Өгөй атасынан зордук көргөн деген кыз: «ӨГӨЙ АТАМ ЗОРДУКТАГАНДАН БЕРИ АПАМ МЕНЕН БИР ДАГЫ ЖОЛУ СҮЙЛӨШӨ ЭЛЕКМИН»

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

14 жашынан тарта өгөй атадан кордук көрүп келген 17 жаштагы кыздын тагдыры качан гана эне болгондо ачыкка чыгууда. Ноокат райондук соту «кылмыштын курамы аныкталбаган» деп өгөй атаны актаган. Ал эми райондук соттун чечимине макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

КЫЛМЫШТЫН КУРАМЫ АНЫКТАЛБАГАНДЫКТАН АКТАЛДЫ
2015-жылы Ноокат районундагы айылдардын биринде Б.М. аттуу адам 14 жаштагы өгөй кызын күч колдонуп зордуктаган. Зордуктаган соң өгөй ата кызга «бул тууралуу бирөө-жарымга ооз ача турган болсоң апаңды да, сени да өлтүрөм» деп коркуткан. Коркуп калган кыз туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Кийин өгөй ата кылмышын жашыруу максатында кызды туугандарыныкынан өз үйүнө алып келип, өзү болсо Орусияга иштегени кетип калган. Жабырлануучу кыз 16 жашында 21 жаштагы жигитке турмушка чыгып, кош бойлуу болуп калган. Андан көп өтпөй кыздын өгөй атасы тарабынан зордуктоо болгону билинип, Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери башталган. Кылмышка шектүү катары 2017-жылдын май айында Орусиядан депортацияланып келген Б.М. аттуу кыздын өгөй атасы кармалган. Бул иш боюнча Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда иш Ноокат райондук сотуна өткөрүлгөн. Соттук териштирүү 6 айга созулуп, ушул жылдын 23-ноябрында кылмыштын курамы аныкталбагандыктан өгөй атага карата райондук сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган. Ошондой эле ага үйүн кыздын туугандарына өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Бирок бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

«ӨГӨЙ АТАМ КҮЧ КОЛДОНУП ЫПЛАС ИШТЕРИН КЫЛА БЕРЧҮ»
«Өгөй атам зордук көрсөтчү» деген жабырлануучу кыз бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 7-8-класста окуп жүргөнүмдө эле өгөй атам мени өпкүлөп тийишип жүрчү. Көбүнчө үйдө эч ким жоктугунан пайдаланчу. Мен бул тууралуу апама дагы айта алган эмесмин. Себеби ал мени «апаңды, сени өлтүрүп, анан өзүм өлүп алам. Анан бул тууралуу эч ким билбей калат» деп коркутчу. Ал дайыма арам ишин мага күч колдонуу менен кылчу. Биринчи жолу абийиримди алып, зордуктаганда үйгө мас абалында келген эле. Апам жумушта болчу, бөбөктөрүм эшикте ойноп жүрүшкөн. Үйгө кирип келип эле мени кармап алып арам ишин кылды. Эстесем, мен ошондо ыйлаган боюнча дааратканага барып ич кийимим кан болуп калганын көрүп, аны жок кылып салгам. Анан таежемдердикине барып, кечке эле ыйлай бергем. Алар сураса дагы өгөй атамдын кылганын кантип түшүндүрүп беришти билбей, ыйлай бергем. Андан кийин мага кечирим сурап келип жүрүп акыры үйгө алып келди да, өзү Орусияга иштеп келүү үчүн кетип калды. Андан кийин мен Кадамжайда иштеп жүрүп, жолдошума турмушка чыктым. Жашым 18ге толо элек болгондуктан мен төрөгөн ооруканага милиция кызматкерлери да келип менден сурак алышты. Анан да төрөт учурунда кан басымым көтөрүлүп, өгөй атамды айта бериптирмин. Кийин эсиме келгенде эмнеге деп сурашканда гана болгон чындыкты милиция кызматкерлерине айтып бердим.
Мени көптөр «жалаа жаап жатат» деп да ойлошу мүмкүн. Бирок өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, ушундай ызы-чуу мага зарыл беле? Экинчиден, апамды жолдошу менен ажыраштырып, 5 бөбөгүмдү жетим калтырганым кимге керек? Эми болсо сот «далил жок» деп аны эркиндикке чыгарды. Өгөй атам мени зордуктагандан бери апам менен бир дагы жолу сүйлөшө элекмин. Кантип сүйлөшүш керек экенин да билбейм, жүрөгүм башкача боло берет. Бирок кээде атамдын кордугун көрбөй туруп, турмуш курганымда жашоо мындан дагы башкача болот беле деп ойлоно берем.

«ЭЖЕМДИН КЫЗЫ «ҮЙДҮ КӨРГҮМ ЖОК» ДЕП МЕНИКИНЕ КЕЛИП АЛГАН»
Жабырлануучу кыздын таежеси Бүжамал Шарапидинова буларга токтолду:
– Мен ал кыздын таежеси болом. Анын апасы, менин эжем 2 кызы менен 2009-жылы кызын зордуктаган ошол кишиге турмушка чыккан. Жашап жүргөн күндөрдө ал өгөй кызын өпкүлөп жүрчү экен. Анан акыры арам оюн ишке ашырыптыр да. Кызга «Эгер бул окуя боюнча апаңа айта турган болсоң биринчи сени, анан апаңды соём» деген экен. Ошондон кийин эжемдин кызы биздин үйгө качып келген. Ал мага «үйдү көргүм жок, жашагым келбейт» деген эле. Артынан өгөй атасы айыл аксакалдарын алып келип «Мен кызымды капа кылып алдым эле. Мени кечирип койчу, экинчи катуу сүйлөбөйм» деп 3 жолу келген. Анда жээним биздин айылдагы мектепте 9-класста окуп жаткан эле. Кайра-кайра келе берип акыры өгөй атасы кызды үйүнө алып кеткен. Андан мурун эжем үй салуу үчүн банктан насыя алган эле. Күйөөсү кыздын туугандары окуяны билип калбасын деген максатта «иштеп, насыяны төлөйм» деп шылтоолоп Орусияга кетип калыптыр. Ал жактан иши болбой, акыры эжемди жанына чакырып алган.

«ЖАШ КЫЗЫБЫЗДЫН ТАГДЫРЫ ТАЛКАЛАНДЫ»
– 2017-жылы июнда кызыбыз төрөп, анан өгөй атасы зордуктаганы билинди. Биз окуяны угар замат милицияга арыз жаздык. Эжемдин күйөөсү 2017-жылдын май айында Москва шаарынан депортация болуп келди. Аны кармап, тергөөдө «мас абалымдан улам ушул ишти кылып алдым» деп айткан эле. Өзү ичимдикти көп ичкен адам. Райондук сот ишти 6 айга чейин созуп, ар кандай шылтоолор менен жылдыра беришти. Ал ортодо эжемдин күйөөсү тараптан мага акча сунуштап, ар кимди ортого салып жатышты. 200 миңден баштап сунуштаган акча акыры 500 миңге чейин жетти. Жаш кыздын тагдыры талкаланбадыбы. Бизде уят, намыс деген бар. Кылды, демек, жазасын алсын. Биздин талап ушул гана. «Жаш неме дөөрүп жатат» деп ойлошуп, Оштон бери психолог, психиатрларды алып келип кызыбызды текшертишти. Бардыгында акыл-эси жайында болуп чыкты. Ушул далилдин баары болуп туруп, райондук соттун чыгарган чечимине нааразыбыз. Облустук сотко кайрылабыз, эми иштин каралышын облустук соттон күтөбүз.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -6 
Комментарийлер(28)
19.12.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адамдар эмне эле болуп баратат!!
19.12.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жаңылыктарды окуштан деле коркуп баштадым кайсы жакты караба өлтүрүп кетти,зордуктады,уурдады.Көчөгө чыккандан коркосуң.
19.12.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Edelveis929317,көчөдө эмес үйдө деле коркуп калдыкко
19.12.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tursunbaev78,туалетке чыгалбай горошок
Пайдалып каласын бир аздан кийин.
19.12.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акыр заман
19.12.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыздын озунун апасынын ою жазылбаптырго же ал куйоосун актап жатат бекен
19.12.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Булардын ою акча ондуруу окшойт, турмушка чыгып кеткенден кийин аны ким билип башталды тушунуксуз
19.12.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Djumaev0mur,наркоздо адам ар нерсени суйлойт ошондо ачыкка чыгып жатат
19.12.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Djumaev0mur,Кадамжайда иштеп жүрүп, жолдошума турмушка чыктым. Жашым 18ге толо элек болгондуктан мен төрөгөн ооруканага милиция кызматкерлери да келип менден сурак алышты. Анан да төрөт учурунда кан басымым көтөрүлүп, өгөй атамды айта бериптирмин. Кийин эсиме келгенде эмнеге деп сурашканда гана болгон чындыкты милиция кызматкерлерине айтып бердим.
19.12.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
zКалп жалаа эле го
19.12.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
mela,жалаа болгудай кайсы аял озунун абийирин жоготкусу келсин. Байкуш кыз коркконунан, элден уялганынан айтпагандыр. Ал эми наркоз жаны таркай баштаганда ар кайсыны суйлоп калат бардык эле адам
19.12.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жаш кыздардын этият кылыш керек чоочун эркектей менен таштабай.Огой огойлугун кылат да.Кыздын келечеги талкаланды.Беш баласы болсо тиги апасы куйоосун акташы да мумкун.
19.12.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эне кыз кишиге коп конул буруу керек бойго жетип калган кезинде.Энеси деле кызык аялго неге кызына конул буруп сурабадыкен?
19.12.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу кылмышкерлердин аты жөнүн кыскартпай толук жазсаңар жакшыго. Билип алат элек.
19.12.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зордукталган кыз болсо кантип турмушка чыкты? Дегеним куйоосу унчукпайле ала бериптирби кыз эмес болсо деле. 18ге чыга элек кыз эмнеге эрте турмушка чыгат? Козомолдогон эч ким жокпу?
19.12.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
7-8-Класста окуган кызды зордуктоо бул педофилия,качан гана олум жазасы кирсе ушуга окшогон иштер азайат,огой атасы жазасын алсын,огой кыз болсо эле кордош керекпи...
31.10.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanur_89kg,өлүм жазасы жок бизде. Бирок педофилдерди химиялык кастрация менен жоопкерчиликке тартса туура дейм. Болбосо түрмөдөн чыгып алып кайра эле зордуктап беретда.
19.12.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апасы кайда журот озу?!
20.12.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RusMos76,комускодо)))
20.12.2017. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне дешти да билбейсин! Адамдар бузулду. Ар жума сайын мындай жанылыкты созсуз окуйсун, тиги Мамлекет башчылар каякты карап отурушат? Жаны Жылдык ёлкага монча акча кетти, тигини камадык, тигини кктирдик деп пайдасыз иш кылгандын ордуна, ушундай адамдарга жаза чыгарышпайбы! Таш баран кылабы, эл алдына алып чыгып олтуробу айтор бир нерсе кылыш керек да..мындай нерсе кобойгондон кобойуп баратат го...(((
20.12.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Джунгилинин законун колдон да
20.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыйын эле болуптур
Мыкаачылык менен кумарын кандыргандарды ХХХХХХ керек го ээ туугандар
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-21 10:23:10
21.12.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyk, провокацияга тыюу салынат!
20.12.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин эркектер жырткычтанда жаман болуп баратабызго.Огой болсо эле билгенибизди кылмай адат болуп баратат.Кааласак сабап олтуруп коебуз,зордуктайбыз,колубуздан келишинче кордойбуз.Сот боло баштаганда психбольницага жатып кутулмай да жолун таап алдык.Апалар,энелер-эмнеге силер ХХХХХХ итчелик оз балдарынарды коргой албайсынар.Же оз кыздарынарга караганда эркек ХХХХХХХХ ойдо турабы силерге?Олтуром деп куйо сойройунор коркутса унчукпай кала берген аялдарды да соттош керек.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-21 10:15:11
20.12.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз энеси менен ошондо 2жылдан бери суйлошпой качат экен.А энеси эмнеге суйлошпойт кызынан кабар албайт? Байкуш кыз, тайжесиникине барып ыйладым дейт. Тайжеси эмнеге байкаган жок? Ошондоле кыз менен жакшылап суйлошушуп, бул кылмыштын бетин ачышса болмок.
21.12.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын ушундай окуялардан
22.12.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХ кылш керек мындайларды
23.12.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла Таалам ар бир жараткан пендесине ыйман нысап берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо