Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

1 ЖАРЫМ ЖАШТАГЫ РАЯНАНЫ ӨЛТҮРГӨН ӨГӨЙ АТА ООРУЛУУ БОЛУП КАЛГАН. Бул жазадан кутулуунун жолу эмеспи?

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

Эсиңиздерде болсо, 2013-жылы Сузак районундагы 1 жарым жаштагы Раяна аттуу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү 2015-жылы билинип, аны өлтүрүүгө шектүү катары өгөй атасы кармалган эле. Жакында Сузак райондук соту айыпталуучуну психиатриялык ооруканада мажбурлоо иретинде дарыланууга жөнөттү.

КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛСЕ ДА АПАСЫ КОРКУП АЙТПАЙ ЖҮРГӨН
2015-жылдын сентябрь айында Сузак РИИБине аталган райондун жашоочусу арыз жазып, 2 жыл мурун каза болгон жээнинин өлүмүндө түшүнүксүз себептер болуп жатканын айтып кайрылган. Иш боюнча суракка наристенин апасы чакырылып, ал 2 жыл мурун ажырашып кеткен жолдошу кызынын өлүмүнө себепкер экенин айткан. Кылмышка шектүү катары 10-сентябрь күнү Кара-Чолок айылынын тургуну кармалган.
Ал кылмышты моюнга алып, төмөнкүчө көрсөтмө берген: «Окуя 2013-жылы мартта болгон. Алмагүл менен турмуш курганымда анын Раяна деген кызы бар болчу. Ал ыйлаак эле. Жаткан жерине заңдап же заара ушатып салчу. Бир күнү жумуштан келсем жуурканга сийип салгандыктан коркутуп коёюн деп күйүп жаткан мештин оозуна башын тоссом, төбө чачы күйүп, маңдай териси отко түрүлө түшкөн. Андан кийин сийдик шымы менен күйүп жаткан мешке отургуза койсом синтетика кездемеден тигилген шымы терисине жабышып кошо сыйрылып түштү. 10 күн өткөндөн кийин дагы заара ушатып салгандыктан ачуум келип сыналгынын антеннасынын зымы менен жон талаштыра тартып-тартып алдым. Дагы ыйлай бергендиктен колум менен жаакка чаптым. Ортодон 10-15 мүнөт өткөндөн кийин карасам колдору шалактап жатып калыптыр»,- деп айтып берген.
Ал эми Раянанын апасы «Мени мурдагы күйөөм «окуяны бирөөгө айтчу болсоң, кызың кантип өлсө, сени да ошондой өлтүрөм» деп коркутту. Мен анын үчүнчү аялы болчумун. Ошону менен эч кимге айткан эмесмин» деп көрсөтмө берген.

ӨГӨЙ АТА КИЙИН ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ БОЛУП КАЛГАН
Жалал-Абад облустук сотунан билдиргендей, Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасы тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык соттук-психиатриялык экспертизанын 2017-жылдын 25-августундагы актысына ылайык, соттолуучу А.У.Т. кылмыш жасаган учурда өзүнүн аракеттерине жооп берип, аларды башкара алган. Ал эми учурда анын акыл-эси соо эмес, ошондуктан психикалык абалы боюнча психиатриялык ооруканада күчөтүлгөн режимде байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга муктаж.
2017-жылдын 17-октябрында Сузак райондук соту токтом кабыл алып, ал боюнча айыпталуучунун кылмыш иши ал сакайганга чейин токтотулган. Ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканасына күчөтүлгөн тартипте байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга жайгаштырылды. Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта бойдон калтырылып, ооруканага жеткирилгенден кийин дарылоо аяктаганга чейин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп оорукананын шартындагы режимге өткөрүлүүсү көрсөтүлгөн.
Буга чейин деле айрым кылмышкерлердин психикалык жактан оорулуу боло калып, жазадан кутулуп кетип жаткандыгы тууралуу жазып келгенбиз. Бул окуя да ошол эле өңүттө бара жаткандай ойго жетелейт. Кийинки сандарыбыздын биринде бул темага дагы кайрылмакчыбыз.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(24)
19.12.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Соз жок.Олум жазасын киргизгиле ушундай айбандарга.Не кереги бар аны окмоттун акчасына дарылап?жашаганга акысы жок.Кудайым жазасын берсин он эселеп
19.12.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Stervamyn,100 эселеп берсин жазасын.Наристени ото мыкаачылык менен олтургону эмнеси.Тобо чачым тик турду окуп жатып.Мешке салдым деп койот акмак!
20.12.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Stervamyn, олум жазасын киргизиш керек кошулам
19.12.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХХХХХ ХХХХХХХ кетсин соттоп ийгиле! байкуш наристеге кандай кордук коргозсо озу да турмонун тубундо чирип жок болсун.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-19 14:35:42
19.12.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Заман эмне эле болуп бара жатат. Эркектердин сабатсыздыгынан ошондой окуялар болуп жатат. Омурткан сыздап зорго торойсун бул айбандар оздору каалаган нерселерин жасашат. Кудайым сага окшогондорго ыйман берсинчи
19.12.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул психикалык жактан ажыраган эмес соттордо да кичине мээр болуш керек туура чечиш керек.ушунча мыкаачылык мн олтургонуно кубок болуп туруп.акташса алардын ыйманында
19.12.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кандай гана мыкаачылык жаш наристени олтуруп наристеге жетпей жургондор канча
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-19 17:07:06
19.12.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Күйөөгө тийгин да келбейт ушундай өлүмүш жетимдердин айынан! ХХХХХ ХхХХХХ Педофил, кылмышкерлердин өлүмүн жазасын киргизүүнү колдойм! Кытайдай коррупцияга кандай өлүм жазасы болсо ошондой болсо!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-20 10:57:08
19.12.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ адам экен айбан деле бул ишке барбайт.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-20 10:30:06
19.12.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жүрөгүм ооруп кетти,наристеде эмне күнө,ал периштего.Акмак киши экен.
20.12.2017. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
TAN889117,мен да баланын ошол убактагы акыбалын элестетип журонум эзилип жатат.Оз бадасын коргрй албаган энеси да ХХХХ.Бечара кызды андан коро бироого берип койбойбу.Эх арман дуйно мотурайган кыздын коз жашы колдоп печкага башы тыгылганы коз алдыма кадалып туруп алды.Бечара бобогум бул дуйного нааразы бойдон кетиптир.Чын дуйнонун периштеси болуп жургондурсун. Бул мыкаачы айбандын жазасы берилбесе жаш наристенин арбагы уктатпайтго.Пара алган болсо кудай урат.Соттон катаал жаза кутобуз.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-20 09:37:07
20.12.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,сизге кошулам, анын артынан эч Ким пара бербейт Бир туугандары давно тажап бутушкон бул акмактан.
04.11.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TAN889117,Киши эмес бул!!!
20.12.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ооруп чыкты (((ээ кудай ынсап бере коро адамдарга!
20.12.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Учунчу аялы болчумун дейт.... Ээ кудай ушинтип куйоого тийбейле койгулачы... Ортодо балдардын эле азабы. Чондорго айталбайт кайгысын же ушинтип периште кезинен эле азап чегишет. Анан дагы эки уч аял алса болот деп дердендеп чыгышат экен
20.12.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озун дагы дал ушул наристедей кылып коруш керек байкуш аял коркбой эле билгизбей милицияга салып берсе болмок
21.12.2017. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам кейпин кийген айбан турбайбы Алла жазанды берсин кичинекей наристенин олумуно себепкер болуп кантип жер устундо басып журот коркутуп коеюн дегем деп байкуш наристе эмнени тушунмок эле ииий ии айбан десе соз жок козумо жаш келди го элестетип алып (((
21.12.2017. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай эле байкуш наристе куйуп калганда энеси унчукпадывы баласын алып алып эле кетип калбайбы ошондо наристе тируу калмак белн
21.12.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий астафиралла 1,5 жаштагы наристени ошондой мыкаачылык жол менен жанын кыйганы кантип колу барды,байкуш наристеде эмне куноо ОЗУ да наристе болгонго как будь то асмандан тушо калгансып.Наристелерди кантип олтурсо озуно да ошондой жаза бериш керек за то справедливо болот
22.12.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес экен. Оз наристесин коргой албаган кандай эне апасы дагы. Олум жазасын киргизиш керек ушундайларга. Болгондо да кыйнап олтуруш керек,бечара бобоктун убалы бул дуйнодо азап берсин кыяматта тозокко судуросун айбанды.Бобокто эмне жазык. Сийип койсо мешке башын тосуп анан устуно отургузуп журогу адамдык касиети жок экен акмак..
22.12.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.5 жаш эмес 2 жаштагы кызым сийип койсо деле унчукпай алмаштырып коебузго биз?! Эмне деген журогу таш айбан бул? Кайсы жаны бар эле ал бечаранын. Дагы ыйлай бердиле деп коет! Жазанды ал канкор
23.12.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле каратып туруп ушундай жалган адилетсиз чечим чыгарган органдарга. Ошол соттордун деле наристелери неберелери бардыр кантип совесть чыдап жашап журосунор. Колу менен жасаган кылмышынын азабын тарттырсанар ушундай кылмыштар да азаймак беле...
25.12.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жинди эмес! ХХХХХХХХХ салгыла!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-25 10:33:54
29.12.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камактанго кутулуптур жок дегенде ошондой кылып озунуда куйгузгуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо