Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЮЛИЯ РУЦКАЯ

№226 2-8-март, 2007-ж.

«Жамгыр төктү», «Кызыл гүл менмин кызыл гүл» деген кыргыз ырларын ырдап, Кыргызстанда өз күйөрмандарын чогултканга жетишкен белорус кызы Юлия Руцкая менен тааныштырабыз.

Юлия 1981-жылы 14-майда Белоруссиянын Витебск шаарында төрөлүп, беш жашынан тартып Бишкекте өскөн. Хоббиси: фотоаппарат менен жаратылыштын кооздугун тартуу. Ордо калаабыздагы Борбордук Азиядагы Америкалык университетти бүтүргөн. Учурда шаардагы жеке фирмалардын биринде иштейт.

Юлия, кандайча кыр­гыз тилинде ырдап кал­гансың?
– Мага кыргызча ырда деп эч ким түрткү болгон эмес. Кыргызстан экинчи мекеним болгондуктан, кыргыз тилин да өз тилимдей көрөм. Андыктан, кыргыз тилинде ырдап калганыма өзүмдүн каалоом түрткү болгон.
– Кыргыз тилинде ырдаган ырларыңдын мазмунун толук түшү­нөсүңбү?
– Кыргыз тилинде жак­шы сүйлөй албасам да түшүнөм. Ошондуктан, ырды тандоодо алгач мазмунуна көңүл бурам. Жаңы жаздырганы жаткан «Күттүрбө» деген ыр­ды да мазмунуна карап тандап алдым.
– Кыргызстандын атынан конкурстарга катышкансыңбы?
– Мен өзүм төрөлгөн Витебск шаарында өт­көн «Славян базары» конкурсуна Кыргызстандын атынан баргам. Эстонияда өткөн «Эл аралык улуттук ырлар» конкурсуна жана «Эду» (кыргызча «Ийгилик») фестивалына барып катышып келгем. Андан сырткары, Москвада өт­көн «Браво Азия» фестивалынын катышуучусумун. Бишкекте өткөн «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген конкурста кыргыз тилинде ырдап, 1-орунду алгам.
– Репертуарыңда да­­гы кайсы тилдеги ырлар бар?
– Англисче, испанча, орусча ырлар бар.
– «Кызыл гүл менмин кызыл гүл» ырыңдын клибинде белгилүү казак актёру Тахир Ишметов башкы каармандын ролун аткарат экен. Кандайча аны менен иштешип калдың?
– Бул ырдын клибинин режиссёру – Казакстанда да, Кыргызстанда да аты таанылып калган Азарио Майнтеги. Азарио актёр Тахир Ишметов менен көп жылдан бери иштешип, жакшы тааныштардан экен. Ошонун сунушу менен клипке Тахир тартылып калган. Андан сырт­кары, клипте он беш актёр тартылган.
– Ата-энең жөнүндө айта кетсең?
– Ата-энем өзүм менен кошо Бишкекте турушат. Апам музыкага жакын адам, тагыраак айтканда, фортепьянодон сабак бе­рет. Ал эми атам чыгармачылыктан алыс. Учурда жеке ишкер.
– Кайда эс алууну жактырасың?
– Досторум менен жаратылышка чыгып, таза абада эс алууну жакшы көрөм. Кээде жигитим экөөбүз ресторан же кафеге барып эс алып келебиз.
– Жигитиң ырдаганыңа кандай карайт?
– Жигитим түшүнүктүү. Ырдаганыма каршы эмес, тескерисинче, колдоп, жардам көрсөтүп турат.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо