ЫРЧЫЛАРДЫН АТЫН ЖАМЫНЫП АКЧА ТАПКАНДАР ПАЙДА БОЛДУ

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Учурда той өткөрүп, жакшылыгына ырчы-бийчи, куудулдарды чакыруу адатка айланып кетти. Той ээлери шартына карап элге белгилүүсүн, белгисизин чакырып келет. Бирок ырчылардын беделине шек келтирип, алардын ырын фонограмма менен аткарып, арзан баага макулдашып тойдо кызмат көрсөткөн окуялар катталууда. Жакында эле борбор калаадагы тойканалардын биринде эстрада ырчысы Кенже Көбөкованын ырын фонограмма менен аткарган видео социалдык тармактарга желдей тарады.

Гүланда: «ФОНОГРАММА МЕНЕН АТКАРЫП ЖАТКАН КЫЗГА АЧУУМ КЕЛИП ВИДЕОГО ТАРТЫП АЛГАМ»
Чуу жараткан видеону тартып алган ырчы Гүланда ал тойдо конок болгонун, фонограмма менен ырдаган кызды тааныбай турганын айтты.
– Биз тойго өкүл ата, өкүл апа болуп барганбыз. Башында бейтааныш кыз Азизанын аткаруусундагы «Жар-жарды» айтып, эки жашты залга киргизгенде көп маани берген эмесмин. Тойдун ортосуна келгенде Кенже Көбөкованын ырын аткарды. Ачуум келип видеого тартып жатканда ал кыз жаныма келип учурашты. Мен дароо эле «Эмнеге бирөөнүн ырын фонограмма менен аткарып жатасың, мындай кылганың туура эмес?!» десем, унчукпай кетип калды. Видеого тартып алганымдын себеби менин башымдан дал ушундай окуя өткөн. Токмок шаарында бир кыз менин үнүм менен жазылган «Жар-жарды» айтып, тойлордо кызмат кылат экен. Мага тааныштарым айтышты. Ал кызды издештирип, телефон аркылуу кардар катары байланышка чыгып «кандай «Жар-жар» айтасыңар?» деп сурасам, «Гүланданын» деди. Ошондо «бирөөнүн үнү менен «Жар-жар» айткандан уялбайсыңарбы, минусун ала бергиле, бирок өзүңөрдүн үнүңөр менен чыккыла» дегем.

Кенже Көбөкова: «МЕНИН ЫРЫМДЫ ФОНОГРАММА МЕНЕН АТКАРЫП ЧЫККАН КЫЗ КЕЧИРИМ СУРАДЫ»
Кенже Көбөкова окуядан соң социалдык тармактагы өздүк баракчасына: «Алтыным, сиңдимсиңби же курдашымсыңбы, кичине уят деген болуш керек. Менин үнүм менен ырдап жатасың. Калың эл күбө. Уятың болсо өзүң жолугарсың. Жана дагы экинчи мындай кылбайсың деп ишенем. Менден башка канча ырчынын ырын ырдап жүрөсүң ким билет? Мени издетпей эле өзү келип жолугат деп ишенем» деген билдирүүсүн калтырган. Ырчы айымга бул окуя боюнча байланышканыбызда анын кайрылуусунан кийин абал өзгөрүп, ал кыз өзү кечирим сураганын айтат.
– Социалдык баракчама билдирүү калтыргандан кийин ал кыз алдыма келип кечирим сурады. Аты Мээрим экен. Экөөбүз сүйлөшүп «Экинчи кайталаба, керек болсо сурап ал» дедим. Ал эми видео тууралуу айтсам, Мээрим тойдо «Баягыңдай күлчү кайра» деген чыгармамды аткарып жатканда ырчы Гүланда видеого тартып алыптыр. Ырдаганына каршылык жок, бирок ырдын минусун менден сурап алып, өзүнүн үнү менен жаздырып алып ырдай бербейби. Бул жерде менин үнүмдүн, эмгегимдин аркасына жашынып алып акча таап жатат. Той ээсинен 3 миң сом алыптыр. Бул – уурулук. Ырчылар фонограмма менен ырдайт деген жаман атты бизге жармаштыргандар ушулар.

Башка үн менен ырдады делген Мээрим: «КЕНЖЕ КӨБӨКОВАНЫН ЫРЛАРЫН ТОЙЛОРГО БАРГАНДА ЫРДАЧУМУН»
Видеодо улуттук кийим кийип, Кенже Көбөкованын ырын фонограмма менен аткарган Мээрим кээде той-топурларга чыгып, ырдап жүрчү экен.
– Мен Кенже Көбөкованын күйөрманымын, ырларын жактырып, ырдап жүрөм. Бирок төбөсү көрүнгөн, жалпыга таанымал сахна ырчысы эмесмин. Кээде тойлорго чакыруу болуп калганда «Жар-жар» айтып, ырдап койчумун. Ал эми башкалардын үнү менен ошол тойдо эле ырдагам. Видео жайылып кеткенден кийин Кенже эженин алдынан өтүп, кечирим сурадым. Ал мага жакшы кеңештерин айтты.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
12.12.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
оббоо,суйунгуло кайра менин ырымы бироо ырдайт экен деп.
12.12.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
ичини кен эле салчы бай болгур.Ырын тешилип же кургап,куурап деле кетпептир го,фонограмманы сиз да катырчусуз биринчи чыкканга.Жар жар дын автору же сизсизби
12.12.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
кенже эже ичиниз ХХХХХХХХХХХ аябай эле тар турбайбы
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 10:09:51
12.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
amirrus,тардыкта эмес биринчи. Ал кыз биринчи элди экинчи той кылган кишини алдап атат. Ал ырдаган жок. Кенженин уну жазылган фонограмманы коюп эле муляжды кармап оозун кыбыратып койду. Ошол кызматы учун акча алып атат
13.12.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
taalay25,кенжен менин ырым деп барса деле ал ыр башка бироонуку, анан да алдагы фонаграмма ырдап акчасын алып кетет, адамдар олуп атат достор менин ырым менин унум, менин местам дебей эле койгулачы
12.12.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
Бактияр Токторов кен пейил экен ырдагыла менин ырларымы барып барып Элдик ырларга айланышын каалайм деген беле
13.12.2017. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Как будто өзүң жандуу үн менен ырдайсың???
Кенже деген ким өзү? Эл деле тааныбайт сени садагасы)) Эми ичи тар болбой сүйүн наоборот))
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-13 09:38:38
12.12.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен деле Айжамал Кабылова болуп алчы элем.Дезодоронтты микрофон кылып алиппе майрамда жан жан деп ырдаган элем.
12.12.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми баарынын эле акчасы коп эмес да ырчынын озун чакырганга.мен болгондо кечирим сурамак эмесмин.андай ырдагандар толтура
emir_muslima түзөттү 2017-12-12 11:29:28
12.12.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда мен да ошентип акча тапсамбы
12.12.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Yrchylardy fonogramma yrdait dep jamaatty kylgan ushular dep koet uyalbai, bizde fonogrammasyz yrdagan yrchylar jokko ese
12.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой анда биз да ошентип бизнес кылалы. Жолдошум тамада болсо мен ырдасам Анжеликанын уну менен жееее Гулнур эженин уну менен
12.12.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Гуландада Кенже эжебизда пейилди кенен койгулачы ырдап тойдун коркун ачып ырдап берсе болдуда
13.12.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мээрим Карыпбекова беле ыя?
13.12.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырдаса ырдай бербейби.Тим эле элге жарыялап эмне кереги бар.Гуланда кыйратыпсын мыкты жумуш аткарып
14.12.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
portugalia,туура айтасын.Ушул Гуланда Айбеке тийип алгандан кийин вооооопще жакпай калган,канча баланын убалына калып,бироонун турмушун бузуп
13.12.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен дайыма тойлорго барганда, жаш кыздардын фонограмма менен жар-жар айтканын кором. Бул табигый эле корунуш. Той ээсине деле баасы ынгайлуу болот. Популярдуу ырчыларды чакырып, коп акча бергиче, ушундай ырчы кыздарды чакырып азырыаак тологону.
13.12.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aiturgasha,акча аз алат.ырдасын.бирок
Оз уну менен.бироонун уну менен ырдаган
Болмок беле..фонаграмма болсо
Дагы оз уну болсун менимче..оз
Фонограммасы болсун
13.12.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп эле атасынар.кеп тардыкта
Эмес да..кенже акча коротуп унун
Жаздырып аранжировка баарын
Кылган..даяр кооз унду оозду кыбыратып ырдап атат тиги кыз.бул уурулук.озунорду койсонор кенженин
Жерине.силер акча убакыт коротуп оз унунор менен ырдасанр даяр силердин унунор менен тиги кыз акча тапса болобу не?? Кайсы ырды ырдаса да оз уну менен ырдасында..бул жакта ичи тардылыатын алакасы жок
13.12.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушунбой эле жаза бересинерби? Ичтери таарыган жок ырдасын оздорунун уну м.н ким каршы,булардын уну м.н ырдаганы уят да.мен эле Флиптин унун коюп алып,ушу мен деп ырдай берсем болмок беле.
13.12.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өнөрүң болсо өргө чап деген ушу да: )))
14.12.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жар-жар ырдаса эмнеси кетти, Гуландасина эмне жок, биз карапайым калкка ошондой арзан ырчылар керек.Кечирим сурабайле ырдай бер.
14.12.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгону 3мин экенго, ошону да коро албайсынар эми, ошентип жанын багып жакшы кылат, чем сойку болгончо
14.12.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Белгилуу ырчыларды тойго чакырсан только доллардан суйлошот. Ал эми алардын эмгегин жамынып аз акыга ырдаса ичи таарыйт да. Фонограмма эмес, озу ырдаса деле ырдай алса керек эле. Азыркы ырлар женил эле го
15.12.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаса ырдаптыр анын эмнеси бар,3000сомго ырдап тыйын таап,бала бакса жаманбы,озунор деле бироонун ырын долларларга ырдайсынарго,силер эле жандуу ун менен ырдайсынар катырып......
17.12.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой туугандар окуп тушундунорбу озу. Кенже Кобокованын эле ырын коюп оозун кыймылдатып акча таап атыптыр. Бул деген мошенничество. Ырдаса ырдасын, бирок озунун уну менен. Мындайча айтканда эшек иштейт ат жейт болуптур.
18.12.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бирибиз озубуздун эмгегибизди жумшап, ак кызмат кылсак. Ууру кылганга эле тете болуп атпайбы.
20.12.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гуланда деле бироонун жашап жаткан куйоосун тартып алды го, ыр эмне болуп калыптыр. Как будто созун, обонун оздору жазып ырдагансып. Газетага жаза калышбай жон гана ошол кызга айтышса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо