ЧУБАК АЖЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨГҮ КРИЗИС МУРУН ЭЛЕ БАШТАЛГАНБЫ?

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

8-декабрь күнү Telegra.ph анонимдүү билдирүү сервисинен Чубак Жалиловдун байбичеси Гүлнур Жалилованын «Сезим» кризистик борборуна жазган арызын жарыялаган. Эсиңизде болсо, Чубак Жалилов токол алганын жарыялаганы коомдун кызуу талкуусунда калган. Өзү байбичеси бир аз капа болуп жатканын, бирок баары жайына келерин айткан. «Бир аз капа болгон» жубайы Гүлнур Жалилованы кризистик борборго кайрылуусуна эмне түрткөн?

«БУЛ АДАМДЫН ТАПАНЧАСЫ БАР, БАЛДАРЫМА ЗЫЯНЫ ТИЙИП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»
(Интернетке тарап кеткен Жалилованын арызынын мазмуну өзгөртүүсүз берилди)

– Мен, Жалилова Гүлнур Турдалиевна 1982-жылы, 17-июлда төрөлгөм. Жолдошум Жалилов Чубак Тажибаевич экөөбүз 17 жыл жашадык, ортобузда 5 бала бар. Мен өзүмдүн жана балдарымдын жашоосунан (өмүрүбүзгө) корком. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз жакшы болбой жатат. Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм (чычкандын уусун берип) деген сөзүнөн улам корком. Бул адамдын тапанчасы да бар. Азыркы болуп жаткан окуялар да мага жана балдарыма зыяны тийип калабы деп корком. Күйөөм мен жана балдарым жашаган үйгө келишин каалабайм. Балдарым айына бир эле жолу көрүшүн каалайм. Балдарымдын башын айлантып, окуусуна ушул окуялар абдан тоскоол болуп жатат. Тиешелүү органдар мага жооп беришин суранам. Бул арыз өз колум менен так, туура жазылды.

07.12.2017 (колу)


«КАРАЛООДОН МАЙНАП ЧЫКПАЙТ»
Акин Токтоналиев, Чубак ажы Жалиловдун жактоочусу:
-Бул окуя боюнча өйдө-ылдый көп кептер болуп жатат. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова «Көргөн эмесмин. Маалыматты ким таратканын билбейм» деп жатат. Бирок арыз анын атына жазылып жатат. Консультация сураса ал элге таратып жиберип жатат. Анонимдүү боло турган нерсени эмнеге коомчулукка таратып жиберди? Биз аны сотко беребиз. Анткени алар Чубак ажынын аялына тигини жасап беребиз, минтебиз деп арыз жаздырып алышкан. Арыз боюнча милиция кызматкерлери тактап чыгышты, аялын да сурады. Бул жерде кылмыш иши барбы же жокпу, тиешелүү органдар чечип чыгышат. Ошондон кийин биз мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бул каралоодон эч майнап чыкпайт. Гүлнур Жалилова чындап арыз жазганбы же жазбаганбы, аны да так айта албайм. Анткени байкасаңыз, арыз баш жагы жазылып келе жатып актай барактын алдына кол коюлуп жатат. Эмнеге бир баракка арыз жазылган да кол коюлган эмес, экинчи баракта колу коюлган да арыз жок. Бул атайын провокация кылуу үчүн уюштурулган. Чубак ажы жыйынтыгы такталып чыккандан кийин маалымат жыйын өткөрүп, ошондо суроолорго жооп берет.

«АРЫЗДЫН КӨЧҮРМӨСҮН МУФТИЯТКА ЖӨНӨТКӨНБҮЗ»
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Биздин борборго Гүлнур Жалилова сентябрь айында эле кайрылып юристтерден кеңеш алып жүргөн. Бизге кайрылган адамдардын анонимдүүлүгү сакталат. «Өзүм ачык чыгам, мындан ары чыдай албай калдым» деген аялдар өзү коомчулукка чыккандан кийин гана жарыя кылабыз. Бул окуяда арыз ээси Гүлнур Жалилова өз колу менен арыз жазып, кол койгон. Мындай учурда, тактап айтканда, үй-бүлөгө коркунуч туулган учурда тиешелүү мамлекеттик органга кайрылышыбыз керек. Ошондуктан мен катты тиркеп, арызды ИИМдин электрондук дарегине жөнөткөм. Мусулман аялдарга жардам берген «Мутакаллим» уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы да Жалилова арыз жазып жатканда ошол жерде болчу. Экөө чогуу келген. Арыз жазып бүткөндөн кийин Жамал Фронтбек кызы «Арыздын көчүрмөсүн муфтиятка да жиберейинби?» деп сураганда Гүлнур айым макулдугун берген. Бир арызды Жамал Фронтбек кызы муфтиятка, экинчисин мен ИИМге жөнөттүм. Анан коомчулукка чыгып кетти. Кантип тарады, ким таратты, биз билбейбиз.
Эки баракка жазганы тууралуу айтсам, мына азыр да менде түп нускасы турат. Гүлнур айым жазып батпай калганы үчүн ошол эле барактын тескери жагына кол коюп койгон. Бизге өтө көп аял кайрылат, айрым учурда күйөөлөрү анын үстүнөн экинчи аял алып алгандар да бар. Биз үчүн бул кадимки эле иш, аларга кеңеш берип колдоо көрсөтөбүз. Биз Кыргызстанда аялдардын укугун коргоо үчүн уюшулганбыз жана өз ишибизди аткарып жатабыз. Биздин максат бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуу эмес, аялдарга жардам берүү.

«ГҮЛНУР ЖАЛИЛОВАНЫН ЖАНА БАЛДАРЫНЫН КООПСУЗДУГУ КАРАЛГАН»
Чубак ажынын байбичесинин жана балдарынын өмүрү коркунучтабы? Иликтөө иштери кандай жүрүп жатканын сурап, Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморовдон төмөнкүдөй жооп алдык:
-9-декабрь күнү Гүлнур Жалилова өзү келип милицияга арыз жазган. Жазылган арыздын негизинде окуя иликтенип жатат. Учурда Гүлнур Жалилованын үй-бүлөсү коопсуздукта, ошол аймактын аймактык милиция кызматкери барып көзөмөлдөп турат. Чубак Жалиловдун үстүнөн кылмыш иши козголобу же жокпу, ал иликтөөнүн жыйынтыгында билинет.
Чубак ажы Жалиловдун жактоочусунун айтымында, Гүлнур айым кимдир бирөөнүн таасири менен арыз жазган. Жактоочунун логикасы боюнча Чубак ажынын аялы эч бир жерге арыз жазбай отура бериш керек беле деген суроо туулат. Бул жагдайдын өзү Кыргызстандагы жалпы аялзатынын укугу толук деңгээлде корголбой жатканынан кабар берет.


Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(78)
19.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ажыке да адам пайгамбар эмес. ошон учун буга тан калуунун кереги жок.
19.12.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дей тн болуптурго
19.12.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
менин уюмча бул Чубак ажыга очошуп калган бир чиновниктин иши Гулнур айымга Аллахым ынсаф берсин
19.12.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кандай болгон кундо да узтазыбыздан коп нерсе уйрондук, билдик. Аалым катары аябай сыйлайм. А жеке жашоосу мага карангы. Эмне болгону бир гана Аллахга маалым.
19.12.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялынын башына таш тийбесе керек жок жерден эрин жамандап,айласы кеткенде жардам сурап кайрылгандыр да.Чубак ажынын ар бир суйлогон созу акча болуп турса,эмнеге суйлобосун.Башкача айтканда чыгымы жок,тобокелге салбаган чыныгы бизнеси да.Илими бар болгону менен коп эле нерсеге озунун жеке ой пикирин кошуп ташып суйлоп койгондой сезилет.
19.12.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажы деле биз сыяктуу жөнөкөй бир пенде экенин унутпасак,ани бир куйулуштура сүйлөгөн сөзүнө карата үйбүлөлүк абалы үй бүлөсүндөгү болуп жаткан жагдайды ишенбейм жалган дегенинер туура эмес,мүмкүн силер такыр эле баарын идеал тутуп жомоктогудай баары куйулушкан турмушту элестетип алышынар үмкүн,бул деген фанаттык мүнөздүү көрүнүш. Ар бир сөзү элге берген акыл насааты,кыймыл аракетине үйбүлөсүнүн бүтүндүгүнө шайкеш келсе мындай чуу жаралмак эмес. Дагы да атырылып чычалап жооп жазасынар билем.
20.12.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
stimyl.kg,+басам деп адашып –басып алдым. ХХХХХХХ ХХХХХХХ Аялын жок дегенде купу соз менен жактаганга акыбыз жокпу.Башынан туптойсунор деген ойдомун.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-20 14:08:57
20.12.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,
Порталга катталган ар бир колдонуучу ЭРЕЖЕЛЕР https://www.super.kg/erejeler менен таанышып анан каттоодон өтөт.
Гезиттин же порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg, portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
19.12.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенбедим ушул арызга. Азыр адамдар аран эле турушат бироону андып...
Чын болсо деле ал озунун жеке жашоосу.
19.12.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушунча жыл кантип жашасын чычкандын уусун берип олтуром деген адам менен. Жаман болсо ажырашып кетпейт беле балдарынын коопсуздугун ойлоп.
19.12.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чубак ажы мындайга барат деп ойлобойм
19.12.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба кылдым кимге ишенишиңдида билбейсин азыркы заманда.Бир көзүң экинчи көзүңө душман деген туурада. Аллахым нысап берсин.Кам сүт эмген пендебиз адашабыз.Эчкимдин үйбүлөсү бузулбасын,ата энесине эркелеп чоңоюшсун арбир бала.
19.12.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имам Бухаринин тагдыры устаздын башына Келди белем, жаман деген соз таркалып. Ага таппай эле тургандар ишенимиш болуп анан дагы озунун оюн бироого тануулашып ишендиришип эч териштирбей туруп. Исламда бир соз уксан териштирмеинче ишенбе десе керек эле. Ар бир адамга сыноо берилет илимдуулорго эки эселеп берилет тура, анткени алар которо билишет. Устазга сабыр. Бул биринчи сыноо эмес жебегенди жедиришкен убагында. Бул да айкын болот. Мен Устаздын жашоодогу ордун эмес илимин сыйлайм.
19.12.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ushu Chubak aji degen sozdu okuganda je ukkanda jurogum ailanchu boldu.
20.12.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аялдар кызганычтын айынан жалган нерселерди жазышы мумкун, аялы озу жазганбы же жазган эмеспи мага карангы, бирок жазган болсо кызганычтын айынан жалган нерселерди кошуп жазган. Бул жерде Чубак ажынын кадыр баркы тушпойт, тескерисинче которулот.
20.12.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молдонун айтканын кыл,кылганын кылба деген соз бекерден эмес,Чубак Ажы ото уят нерсе кылыптыр...1 аялды бактылуу кылалбаган эркек 2.чисин жарытмак беле?
20.12.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чубак молдодой эр журок эркектер коп болсо калган дини жок кудайдан жоо качкандардын жалаасы суу кечпейт
20.12.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз деле баарыбыз интернетте акылдуу , ыймандуу боло беребиз . А жашоодо кандайбыз жакындарыбыз гана билет. Чубак ажы деле биздей адам бизге насаат айтып динди тушундуруусу анын иши, ал эми жашоосунда кандай адам аны жакындарынан сураш керек.
20.12.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чубак ажынын биринчи аялы бактылуу болсо мындай ишке бармак эмес. Бир аялды ыраазы кылып, бактылуу кыла албаган сон экинчи аялды не кылат?
21.12.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дейт беле
21.12.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сыноо келгенго устазга сабр
21.12.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХ ким жагат озу силерге озу ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-22 09:24:18
21.12.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza.janym,ХХХХХХХХХХХХХХХ кыргыздар кыргыз болуп торолгонубузго сыймыктанып бири-бирибизге жан тартып жардамдашып бири-бирибизди котормолоп эле журобузго ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-22 09:28:48
22.12.2017. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чубак эмне пайгамбар беле жанылбагыдай?! Телеге чыгып кооз суйлоп койсо эле этегин ооп таза эле коколотуп пайгамбар сезип алдынар го! Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт! Жактайт десе эле оозунардан ак кобук чачыратып чын тогунун билбей эле кыйкыра бересинерби?! Бул киши жылдыз оорусу менен ооруп калган коптон бери. Адалсынган молодонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр деген соз кур айтылган эмес да. Ушундайлардан чыгат балээнин бары!
22.12.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пайгамбар эмес пенде го, саясатка аралашып жанылды Эми мунусу... Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дегендей
22.12.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan, aikokul14,
Саламатсыздарбы! Техникалык катачылыктар түзөтүлдү, рахмат.
22.12.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят!!!
23.12.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чубак калп эле ислам дем коюп кыргыздардын башына арабтардын жашоо образын киргизип жатат. Ишеним ар бир адамдын журогундо гана болот. Жубак айткан акылды беш жаштагы бала деле билет. Элдин светтик маданиятын которуш керек. Ошондо ар бир адам Чубактын башы менен ой жугуртой, жеке озунун башы менен ой жугуртот.
23.12.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыныгы жана туура тарбия адамга светский билим, илим, маданият, искуство аркылуу гана келет. Ислам жон гана кыргыздарга арабтардын маланиятын гана уйротуп жатат. Чыныгы кудайга болгон ишеним жан дуйнодо гана болот. Арабтардын маданияты бизге эч бир жакшылык алып келбейт. Улуу кыргыз элин манкуртчулуктан токтотобуз берге.
23.12.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин жеке оюмча Чубак ажы деле адам да..адашкандыр..алардын уй-булоосундо кандай иш болгонун биз билбейбиз да..болгону элге улгу корсоткондой деле иш кылган жок..жаш келинди алды болгону..ал туркияда иштеп журсо, озунун оокатын откоргон тын эле келин болсо керек..анан эле улгу кылдым дебей..эгер Чубак ажы Кыргызстандагы озу тендуу, балдары менен жесир калып, жардам сурагандардын бироон алса, ошондо аябай сыйга татыктуу болмок деген ойдомун..а негизи ал кылган эрдикти кыргыздын мырзалары деле..
23.12.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фанаттык мүнөздөгү ой жүгүртүүнөрдөн келип чыккан сөздөр"тууп таштап кеткен,сойку болуп кеткен,ажырашып кеткен,эрсиз жесир калган,эрге тийе албай жүргөн,жашоотурмуштан кыйналып жүргөн кыздар,келиндерге мызам ченемдүү үйлөнсөк бул көрүнүш азайат"деген тупо ой жүгүртүүнөр суу кечпейт фанатар,бул жонгана жапшаш кызды же кемпиринен жашыраак алып төшөк жаныртуунун амалы. Эркек деген табиятынан катынпоз калкпыз,мына ошо катынпоздукту оздуктоо бул ар бир эркектин жеке эрки жана үйбүлөсүн сыйл
stimyl.kg түзөттү 2017-12-23 23:02:17
23.12.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи Чубак элге моралист арабист болгонду токтотсо болмок. Эртен биринердин башынарга кыйынчылык тушуп калса, Чубак жанынарга басып да келбейт, бир ган ата-эне бир-тууган куйот.
24.12.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлнур Жалилованы 1980- жылкы деп жазып атышты беле
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо