Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАМШАНДЫРГАН ТҮРК ДААМДАРЫ

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл


СИМИТ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 400 грамм
Ачыткы – 1,5 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Күнжүт – 100 грамм
Бал – 50 грамм
Татымына жараша туз


Даярдоо ыкмасы:

1. Чыныга бир чымчымдан туз, кумшекер жана ачыткыны салып, чынынын жарымынан жылуу суу куябыз. Ачыткы көөп чыкканда камырга кошсоң, бат көтөрүлөт.
2. Табакка ун, туз, кумшекер, өсүмдүк майын, ачыткыны кошуп жылуу сууга камыр жууруп, ал ачыганча жылуу ороп коёбуз.
3. 200 грамм жылуу сууга балды кошуп эритип алабыз.
4. Ачыган камырды майда бөлүктөргө бөлүп, кол менен тоголоктоп жазылап, шакек формасына келтирип эки четин бекитебиз.
5. Шакекчелерди алгач бал кошулган сууга малып, анан күнжүткө оонатабыз да пергамент кагазы төшөлгөн табага салып, камыр көтөрүлгүчө 10 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң 200 градуста ысып турган электр мешинде 15 мүнөт бышырабыз.


БАКЛАВА

Керектелүүчү азыктар:

Даяр каттама камыр – 800 грамм
Кургатылган өрүк – 200 грамм
Мейиз – 200 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Каймак май – 50 грамм
Бал – 3 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Грек жаңгагы – 100 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Даяр төрт чарчы каттама камырдын ар бирин эки бөлүккө бөлөбүз. Пергамент кагазы төшөлгөн табага камырдын биринчи бөлүгүн жаябыз да, үстүнө блендерден майдаланган кургатылган өрүктүн жарымын тегиз кылып себелейбиз. Бетине кумшекер себелөө керек. Үстүн камырдын берки бөлүгү менен жаап, анын үстүнө майдаланган мейиздин жарымын жана кумшекер себелейбиз. Кийинки катмарына кайра өрүк, мейиз кылып кезектештирүү керек. Өрүк, мейиздин ордуна майдаланган грек жаңгагын, бадам, мисте, кешьюну колдонсоңуз болот.
2. Эң үстүнкү кабатын жумуртканын сарысы менен майлап, андан соң ромб формасында камырдын түбүнө жеткирбей кесүү керек. Антпесе үстүнө куюлган сироп камырга сиңбей куюлуп кетет. Ар бир ромбдун үстүн грек жаңгагы менен кооздоп коюңуз.
3. 200 градуста ысыган электр мешинде 10 мүнөт кармап, кийин алып чыгып ар бир ромбдун үстүнө эритилген каймак майдан аздан куюп чыгабыз. Кайра электр мешине салып, 160 градуста жарым саат бышырабыз.
4. Жарым стакан кумшекерге ошончо өлчөмдөгү суу кошуп сироп даярдап, андан кийин балды кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
5. Электр мешинен табаны алып чыгып, сиропту тегиз кылып куябыз да, муздаганча күтөбүз. Муздаган соң түбүнө чейин кесип, дасторконго коё берсек болот.



ПИДЕ

Керектелүүчү азыктар:

Камыр үчүн:
Жумуртка – 3 даана
Ун – 500 грамм
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Ачыткы – 10 грамм

Фарш үчүн:
Фарш
– уй (кой, тоок) эти – 400 грамм
Болгар калемпири (ачуу калемпир кошсоңуз да болот) – 2 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Помидор – 1-2 даана
Томат пастасы – 2 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Катуу сыр – 100 грамм
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Ашкөк, петрушка – каалоого жараша
Татымына жараша туз, кара мурч


Даярдоо ыкмасы:

1. Камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Болгар калемпирин майда төрт бурчтук формасында туурап, сарымсакты жанчып даярдап алабыз. Помидорду кайнак сууга салып кабыгынан ажыратып, аны да төрт бурчтук формасында туурайбыз.
3. Көмөч казандагы өсүмдүк майына пияз менен сарымсакты 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Андан соң фаршты салып, ага туз, мурч кошуп аралаштырып, бышкыча жай отто кармайбыз.
4. Фарш бышардан 5 мүнөт мурун жашылчаларды, томат пастасын кошуп аралаштыруу керек. Фарш бышкан соң оттон чыгарып, ага көк чөптөрдү, лимон ширесин кошобуз.
5. Камырды чакан бөлүктөргө бөлүп, ар бирин сүйрү формада, боорсоктун камырындай жукалыкта жаябыз.
6. Табага пергамент кагазын төшөп, ага жайылган камырды салып, четинен 2 сантиметрдей боштук калтырып ортосуна фарш салып, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды үстүнө тегиз себелейбиз. Камырды кайык формасына келтирип четтерин бекитип чыгабыз.
7. Электр мешине салардан мурун камырдын четтерин жумуртканын сарысы менен сүртүп, 200 градуста ысып турган электр мешине салып, 15-20 мүнөттөн кийин алып чыгып дасторконго коёбуз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
12.12.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баклаваны коптон бери жасап коройун деп, чыгына албай журом, кызыгам аябай баклава жасашка.Мага жаккан шириндиктердин бири, эмнегедир кок чай менен ичкенде ырахат алам.
12.12.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эээк симит жакпайт даамы...а вот пиде мммммсмм ах
12.12.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даяр каттама камыр бизде сатылабы народ, же жанагы самсыныкы жарайбы?
12.12.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dina,а мен лаваш деп тушундум.
14.12.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kurmanjanka_93,лаваш калын да
13.12.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dina,бар.
12.12.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каттама камыр ал кандай?Орусчасын айтып койгулачы отунуч
13.12.2017. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kurmanjanka_93,слоёный тесто
13.12.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Слоенное тесто болуш керек
14.12.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Слоенное теста самсаныкы ошол
14.12.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баклаванын камырын дукондон издебей эле уй шартында даярдасаныз соонун болот камырды жумшак кылып жууруп жарым саат тындырып озунуз каалаган болуко болуп 10 штук болот дагы 10 минута тындырып бирден жайып эритилген сливычное мосла же сары майды суртуп ошентип баарын жайып рулет кылып ороп холадильнике 1 саат койуп койсонуз болот четинен кесип алып каалаган самсабы Баклававы жасай берсениз болот
18.12.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina2017, сливычное мосла де, ))))
14.12.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен баклава жасасам каттуурак болуп калды((
18.12.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baklava деп жазып гуглдан деле издеп корсонор, чыныгы baklava мындай эмес, көрүнүшү дагы, даамы дагы. Бул жердеги Супер жазган баклава кадимки эле каттама камырдан жасалган пирог! Анан албетте жасасанар окшошпойт, убара болбой эле койгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо