№789 15-21-декабрь, 2017-жыл
Каракол шаарынын тургуну 7 жаштагы Албан-Али Алым уулу Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» («Лучше всех») берүүсүнө катышып орусиялыктардын оозун ачырды. Албан-Али берүүдө жаныбарлар дүйнөсүн мыкты билгендиги менен көпчүлүктү таң калтырган. Өзгөчө кичинекей мекендешибиздин шайыр-шамдагайлыгы, тапандыгы баарынын кызыгуусун арттырды. Долбоордогу эл алдына чыгуусу тууралуу Албандын атасы Алым мырза: «Албан 4 жашынан бери жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгат. Башында мындай өзгөчөлүккө маани берген эмеспиз, кийин байкасам Албандын айткандары интернеттеги маалыматтарга дал келет экен. Ал эми «Баарынан мыкты» долбоорунун кастингине интернет аркылуу катышып, анан кабыл алышты»,- дейт. Эске салсак, «Баарынан мыкты» долбооруна буга чейин Кыргызстандын атынан Брюс Линин ыкмаларын туураган Нурмухаммед Ташмаматов, интернетте өзгөчө бийи менен популярдуу болгон Нурпери Тургуналиевалар катышып келишкен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
14
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ак калпакты башына кийгизип,он тетирисине карап,ондоп атканын кара тыпылдап,башка бала болсо колуна берип коюп отурмак))