Гүлнур Асанова, ырчы, актриса: «АЖЫРАШКАНДАН КИЙИН СҮЙҮҮСҮН БИЛДИРИП, КОЛУМДУ СУРАГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Адатка айланган SUPER.KG порталынын түз эфиринин кадырлуу мейманы «Мен ашык», «Арман» жана башка муңдуу ырлары, «Карагул ботом», «Күзгү жалбырак» тасмалары аркылуу таанылган ырчы, актриса Гүлнур Асанова болду. Ырчы сыркоолоп калганына карабай түз эфирден келген суроолорго жооп берип, комуздун коштоосунда жандуу үн менен обондорду созуп отурду.

– Саламатсызбы, Гүлнур эже? «Малдын эти сатылат» деп жарнамалап калдыңыз, мал менен бизнес кыласызбы?
– Жок. Менин курсташым малдын этин сатып, ишкердик кылат. Менден курбума жардам болсун деп жарнамалагам.

– Социалдык баракчаңыздан өздөрүнүн азыктарын, каражаттарын жарнамалап бер дегендер болобу?
– Жарнама кылып бер деп кайрылгандар көп. Өзүм колдонуп көрүп, анан жарнамалайм. Бир жолу мындай окуя болгон. Приправа алып, аны жарнамалап койгон элем. Ошондон кийин «ачып кетти, кычып кетти» деп мага асылышкан. Эми ачыса бирөө же экөөсү ачыгандыр. Ошондон кийин сапатына катуу көңүл буруп калдым.

– Эмнеге тасмаларга тартылбай калдыңыз? Мүмкүнчүлүк болсо чет элдик тасмаларга тартылбайсызбы?
– Менин катышуумдагы жаңы тасмаларга жакынкы арада күбө болосуздар. Анда шайыр жеңенин ролун жараттым.

– Эмнеге жаңы чыгарма жазбай калдыңыз?
– Лирикалык «Эмнеге бердиң?» деген жаңы чыгарма жаздым. Бул чыгарма 3 күндүн ичинде жазылды. Азырынча аранжировкасын баштай элекпиз. Жакын арада күбө болосуздар.

– Гүлнур, тасмаларда кайгылуу, турмушу оор ролдорду жаратып келесиң. Ушундай ролдор жагабы?
– Трагедия болгондон кийин анын сценарийи кыйын болот. Чындыгында, андай ролду жаратуу жакпайт. Бул режиссёрдун тандоосу, сунушу. Азыр мындай сунуштардан баш тартып калдым. Себеби жашооңо да таасирин берет экен.

– Чыгармачылыктан тапкан каражатыңыз кымбат баалуу унаага, көп кабаттуу элиталуу үйдөн батир алганга жетеби?
– Өтө деле элиталуу батир эмес. Батирди былтыркы шайлоодогу үгүт концертине чыкканым үчүн бартердик негизде алгам. Батирди жалгыз мен эмес, Динара Акулова, Нурзат Токтосунова эжелер деле алышкан. Эми эл катары эле үй, унаа алууга каражатым жетет.

– Бетиңиздеги меңдер убакыттын өтүшү менен чоңоёбу? Алдырып салууну ойлонбой элесизби?
– Ооба, убакыттын өтүшү менен меңдер чоңоёт экен. Алдырып салайын деп текшерүүдөн өткөм. Дарыгерлер алдыра турган болсом рак клеткаларын козгойт дегенинен бул оюмдан кайткам.

– Инстаграмдан "мени жаман көрө бересиңер" деп нааразычылыгыңызды билдире бересиз. Комментарийлерге жооп жазганга кантип үлгүрөсүз? Айрымдары менен айтышып да кетесиз го...
– Мурун күйөрмандарым жакшы сөзүн айтып, колдоп турушчу. Акыркы күндөрү жагымсыз сөздөрдү жазгандар көбөйүп кетти. Менин атымдан ачылган фейк баракчаларга анча-мынча күйөрмандарым сатылып кетишти окшойт (күлүп). Чындыгында мени эле күнөөлөгөн болбойт. Негизи ар бир комментарийге жооп жазганга үлгүрбөйм. Менин атымдан фейк баракчаларды ачышып, менин ордума жооп берип, билдирүү калтыргандар болот. Шарды үйлөй берсең жарылат го, ошол сындуу өзүм деле кээде жооп жазам.

– Сиздин колуңузду журналист Шайырбек Арапов сураган дешет. Сунушунан баш тартканыңызга өкүнбөйсүзбү?
– Шайырбек Арапов экөөбүз жердешпиз, Аксыдан болобуз. Анын кесиби журналист болгондуктан эфирлерге көп чакырчу. Бирок эч кандай мамиле болгон эмес. Бул чындыкка окшошпойт экен.

– Гүлнур, сенин ажырашканыңды апаң, бир туугандарың кандай кабыл алышты?
– Албетте, жакшы кабыл алган жок. Ажырашуум аларга оор тийди.

– Жолдошуң Бактияр жарашып алалы деп аракет кылып жатабы? Кайын журтуң жарашкыла деп алдыңа келдиби?
– Ооба, Бактияр да, кайын журтум да келген. Бир чечим кабыл алгандан кийин аны өзгөртүп, артка кайрылгым келген жок. Апам, эжем кеңештерин айтып, багыт берип жатты. Бирок баары бир чечимди өзүм чыгардым. Анткени мага 100 пайыз убада берген адам сөзүнө тура алган жок. Анын үстүнө адам турмуш курганча башка, турмуш кургандан кийин такыр башкача болот экен.

– Жолдошуңду карапайым үй-бүлөдөн чыккан, турмушу оор деп кетип калган дешет. Сен бакыт эмес, байлыкка умтулган адамсыңбы?
– Бул мага карата токулган жомоктордун бири. Мен үчүн материалдык байлык эмес, адамдык сапат жогору турат. Ал адам мени менен кандай максатта турмуш курганын кийин түшүндүм. Башында жаңылыштык кылып жатам го деп ойлодум. Бирок адашпаптырмын, азыр өкүнбөйм.

– Гүлнур эже, мен сизден кичүүмүн. Мага турмушка чыгыңызчы, иштетпей багып алам.
– Түз эфирден баш кошуу сунушун киргизүү мода болуп жаткан окшойт. Өзүмдөн кичүү мырзалардан көңүлүм калды (күлүп). Азырынча кайрадан турмуш курууну ойлонгон жокмун.

– «Эл эмне дейт?» деп бактысыз болуп жашаганча, ажырашып туура кылгансың. Колуңду сураган мырзалар көп болуп жатыптыр, бирөөсүнө тандоо жасадыңбы?
– Ажырашкандан кийин мага сүйүүсүн билдирип, колумду сурагандар көбөйдү. Алардын каттарын окудум, бирок жүрөгүмө жакын кабыл алган жокмун. Ошондуктан азыр бирөөсүнө токтолуп, тандоо жасай элекмин. Эрте деп ойлойм.

– Жашоодон кандай сабак алдыңыз?
– Убакыттын токтобошун, жашоонун уланышын жана эч нерсе түбөлүктүү эмес экенин түшүндүм.

– Мен дагы жолдошум менен ажырашып, депрессияга түшүп кеттим. Сиз кантип чыктыңыз, кеңеш бериңизчи.
– Дарыгерлерге кайрылганымда «рак клеткаларын, оорунун баарын таарыныч, кайгы, стресс, депрессия козгойт» дешти. Андыктан өзүңөрдү алдырбай, унутканга аракет кылгыла. Мен депрессияга кабылганда дүкөн аралап, жаккан буюмдарды сатып алдым. Убакытты бекер өткөрбөй бир нерсе менен алек болуш керек. Бош болсоң эле ой курчап баштайт.

– Чыгармачылыктан сырткары жеке ишкердик менен алектенесизби?
– Унааны стресстен чыгуу үчүн алгам, айтпай калган турбаймынбы (күлүп). Айтышыңар мүмкүн «бизде андай каражат жок болсо кантип алабыз?» деп. Мен деле «лап» этип эле алып алган жокмун. «Жарымын азыр, жарымын кийин акча болгондо берем» деп алгам. Ал эми жеке ишкерликти айтсам, ооба, үзгүлтүксүз киреше алып келген ишим бар. Бирок аны ачыкка чыгарбай келгем, эми деле жашыруун тутам.

"Күйөрмандарым мени баласы бар деп ойлошот экен. Бул менин эжемдин уулу".


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Убадасына тура албаган адам менен келечегимди көрө алган жокмун" дейт Гүлнур Асанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(42)
Медиа-портал
07.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур мага жагат, дайым кулуп журунуз жана бакттылуу болунуз!!
SUPER.KG видео
07.12.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантын баалайм!
SUPER.KG видео
08.12.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назик озуну периште корсоткусу келгени менен иш коп бул сулууда да,ХХХХХХХ тенинди табасын деп ойлойм
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-09 02:31:20
SUPER.KG видео
11.12.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур сиз аябай сулуусуз.ийгиликтерге бай инсансыз.талантынызды ташкынта бериниз.алдыда сизди жакшылыктар кутот деп ойлойм.
12.12.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уйлогондоруно аз болсо,кантип аз убакыттын ичинде баардык убадаларын аткармак эле кызык?элдер акырындан,убакыттын отушу менен дасайт баарын,демек Гулнур ХХХХХХХХ ХХХХХХХХХ ошого ажырашты.Ясно же
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 09:30:21
12.12.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ырчыны аябай жакшы деп ойлочу элем, откондо мени менен чогу иштеген эженин ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 11:15:22
12.12.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бир жумада берген убадаларын кантип аткарып үлгүрөт?Билбейм анан экс күйөөң Супермен эле болбосо,анда таарынсаң болот.
12.12.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Edelveis929317,))эн туура айтасыз
20.12.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edelveis929317,Бир тундо эле убада билинет да ырчыларга, тем более тартылган кинолорунан кийин.
12.12.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир жума жашаган болсон ошондо убадасын ХХХХХХХХХХ койгон болобу? Сени сыйлайт элем,талантынды баалайт элем! Сага болгон сыйым жоголду.Жок дегенде 2 ай жашап туруп ушинтип айтсан болмок эле,жаш баланын багына балта чаап,ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 15:09:51
12.12.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Pandora,же айткан калыңды бербей койгобу, башка кайсы убадасын аткарат эле ботом бир жумада
12.12.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынында мурда баалачумун сулуулугун,талантын.Бирок бул деле аппак эмес,Бактиярды эч качан суйгон эместей корунот. Жактырган адамы башка ХХХХХХ ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 15:25:47
12.12.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул бийкеч озун укмуш айтыптыр го,колумду сурагандар кобойду деп.ойлонуп иш кылсан болмок,жаш баланын бактысын бузбай.эми ойлонуп тий куйоого,жашын деле отту
12.12.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул шоу-бизнестегилер оздорунун пиярлап бутпойт го ээ,популярдуу кайсы ыры бар бул айымдын,мен
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 16:08:11
12.12.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын негативтерге конулуну чоктурбо келечегин алдыда буйруса эн бактылуу кыздардан болосун.Талантына таазим
12.12.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качан кабагы ачылат,мурун эле ачылчу эмес эле эми после развода такыр ачылбай калганбы
14.12.2017. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
DAKS,))точно
12.12.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эч жакпайт ушул кыз ичинен ойлонуп иш кылган куу адамдай сезиле берет
12.12.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да сыйлачуумун .ажырашканы жаман болду да.турмушка чыдаса болмок
12.12.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага да жакпай калды
13.12.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХХХХХХХХ бул кыз,түшүнүксүз..Тиги баладан да сураш керек себебин,байкуш ал деле жакшы ниет менен үйлөнгөн да,ата энеси да сүйүнүшүп эле алып жаткандай көрүнгөн.ХХХХХХХХХХХХ бул тээ жаш кезинде эле Роза Аманова менен урушуп,ал айтты эле-өйдө жактагыларга таянып алып мени менен айтышып жатат деп,кийин ХХХХХХХХХХХ Иши кылса түшүнүксүз
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-13 09:46:20
13.12.2017. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksbкатырыпсын,туура да бир жаркылдап жургонун корбойм,Аскат Мусабековдун концертинде ырдап чыкты жазында,ак койнок кийип,койногу абдан кир экен этектери,карап тан калып койдум,
13.12.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шайырбек Арапов Аксыдан болобу???
Ош обл. Ноокат району Төөлөс айыл өкмөтү Меркит айылы Шаамурзаев Ураим атындагы көчөдөн болот, улуу урматтуу Гүлнур эми Аксыга алып кетпей эле жүр.
16.12.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muhsina,)))))) Муркуттан болотко йе)
16.12.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muhsina,)))))) Муркуттан болотко йе)
13.12.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнегедир жакпайт мага ушул кыз. Шайырбек Араповду Аксыдан дейт го, Ноокаттан болот экен. Бир жумада кайсы убаданы аткара калсын, кызык?! Бактылуу кылганга 100% убада берем деп алган, мумкунчулук деле бербептир да ага.
13.12.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
KOCMOC,ошо да куйоосу жаркылдаган жаш бала эле го андан да интервю алгылачы мынча болду не убада экен билели (албетте биздин ишибиз эмес дечи)ар биринин чындыгы бар да,ун эки алакандан чыгат,медалдын да эки бети бар дегендей.)))бактылуу болунуз жашоо сиздики
14.12.2017. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
anandi,Кийинки санында аныда чыгарып калаар....
13.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жашоодон кандай сабак алдыныз?убакыттын токтобошун,жашоонун уланышын,эч нерсе туболуктуу эмес экенин-созунузго кошулам
13.12.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун турмушун билуу кыйын билбей туруп ар нерсени жаза бербегиле башынарга келип калбасын.Гулнур азаматсын ырларын мукамдуу озун талантуусун сосуз бактылуу болосун .
14.12.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыз жакпай калды, эмнегедир. ХХХХХХ ХХХХХХХ Кантип эле сразу колун сурай калышсын.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-14 10:27:46
14.12.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana,колумду деп жон эле айтып койгонго?А так ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-14 16:10:46
14.12.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактыяр красавчик. Туура кылдым. Жапжаш бироо тиет сага коросун.
15.12.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ух,аран катталдым сайтка.Гулнур сага бактылуулук каалайм.Урматтуу админстрация.Мен коптон бери актриса Гулсара-Ажибекова жонундо билгим келет.Ушул эже жонундо кабар берип койсон
15.12.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Danielim2008,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
17.12.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,Саламатсыздарбы.Менде да сунуш бар.Сураныч Актан Исабаев жонундо маалымат кутом.Алдын ала рахмат.
15.12.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат.
15.12.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бироонун турмушун, ички дуйносун толук биле тургандай коммент жазыпсынарго. Мен бир гана ИЙГИЛИК деп гана айта алам...
15.12.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш жигиттер ошондой болот,колунда жок,романтик,анан кайдан убадасын аткарат,ал сенин бай демоорчулорун эмес да машине мингизгидей,просто эле бироону унута албадым десен болмок....
Админ,комменттеримди очурбогулочу сураныч,бизде соз эркиндик деген болобу!
16.12.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы коро жатарбыз эми кандай адамга турмушка чыгарын биринчи всё таки биринчида
16.12.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамда чыдамдуулук м.н сабурдулук болбосо эч качан бактылу боло албайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо