КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

– «Тез жардам» чакырайынбы?- катчы кыз күйпөлөктөп жиберди.
– Жок, эч кимди чакырба!- жардамчы азыр жөн киши менен туш келбегенин түшүндү. Бул жерде Болуш менен Арсендин өзүнчө чечишчү маселеси бар экени айкын болду. Ашыкча ызы-чуу чыгарбаш керек болчу.
Эптеп ордунан туруп, жуунуп келди. Анан Болуштун эшигин какпай эле кирип барды.
– Шеф, сиз мага баарын ачык айтышыңыз керек.
– Эмнеге көйнөгүң кан?
– Тиги зөөкүр... Ал эмне сизди шантаж кылып жатабы? Мен жардам берем. Баарын ачык айтыңыз.
– Тынчтык...- Болуш саамга ойлонуп калды, айтып жибергиси келди, жардамчысы туңгуюктан жол таап кетерине ишенгиси келди, бирок өзүн токтотту, эч кимге ишенгенге болбойт.
– Тынчтык, баары жайында. Ал сенден баягыда сабалып калгандагы өчүн эле алды окшойт. Мен азыр сен айткан зөөкүр менен иштешкенге аргасызмын. Бул бизнес. Болгону бизнес. Анан ал мага жардамчы болот. Мен депутаттык кызматка барганда компанияны сен жетектейсиң, ал болсо депутаттык ишимде жардамчы болот.
Жардамчы толкунданып кетти. Жанатан сабалганын деле унутуп калгандай.
– Мына, карма. Түштүк магистралдагы үйдү ушуга каттап бер,- Арсендин паспортун сунду.
– Бул чын эле сизди шантаж кылып жаткан жокпу?
– Жок. Бул жасаган иши үчүн алып жаткан сыйлыгы.


ххх

Болуш бул күнү Бегимайдыкына келди. Кыз адатынча тамагын даярдап күтүп турган экен.
– Кандайсыз?- кыз моюнуна асылып бетинен өптү. Адаттагыдай жооп ала алган жок, Болуш аны жекире карап турду.
– Сен баарын билесиң да, ээ?
– Эмнени?
– Анткорлонбо! Мен бүгүн баарын түшүндүм. Сен мени сатып кеттиң. Айтчы, сага эмне жетпеди?
– Эмне деп жатасыз?
– Бүгүн Арсен менин кеңсеме кирип баарын сапырып кетти. Мен анын туткунундамын. Бирок бул убактылуу. Арсендин капканына мени сен салып бериптирсиң. Баштан-аяк ойлондум. Мындай дал келүүчүлүк болбойт болчу.
– Таптакыр түшүнгөн жокмун,- кыздын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп турду. Эмне дээрин билбей жатты.
– Лиза, сен, Арсен. Силер баарыңар бир болчусуңар.
– Хм,- Болуш да, Бегимай да ким күлдү дегендей чочуп кетишти. Аларды карап, дубалга жөлөнө Арсен турган. Ал качан кирип келгени белгисиз. Жигит муңдуу көздөрү менен аларды карап алып болушунча жылмайганга аракет кылып жатты. Өзүн кыйнап күлүп жатканы көрүнүп турат. Бегимайдын көздөрү чакчая түштү.
– Баары сүйлөшүлгөн болгон күндө да, Бегимай сени сатып кеткен болсо да сен эмне кыла аласың, айтчы?
– Соттошом. Түрмөдө чиритем.
– Түрмө менен коркутпачы! Дегеле мени коркутпачы. Мен коркуудан калган кишимин. Бирок сенин логикаңа таң калып жатам. Ушунун баарын эгер пландап жасаган болсом, анда эмне сага каршы, сенин таасирдүү саясатчы досторуңа каршы таптакыр эч нерсе даярдаган жок деп ойлойсуңбу? Сенин эмне ойлоноруңду, кандай ойлоноруңду мен жаттап бүткөм. Ар бир кадамың белгилүү. Менин айтканымдан чыгып бир жаза тайчу болсоң, орус кызды мууздап жатканың интернетке тарайт, героин сайынып алып, өлүк денени зордуктаганыңды бүт баары көрөт. «Жо-ок, бул подстава» деп кыйкырарың анык, өз колуң менен капчыгайда көмүп жатканыңды кантесиң? Акчанын күчүнө салам, эптеп кутулам деп ойлонуп баштадың, ээ? Жо-ок! Кандай болсо да сен жок эле дегенде 2 айга камакка алынасың мыйзам боюнча, туурабы? Бул аралыкта эмне болот? Үй-бүлөң, балдарың... Айтчы, эмне болот? Болуш, артыңдан толтура көздөр аңдып жүрөт, бир билип кой ушуну. Сенин ар бир кадамың менин көзөмөлүмдө.
Сен тынч жүрсөң, мен тынчмын. Артымдан аңдытып киши салчу болсоң мен сени аябайм. Уктуңбу?! 8-класста окуган жакшы көргөн уулуң бар экен. Кенже балдар сүйкүмдүү болот да. Аны да ойло!
Болуш эмне деп жооп берерин билбей туруп калды. Кыязы ордунда түз туруу кыйын болуп кетти окшойт, жумшак отургучка кулады. Башын мыкчып, кылар айла таппай турду. Бегимайдын оозу жарым-жартылай ачылып, көздөрүнө коркунуч толуп калыптыр. Экөөнүн кейпин карап туруп жигит көкүрөктөгү баягы белгисиз боштук дале толбогонун туюп жатты. Балким, Бегимайды да тебелеп-тепсеп көрөттүр. Мүмкүн, ошондо жеңилдейт.
Үшкүрүнө жанындагы отургучка отура кетти.
– Кечээ акчасы, байланышы бар Болуш сени менден байлыгы менен азгырып алып кеткен. Бүгүнчү? Бүгүн сен менин көңүлдөшүмсүң. Болуш менин ар бир буйругумду кыңк дебей аткарчу адамга айланды. Менден мындайды күтпөсөңөр керек. Өмүр бою байкуш болуп калат дегенсиңер да. Айткылачы, дараметиңер ушул эле беле?!
Жигит шылдың менен жылмайды. Бирок баары бир өзөгү өрттөнүп жатты. Ал жеңиштин даамы башкача болот деп күткөн. Кайдагы бир аны кемсинткен бай, байга азгырылган жеңил ойлуу сүйүктүүсү үчүн ал адам кейпинен кетип, максаттары үчүн адам өмүрлөрүн садага чапкан таш боорго айланып калыптыр. Жок, бул жеңиш эмес.
Бегимай болсо көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп, эмне деп жооп берерин билбей турду.
– Болуш, сен чыгып кет! Эртең жолугабыз.
Жигиттин буйругуна баш ийип Болуш шөмтүрөп сыртка жөнөдү.


ххх

Болуш чыгып кетери менен Бегимай турган жеринде ыйлап жиберди. Жүзүн жаш жууп жатты. Арсен ордунан туруп барып, стаканга толтуруп муздак суу куюп келди.
– Ме, ич.
– Мага жолобо, чыгып кет!
– Жок, сулуу, сен чыгып кетишиң керек. Эми бул менин үйүм.
– Эмне?!
– Ооба. Азыр сага алдагы муздак сууну ичип алган ашыкча болбойт болчу.
– Сендей адамдын жанында туруу жийиркеничтүү экенин билесиңби?
– Кааласаң үйдө кал. Экөөбүз башкача жашап баштайбыз.
– Жок!
– Анда чыгып кет.
– Сен жийиркеничтүүсүң!
– Аны жана эле айткансың.
– Лизаны сен өлтүрдүң да, туурабы?
– Болуш өлтүрдү. Мен тасмага тартып алдым.
– Мен милицияга барам.
– Бара гой. Болуш менен тааныштырган ким эле?
– Мен баарын айтам.
– Айт. Бирок бир суроо да, сен ушул үйдөн менсиз чыксаң, Болуш сени жөн коёт деп ойлойсуңбу? Лифтке түшөрүң менен жок кылып салсачы?
Бегимай үндөбөй күрмөсүн кийди да, сыртка жөнөдү. Жигит башын чайкап койду. Кыз дале ыйын токтото албай жатты. Түз эле барып лифттин баскычын басты. Дың эте эшиктер эки тарапка ачылды. Ичинде далдайган жигит турган экен.
– Сенби Бегимай?- деди ал өктөм.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(16)
19.12.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундайда биринчи деп коет беле.
19.12.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии ото аз го дагы бир жума кутмой
19.12.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи дегендердин "Б"сы корунбойт го
19.12.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1жума кутосун 1минутада окуп койосун мынча аз
19.12.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи дейбеле
19.12.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ кобууроооок эле чыгаргылачы сураныс
19.12.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүткө тойбогон мышыктай эле болуп калдым го...
19.12.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каап түзүк эле өзүмү кармап суббота окуйм дедим эле окуп алдым, эми качан 1 жума өтүп уландысын окуйм(((.
19.12.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимай дагы олобу
19.12.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир жума.... Өлдүмго ай караган текедей болуп..
19.12.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий кокуй эми Бегимайга кол салабы, Арсен чынында жырткычка айланыптыр. Болуштун соо койбошун билип туруп, таарынып чыгып бараткан кызды токтотсо болмок
19.12.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураныч кобуроок эле жазып коюнуздарчыыы
19.12.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын баштаган озу Бегимай. Эми озу бышырган ашты озу жейтта
19.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лифтеги далдайган Арсендин адамы болуш керек менимче
21.12.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа мен да Арсендин адамы деп ойлоймун
22.12.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииииий бир аз мындан кобуроок жазсанар эмне болот? Кутконубуз бир жума анан эле, уландысы кийинки санда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо