Ильяз Абдыразаков, ырчы: «ПРОДЮСЕРИМЕ МЕНИ ЭМНЕГЕ ПОПУЛЯРДУУ КЫЛДЫҢЫЗ ДЕП НААРАЗЫ БОЛГОМ»

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

Кыргыз эстрадасында өз күчү менен элге алынып, көп жылдардан бери «өчпөй» хит ырларды жаратып келген ырчы-обончулар аз. Алардын катарын балакай кезинен кыргыз шоу-бизнесинде жуурулушуп келаткан Ильяз Абдыразаков толуктайт. Жакында гана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыган ырчы мырза түз байланышка келип, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулап кетти.


– Ильяз, мурун суроолорго тарс-тарс жооп берчү элең. Азыр болсо кыйналып жооп бересиң. Бул 7 жыл аралыгында адам өзгөрөт дегенди түшүндүрөбү?
– Интервьюну бир эле киши көрбөйт, улуу-кичүү бар дегендей. Ошон үчүн сөздү байкап сүйлөйм. Балким, ошондо ойлонуп калган учурлар болот. «Өзгөрдүң» деген сөздөрдү деле уккам. Өзгөрсөм жакшы жагына өзгөргөндүрмүн, жаман жагына эмес.

– Мүнөзүң жумшактай көрүнөт. Качан көрбөйүн баарына макул дей бересиң. Үйдө жакпаган нерсе болсо катуу айта аласыңбы?
– Катуу айта турган учур болсо айтам. Кыргыздарда эркек киши көп нерсени чечет эмеспи. Биздин үйдө деле бардык нерсе менин уруксатым менен болот. Алдын ала мага жакпаган нерсенин болушуна жол бербейм.

– Бир жолу Ильяз жана анын достору менен чогуу отуруп калганбыз. Аябай уятсыз тамашаларды айтып каткырып күлө беришет экен. Ошондо көңүлүм иренжиген. Эки уулдун атасы болуп калдыңыз, мындай адаттарыңызды калтырбайсызбы?
– Мына, ушундай да, бир нерсе сүйлөйүн десең туура эмес кабыл алышат. Ар адамдын түрдүү кыялы бар, баарына жагыш кыйын. Кичине «серьёзный» болоюн десең, «бул өзүн көтөрүп сүйлөбөйт же сөзгө жок» деп чыгышат. Кээде ачык-айрым сүйлөсөм ушинтип «уяты жок сөздөрдү айтат экен» деп туура эмес түшүнүп калышат. Эгер сизге уяттуураак сөз айтып көңүлүңүздү оорутуп алсам, кечирип коюңуз. Эми эркекчиликте боло берет да (күлүп).

– Жогорку билим албай калдым деп өкүнбөйсүзбү? Кеңседе отуруп иштей алат белеңиз?
– Билим бардык адамга керек. Бирок мен музыканы тандаганыма өкүнбөйм. Кеңседе отуруп иштей албасам керек. Азырынча элдин кызматындамын.

– 10 жылдан ашык сахнада жүрөм дейсиз, кандай материалдык байлык арттырдыңыз?
– Чыгармачылык жаатта үй алса болот бекен деп сынап көрсөм, болот экен, үйүбүз бар. Канчалаган машиналарды алмаштырып минип жүрөбүз. Жакында дагы бир машина келатат. Досторум Германиядан белек кылып Тойота Камрини жөнөтүштү. Буюрса, Жаңы жылга жаңы унаа менен катуу айдап кирип барабыз.

– Ильяз, Медина менен сүйлөшүп жүргөндө «келе кал» десе жетип барам» дечү элең. Азыр деле ошондойсуңбу?
– Биз көп сүйлөшпөй эле үйлөнгөнбүз. Чогуу жашап жүрүп бири-бирибизди жакшы билип калдык. Ортобузда ишенич да чоң. Ошондуктан азыр «келе кал» деп деле айтпайт. Тескерисинче, «эртерээк туруп, иштериңди бүтүрүп ал» дейт.

– Бизге чыгармачылыктан тышкары жеке жашооңуз да кызык. Инстаграмга үй-бүлөңүздүн сүрөтүн аз жүктөйсүз, эмнеге?
– Инстаграмда ар кандай адамдар бар. Кээ бирлер фейк баракчалар менен жагымсыз билдирүүлөрдү жазышат. Ошондуктан үй-бүлөмдү чыгаргым келбейт. «Турдук, жаттык, бастык» деп чыгара бергенди туура эмес көрөм. Анан да улам сүрөт киргизип интернетте отурган адамдардын башын ооруткум келбейт.

– Келинчегиңиз Инстаграмда жазгандарга орой жооп берет. Үйдө да сиздерге ошондой мамиле кылабы? Жөнөкөй адамдын келинчеги эмес да, бир аз жөнөкөй бол деп коюңузчу.
– Макул (күлүп). Негизи ар бир адамдын тилин таап сүйлөшкөнгө аракет кылыш керек. Мен келинчегим орой сүйлөп жатканда алдап туруп тилин таап алам.

– Эмнеге мурункудай хит ырларды жаратпай калдың?
– Көп эле ырларым хит болду. Кезинде продюсериме (ред.: Баяке Чааров) чалып, «Эмнеге мени популярдуу кылып салдыңыз? Кичине мени жамандап, «өчүрүп» бериңизчи» деп нааразы болгон күндөрүм да өттү. Атагыбыз артып ар ким чалып, «бул жакка кел» деп улам интервьюга чакырышып, күнүбүз жолдо эле өтүп калчу. Ошондо продюсерим «сен артка кетпей, алдыга умтулгун» деп урушкан эле.

– Чет өлкө менен биздин маданиятты салыштырып көрөсүңөрбү? Сенин оюңча, кыргыз эстрадасынын келечеги барбы? Тойлоп эле жүрө берсеңер маданиятыбыз эмне болот?
– Тойго да сыйлагандарды чакырат. Чет өлкөдө биздей болуп той өткөрүшпөйт. Алардын салт-санаасы башка. 3-4өө биригип эле той өткөрүп коюшу мүмкүн. Чет өлкөлүктөр биздин ырларды аткарып жүрүшөт. Демек, биз деле жакшы иштеп жатабыз. «Жаным, ай» аттуу ырымды 18 тилде которуп ырдап жүрүшөт. Алар менден уруксат сурашкан деле эмес. Биз муну ийгилик катары көрүп, автордук укук талап кылып чыккан эмеспиз.

– Аял менен эркектин ортосундагы сүйүүнү кандай түшүнөсүз? Сүйүүнүн чеги болобу?
– Сүйүү айтып бүткүс дастан, «Титаник» (күлүп). Сүйүү бар болуш керек. Сүйүү бар жерде турмуш куралат, чеги жок деп ойлойм. Жакшы көрүү деле сүйүүгө кирип калса керек. Жубайымды сүйүп алгам.

Ильяз эфир учурунда угармандар суранган ырларды аткарып берди.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Атактуулуктан тажап, "өчкөнгө" да аракет кылгам" дейт Ильяз Абдыразаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
13.12.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ильяз очпос талант ээси
SUPER.KG видео
13.12.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыныгы талант. Ата энениз сиздер мн шаарда турабы?
SUPER.KG видео
13.12.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
крассавчик эл артист кылса жарашчудай экен
SUPER.KG видео
14.12.2017. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Айгерим расул кызын чакыргылачы
SUPER.KG видео
14.12.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сен очпой эле кой Ильяз наоборот кайрадан чык сахнага
SUPER.KG видео
14.12.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргызстанда №1чи Супер Ырчы Мырза Ильяз Абдыразаков! Мен сиз Сахнага жаңы келгениңизден баштап, ырларыңызды сүйүп угуп келем. "АЗАП" аттуу ырыңызды, жүрөгүм мн сүйүп угам. Талантыңызга чексиз Таазим этем. Адамдагы эң жакшы сапат, бул Жөнөкөйлүк сиз ушул сапатыңыздан жазбаңыз. Сизде баары бар,Жөнөкөйлүк, Адамгерчилик, Талант, Үн, Келбет ж.б тек гана сизге Эки Дүйнө Бактылуулук каалайм!!! Урматым мн мен Бурханова.Д.А.))))
SUPER.KG видео
14.12.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыныгы талант Азамат эл артистин алууга татыктуусун сыйлайм!
SUPER.KG видео
15.12.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Очуруп бериниз дегенин
SUPER.KG видео
15.12.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арыктагандан толмоч жургон жакшы жарашат экен сага сенин талантынды аябай баалап угам азаматсын
19.12.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Красавчик Ильяз, сенин ырларынды суйуп угам. Кыргызстанда эчбир ырчы сага жетпейт
19.12.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялы орой болсо опаснаяго
19.12.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыгармачылыгына ийгилик, сенде чыныгы талант бар. Кичипейил, жонокойлугун жагат мага. Суббота кунку тойдо селфи учун рахмат. Сенин ырларыны жактырып угам.
19.12.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кийимдери эле бир кызыктай,болбосо таланты жакшы.
19.12.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат ушул жигиттин аркасынан ушак айын эрчигенин эч укбайм демек озун жакшы алып журот.
19.12.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул баланы сыйлаймын,ото талантуу жонокой бала,бир таарынычтуу жери мен Берген суроого жооп бербей калыптыр,запасы жонундо суроо Берген болчум,эн керекту сурово болчу?
19.12.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АПА жонундо суроо Берген элем.
20.12.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЗАП деген ырыныз жагат да соонун бар болунуз
20.12.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантуу инсан
20.12.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы деп ушуну айтса болот
20.12.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмгек синирген артист наамын Ильязга бериш керек болчу..
21.12.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик коштосун Азаматсын.мага жагасын.
21.12.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз чыгармачылык ийгилик каалайм, ушундай уулду тарбиялап остургон апанызга таазим этким келет. Аллах ар дайым колдосун.
21.12.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаным ай ыры хит болгондо алты саат тынбай бийлегенбиз чиркин!
23.12.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз окуп жүргөндө абдан аттактуу эле.ар бир ырын суйуп укчуумун.менин жакшы көргөн ырчым.баардык тараптан ийгилиик артыра бериниз.
24.12.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз байке сизге чыгармачылык ийгилик уй булонуз менен ден соолукта аман болунуз. Баяке Чааровду эстеп жургонунуз учун чоон рахмат.Карындашымын,байкем менен сыймыктанам.Арбагы ыраазы болсун!
18.01.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Легендарный Ильяз ) Ийгиликтер болсун ырлары абдан мыкты.
25.01.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча жыл сахнада журсо да аябай тартынчаак.Аябай жонокой,эч жулкунуп меники болуш керек дебейт экен,болбосо бул зангыраган уйлорду салып бизнес ачып салса болмок,бир калыпта эле журот,мактанганды билбеген эн эле жонокой инсан,бактылуу болсун ылайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо