Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айгерим Расул кызы, ырчы: «МЕН ЭЛДИ ТАЖАТКАНДАРДАН ЭМЕСМИН, АЛАР БАШКАЛАР»

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

– Кандайсың, Айгерим? "Убактым тар" деп калдың, тойлорго чакыруулардын аягы суюлбай жатабы же жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыңбы?
– Жакшы. Ооба, убактым чындыгында тар болуп жатат. Жаңы чыгармаларды жаздыруунун үстүндөмүн. Өзүңүздөр байкагандай, акыркы 5 ай тойдон колум такыр бошогон жок. Тойлордон келген буйрутмаларды убактылуу токтотуп, бир аптага борборго иштеримди бүтүрүп алайын деп келдим. Анын үстүнө Жаңы жылдык кечелерге тартылуу иштери башталды.

– «Өзүң эле» деген ырыңдын клиби плагиат деп сынга көп кабылды окшойт...
– "Өзүң эле" аттуу ырымдын клибинин идеясы мага таандык. Бул идея тарыхый тасмаларды көргөндөн кийин пайда болгон. Америкалык ырчы Кэти Перринин клибине окшоштуруп, плагиат деген туура эмес. Мен анын клибин эл сындап баштагандан кийин көрүп чыктым, клиптерден такыр окшоштук көрө алган жокмун. Болгону Египет жана Клеопатра деген нерсе бар. Жагымсыз пикирлер канчалык көп айтылса, демек, элдин кызыгуусун жарата алды. Сын болбосо өсүү болбойт.

– Инстаграмдагы баракчаңа тойдогу видеолоруңду жүктөп, күйөрмандарыңды тажатып алган жоксуңбу?
– Мен дагы көбүн чыгарган жокмун. Инстаграмдагы баракчама чыгармачылыгыма байланыштуу гана видеолорду, сүрөттөрдү жүктөйм. Жеке жашоомдогу көрүнүштөрдү элге жарыялагым келбейт. Күн сайын ар бир кадамымды сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчама киргизүү мен үчүн ыңгайсыз. Реалдуу жашоодо жашабай эле интернет үчүн жашагандай болуп каласың. Мен тажаткандардын катарына кирбейм. Тажаткандар башкалар.

– Бир күндө канча тойдо кызмат көрсөтүүгө үлгүрөсүң?
– Ар кандай. Бир күндө 7 тойго барып жетишип жаттым. Эч болбоду дегенде күнүнө 3 тойго барам. Кудайга шүгүр, айткан сумманы төлөп, ыраазы кылып жөнөтүшөт.

– Жеке ишкердигиңди эсепке албаганда тойлордон көп каражат таптың. Сени миллионер десе болобу?
– Мм, бул суроого ачык жооп бере албайм. Мактангым келбейт. Бирок тапкан акчамды асманга чачып, кийинип, ичип-жеп эс алгандардын катарына кирбейм. Сарамжалмын. Айрымдар кийимге, сулуулукка жумшайт деп ойлошот. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дегендей арканды узун таштап эмгектенип жатам.

– Азыр жеке ишкердик менен алектенип баштадың. Бут тоскондор болуп жатабы?
– Көрө албастык бизде күч алган. Бирок буга чейин мага бут тоскондорго маани бербей келсем, эми тоскон буттарын кайрып койгонго акылым жетет. Канчалык тоскоолдук жараткандар көбөйгөн сайын менде ошончолук ишке болгон жөндөм күчөйт.

– Сахналашың Сайкал Садыбакасованын үлпөт тоюнан сени көрө албадык, мамилеңер салкынбы?
– Жок, тескерисинче, мамилебиз жакшы. Болгону Сайкалдын тою белгиленгенге чейин тойлорго буйрутмаларды алып алган элем. Алыскы аймактарда болгондуктан Сайкалдын тоюна кечигип калдым. Бирок жолдошум экөөбүз кызматта болуп, Бишкектен келген меймандарды тосуп алып тойго чейин кой союп, тойдон кийин дагы коноктоп узатып койдук.

– Чакан мамлекетиң тууралуу кеп козгосок. Тойлорго кеткениңде кызың уктабай, сени күткөн түндөрү болобу? Сендеги талант кызыңда да барбы?
– Мен тойлордон 1-2 саатта эле келип калам. Алыскы аймактарга барганда көбүрөөк убактым кетет. Күндүз кечке кызым менен алекмин, кечинде тойлорго барып келгенче кайненем же сиңдим карап турат. Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда. Жолдошума, кызыма ар дайым жетиштүү убакыт бөлөм.
Ал эми кызым тууралуу айтсам, оюнчук ойнобойт. Сыналгыдан кечке клип, концерттик берүүлөрдү көрөт. Музыкага аябай жакын. Бирок ырчы болушун каалабайм.

– Социалдык баракчаңа «аз калды» деген табышмактуу билдирүүңдөн кийин «кош бойлуу экен» дегендер болду. Экинчи наристеңерди күтүп жатасыңарбы?
– Кош бойлуу эмесмин. Кудай берерин унутпаса ал да болот. Азыр эмес же 2 жылдан кийин дегендерден эмеспиз.

– Таланттуу кыздардан турган топ ачкан элең. Бирок шакирттериңдин ырын уга алган жокпуз. Топ таркап кеттиби?
– Кастинг кылып кыздарды тандап алгам. Бирок бири ырдаса, бири ырдай албайт, бири бийлейт, бири бийлей албайт же келбети сахнага ылайык эмес. Айтор, бардык жагынан сахнага төп келген таланттууларды жолуктура албадым. Оюмдагыдай болбогондон кийин жоюп салдым. Буюрса, келечекте тажрыйба топтоп, чоң сынак уюштуруп бардык аймактагы таланттуу кыздарды чогултам деп жатам.

– Маегиңе рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айгерим Расул кызы: "Бир күндө 7 тойго бардым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(75)
19.12.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин той болгон мезгилде жар жар турмак тамада жок болчу.Ысрапклрчулук азайбай кобоюп жатат. Детдомдорго бергиле жар жарга берген акчаны
19.12.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы кыз азамат!ушунундан жазба АЙГЕРИМ
19.12.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыска кийинбесен эле болгону,болбосо аябай сулуу кызсын,узун кийимдер соонун жарашат сага,кызынын бактын берсин,омурун берсин,исламкой диндаркой кыздардан болсун,силерге 2 дуйнолук бактылуулукту каалап кетем.
19.12.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жар Жарды азыр жашы деле, секелек кызы деле, ажырашканы деле ,
кече куйго тийгени деле айтып атышат...деги койчу баркын кетирип бутушту
Жар Жардын маани манызы-бул уй булоолуу, озу созу акылман, жолу улук, колу жугумдуу, журуш-турушу тузук, кадыр-барктуу аксакал апалар айткан.
Анан ырчылар —жандуу айтсанар батамды берет элем
21.12.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
DAKS,ошо илгери ырымдап коп балалуу, уй булосу бутун апалар, женелер жаш жубайларды алып кирген. Кээде ойлоп кетем де ушу баласы жок, куйосу жокторду жар жар айттырбай эле ырдаганга эле чакырышса деп. Басынткандык эмес ар кимдин орду болуш керек. Ошондо ырчыдар да улгулуу уй було кутконго умтулушмак бир четинен)
19.12.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте эрин жакшы болсо ушинтип кыйын болуп суйлойсун да. Эн негизгиси кыз баланын багын ачса эле болду экен. Эри жакшы болсо эчкимге повод бербейт экенсин. Кантсе да бешенен экен бактылуу бол. Мурунку кылык жоругуну эстеп кулкун келир уялып калсан кк. Анан да мына ак койногун Ж.Лону туурап типа ошондой тиктирипсин жакшы. Женифердики торунон бери корунот
19.12.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мурда Айгеримге эч жакшы комент жазгандарды корбойт элек. Турмушка чыгып онолду. Ушунундан жазба! Бир интервюсунда арык болуп чыга келем деген эле айтканын аткарыптыр. Азамат!!!
19.12.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айгерим эжени тойго чакырганбыз 1000долларга келген!Анан да ниет кылып чакырганбыз,анткени шоу бизнесте уй булоосу менен чыгармачылыгын чогу алып кеткен,бактылуу айым деп.Жаржарды ажырашкан,турмушка чыга элек кыз келиндер айтса болбойт.Жаны уй булоо куруп жатып жакшы ниет кылып чакырат. Биз Айерим эжени чакырганбыз соонун алып кирип берген
23.12.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
munar98,мин доллар дейсинби тообоо мынча кымбаат
19.12.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун комментарий бериптир. Сизге ийгилик Айгерим.
19.12.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек муноз кызсын.Жаны ыр клиптерди кутобуз. Сахна ханышасы сени жакшы коробуз. Тажатма ырчылар Анжелика менен Самара анан Нурлан
19.12.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кийингени эле жакпайт арзан койнокторду кийин алганы,ошончо акча таап жатса тузугурок кийинсе болотко,казактардын ырчылары соонун кийинишетко биздикилерди коруп уяласын
19.12.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун интервью берипсин. Мага башынан жакчуусун азыр да аябай жагасын. Периште кызсын. Ишине ийгилик. Башкаларга окшоп мактанып ,жалжактап озунду коргозбойсун.Сылык сыпаа суйлогон мунозундон жазба.
20.12.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-энесинин колунда талтандаган,элди тажаткан,кокурогун корсотуп,инстаграмга жуктогон кыз эле.Куйоосу конкретно тарбиялап коюптур!!!!
20.12.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
mela, Керек болсо азыр деле талтандап, кокурогун коргозуп койот кааласа:-) Айгеримдей сулуу, фигурная болсом мен деле кийинмекмин ошентип. Куйосунон эмес, озунон! Айгеримдин арамдыгы, жасалмалулугу жок баары сыртында. Кана ыймандуу деп мактаганынар эмне болуп жатышат мисалы ХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХ Былыктары чыга баштады го! Айгерим алда канча ойдо турат. Ошко барып келин болуп коргулочу биринчи. Ошко келин болуп, ошол жакка батып, жашап кеткен Айгерим молодец! Баа бердим бул кызга
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-20 09:40:11
20.12.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kanushai,Туура айтасын. Майдай жакты создоун....
23.12.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanushai,озу Ата теги Оштон болот да кайсы жерден эмес ыйманынан!
20.12.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,куйоодон эле эмес секелек убагында кийди, келиндик доорунда озу билип кийинип жатат?!
20.12.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кызды негедир Хюрремге окшото берем)) Характери жагат! Эч слабыйлыгын коргозбойтта, дерзская, сонун кыз да! Суктанам баарын орду менен алып бара жатат коз тийбесин. Канчалаган создор болду тоготкон жок. Кыскасы озунун амбициясы менен жашайт. Мындайларды сындырыш кыйын озунукун бербейт.
20.12.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Күлгөндө ообу жок күлгөндөй сезилет.өтө эле кыска кийинет
20.12.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sarychelek9286, Жакшына жасалмасы жок кулот.Не деп жазышынды билбей дооруй бербечи
20.12.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгеримди мен да окшоштурам Хюремге....Кыргыз сулуусу. Талыкпай эмгек кыла бер,бут тоскондор ичи куйуп кала берсин....сен Кыргыз элиме керексин!
23.12.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tynchatyncha,жети уктап тушундо корсонда окшошпойт Хурем башка Хуремди аткарган актриса сулуу.Бул ким?сен учун сулуу!!!
21.12.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жарайсын Айгери суйлогон созу ордунда Кыргыздын сулуусу акылдуу экени жасаган иштеринен корунуп турат ийгилик
21.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжеликанын огородуна таш ыргытып кетиптир :)))
21.12.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оффф я оффф безвкусица на веки)))
22.12.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажаткандардан эмесмин деп сонун айтыптыр да, а то инстаграмга кирсен кээ бир ырчылар ичип жегенин, деги эле баскан ар бир кадамын киргизе беришет.
Сонун Кыз да тыкылдаган созу бир ордунда маанилуу.....азаматсын
SUPER.KG видео
22.12.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим опера ырдаса жарашат кыймылы анча окшошпой калат
22.12.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишиңе ийгилик
22.12.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунун ырларын да уккандар бар экен да,такыр мааниси жок го озбек вариантта ырдайт. Ырдаватса башка каналга буруп салам.
26.12.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumay2015, сен озбек менен кыргыз тилдин айырмасын билбесен керек да мен укканмын ырлаоы кып кыргызчп эле тундук туштук элдин озунчо тилдери болот айырмалай билиш керек тушунуп же укпай кой
SUPER.KG видео
23.12.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын чыгармачылыгына ийгилик.бактылуу бол.
23.12.2017. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтоо, жакшы кыз. Бактылуу бол.
23.12.2017. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык жагынан зынк да бул кыз азаматсын АЛГА
23.12.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сын айтышсале демек кызыгат, демек жагат деген созду эле кайталай берет тообо.
23.12.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guli.raimbekova95,айтпа,жаман пикир айтса демек мага квзыгат дегеничи)))))
а так онолду эрге тийип..
23.12.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул эмне дегени (келбети сахнага туура келбейт!)Адамдын адамдык сапаты билими таланты келбетине карабайт !Аша чаап салыптыр айтып койотко биринчи озунду кузгудон карап анан бироого сын так! деп суйлойт десе суйлой берет экенда.Сени кобу жаман корот ошону унутпа !!!!
24.12.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azatbek83, Келбети сахнага туура келбесе мин таланттуу болсо дагы Элге тааныла албайт. Сахнаны карачы бут келбеттуу уну жоктор журот, бирок эл сыртына кызыгып баалап угуп калган заман. Адамдык сапат деп ар кимди алып чыга бермек беле. Озун куздугон караганда эмне? Эн сулуу айым, Кудай Айгеримден сулуулукту аяган эмес. Сен жаман корсон интервьюсун окуп эмне кыласын?
24.12.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы сонун сөз жоооок
25.12.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар качан онолобуз.бири бирибизге сын тагып журуп,бири бирибизди чукуп журуп ушул кунго келдикко..ошон учун Кыргызстан алдыга жылбайт..Айгерим жаман иш кылып жаткан жок, уурулук же ушак айткан жоок..жон койгула да.озунун мээнети.кандай иш кылса дагы..болгону алдыга умтулуп,изденип атат.
25.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yrchilarsiz toi otpoinkalganbi..ayilda kandai kana irvhilar bar.Janduu un menen 1000 somgo dele irdap beriwet...irchilardi kopturboi..kaadalantpai
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо