ФОТОРОМАН

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

(Башы өткөн санда)

Өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле кылган Марал дарыгерлерден жакшы кабар укпады. Аргасыздан «ооруну берсе да шыпаасы менен берсин» деген сөзгө моюн сунду. Маралдын башына келген кырсык жалгыздап келбей, бул жашоодогу тумарын, мээриминин булагын да ала кетти.

– Ооруканага барсам, каттоочу жайдан алдын ала жазылуу керектигин айтты. Кайра артка кайтамбы? Жок. Жалынып болсо да дарыгерге жолугушум керек. Өжөрлүгүм ушул жерде ишке жарады. Каттоодо отурган эже травматолог менен сүйлөшүп, мени кезексиз кабыл алды. Дарыгерге качан, эмне болгонун айтып бердим.

.

– Ал арада агамдын балдары сыркоолоп, акча керек болуп калыптыр. Өзүнүн тапканы батирдин ижарасынан, тамак-ашынан артпайт. Жеңем "балдарың өлмөк болду" деп агамдын кулак-мээсин жейт.

– Дарыгердин сөздөрүнөн кийин эми кандай жашоо болот деген ой демимди кысып жатты. Үйгө келерим менен агам телефон чалды. Эмне дейм, агама сыр бербей сүйлөшүп, дарыланам деген акчамды анын сыркоолоп калган балдарына банктан салмай болдум.

– Ал күнү бутума адатымча эле компресс жасадым да жатып алдым. Эртеси банкка барып, агамдын атына акча котордум.

– Акча керек деп жумушка чыктым. Бутумду сүйрөп жүргөнүмдү көрүп жаны кейидиби, администратор абалымды сурап, аванс бере турган болду. Айыгып алсам, баягыдай жүгүрүп иштеп, карызымдан кутулам дедим. Акча алып, ооруканага бардым. Дарыгерлер эгер бутумду кестирбесем гангрена өөрчүп кетерин айтышты. Макул болдум. Операциядан кийин апамды ойлоп, ага кантип айтарымды билбей башым маң. 3 күн дайынсыз болгонума апам кабатырланып телефон чалды. Тирүү туруп мүчөмдөн ажырап, майып болгонумду айта албадым.


– Жалгыз кызынын эмнеден улам ооруканага түшүп калганын билбеген апам үчүн оор болду. Ойлоно берип жүрөгү токтоп калыптыр. Жанында эч ким болбогон соң убагында жардам көрсөтүлбөй, бул дүйнө менен кош айтышкан экен. Апам көпкө чейин жатып калыптыр, кийин кошуналар агама телефон чалып чакыртышыптыр.


– Ал арада акыбалымды сураганы администратор келиптир. Адамгерчиликтүү экен. Көзүнө жаш ала, мени сооротуп, жылуу сөздөрүн айтты.


– Төрт дубалды тиктеп, ар нерсени ойлойм. Апама телефон чалсам өчүрүлгөн, агама чалсам ал да албайт. Бир нече күндөн кийин апамды жерге берген соң агам телефондон баарын угузду. Палатаны жаңырта ыйлап алдым. Агам соороткон болду. Анан өзүмө келип, бутуман ажыраганымды, буюрса, жакын арада туулган жериме барарымды айттым. Агам менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жашоом оор, татаал болуп баратты.

 

Бир тууганым деп күйгөн Маралды жеңеси менен агасы кандай тосуп алат? Маралды тагдырдын дагы кандай сыноолору күтүп турат?


(Уландысы кийинки санда)

Бактыгүл Момбекова,
Айсалкын Качкынбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(4)
13.12.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ии байкуш кыз
13.12.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озу учун жашаш керек эле
18.12.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуя чын эле болду беле? Марал менен кантип байланышсак болот?
20.12.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо