде Диананын колун сурадым.

Омар: – "Жар-жар" ырын Гүлнур эжекем буга чейин Мирбек Атабековдун тоюнда гана айткан. "Менин тоюмда да "Жар-жар" айтасыз" деп мурдатан эле айтып келчүмүн. Гүлнур эже элечек кийип "Жар-жар" ырдаганда мага Курманжан датка ырдагандай эле сезим калтырды.
"Тоюбузда жаштардын сейилдөөсү болгон жок. Анын ордуна Бишкектеги №71 мектеп-интернатына барып балдардан кабар алып, белектерибизди берип кайттык. Бул жигит мен кароого алган Мирзат деген жигит. Ал да тоюбузга келди".
Диана: – Омардын аяштары, тааныштары бирдей түстө кийиништи. Биздин зал жасалгабыз көгүш түстө болгондуктан, ошол түскө шайкеш болсун дедик. Омар: – Белек катары сахналаш досторум Дубайга, туугандарым Таиландга, биз тоюбузду өткөргөн ресторандын ээси Европага турга эс алууга жолдомо беришти. Эми саякатты Жаңы жылдан кийин баштайбыз го деп ойлоп жатабыз.
"Досум Эрмек убадасына туруп, өмүрүндө биринчи жолу ырдады. Игорь Крутойдун "Мой друг" деген ырын мыкты аткарды".
"Өкүл атабыз Семетей жана өкүл апабыз Нургиза. Алар бизге чейин Нурсултан Майназаров менен келинчегине да өкүл ата, өкүл апа болушкан".
"Үлпөт тоюбуздагы тортту аукциондо досум Мирбек Атабеков 300 долларга сатып алды".



Лунара Бекиева
star@super.kg


Омар: "Келинчегим менин атактуулугума кызыккан жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(53)
12.12.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula! Baardyk adamga buyrusun!
12.12.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
12.12.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, мен ойлойм улгулуу уй булоолордон болушат деп. Анан Казакстандагы сынак тууралуу да соз кылып кетсенер болмок экен бизге кызык болуп жатат.
SUPER.KG видео
12.12.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчеги экоо ээрчишип келип маек курушту деди эле го
12.12.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун эки жаш
12.12.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula!
12.12.2017. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйуунорго суйуу кошуп барабар,оттой ысык болсун дайым аранар,эмки жылы ушул куну каткырып,ортонордо ойноп турсун баланар.....
12.12.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мега ырчы бы??? эмнеси болсо да бактылуу болушсун темтендеп ажырайып кетпей бала чакалуу болуп тен арып тен каарып журо беришсин оомийн
SUPER.KG видео
12.12.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ эмне мынча кыска видеорепортаж?
12.12.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болунуздар. Негизи Омар байке ыймандуу буйруса жакшы жолдош мээримдуу ата болсо керек. Коп кылбойт коп кочолордо тентип начар жолдо журбогондой балага окшобойтго.
12.12.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула.
13.12.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!
13.12.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакытлуу болгула омар байке сизди сыйлаймын
SUPER.KG видео
14.12.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда Омарды ото сыйлайм жакшы бала бактылуу бол
14.12.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
14.12.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар бактылуу болунуздар озун тилегендей кооп балалуу болууну аллахым насип этсин.Мен сиздин адамгерчиликтуу сапатынызды аябай баалайм.
14.12.2017. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула! Кармашкан колунар узулбосун. Омардын адамдык сапаты, ырдаган ырлары жагымдуу. Коз тийбесин. Бар бол!!!
14.12.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуууууу болгула
14.12.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы адамга,жакшы комментарий жазылат.❤❤
15.12.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылууу болгула
15.12.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула
16.12.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө жакшы суйлоптур аябай жакты талкуусу. Ачык даана суйлоптур соз байлыгын да кенен экен бактылуу болгула. Уулду кыздуу болгула. Аябай жакшы соз болуптур Тоодой бакыт каалайм коз тийбесин силерге
16.12.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайбыз!
16.12.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
16.12.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапса жигит турмушта ашык жарын,тартуулайт го табигат асылдарын.Бактылуу болгула!
16.12.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээээх Тайландга барган акчасын мага берсе мен айылда чакан той кылып уйлонуп алмакмын
16.12.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жигиттер биринчи жазып,жолугушууга умтулушса эрдик болуп эсептелеби ээ?
18.12.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун эки жаш))
19.12.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун. Бактылуу болгула.
20.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар менин кумир туткан акем.
Бактылуу болуңуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо