Нурлан Насип, ырчы: «КИЧИНЕМДЕ АЯЗ АТА КАЙДА КЕТТИ ДЕП ОЙЛОНО БЕРЧҮМҮН»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

– Кандайсың, Нурлан? Ар адам жыл алмашарда артта калган өмүрүнө саресеп салып, эмнеге жетиштим, эмнени аткара албай калдым деп анализ жасаса керек. Сенин быйылкы жылыңа берген бааң кандай болду?
– Өтүп бара жаткан жылыбыз мен үчүн өтө жакшы жылдардан болду. Кичинемден берки кыялым ишке ашып, бир нече өлкөнү кыдырып келдим. Жыл башында эле Түштүк Кореяга бардык, андан кийин Европанын бир нече мамлекетинде болдук.Түркияда, Дубайда, Орусиянын бир нече шаарларында жана Кыргызстандын жети облусуна да концерт гана бербестен көңүлдөгүдөй эс алууга жетиштик. Кыскасы, учакта, унаада эле жүргөн жыл болду. Андан сырткары чыгармачылыкта хит ырларды жараттык. Көптөн бери планымда жүргөн ишимди ойдогудай жүзөгө ашырып, сентябрь айында Бишкек шаарында жеке концертимди бердим.

– Ит жылын кандай тосоюн деп жатасың?
– Келе жаткан жылы мындан да катуу иштейин, жакшы чыгармаларды жаздырайын деп жатам. Менин азыркы жашоомду чагылдырып кино тарталы деген сунуштар түшүп жатат. Кино жаатында да жаңылыктар болот окшойт деп турам. Окурмандар «бул үйүн качан бүтөт?» деп жатышат болуш керек. Үй салып жатпадым беле, майда-чүйдөсү бүтпөйт экен. Жаңы жылга чейин толук бүтүрүп, үй-бүлө мүчөлөрү баарыбыз чогуу тосолу деп жатабыз. Буга чейин деле чогуу тосчубуз, бирок турмушка чыккан эжелерим келчү эмес. Мен да ишиме байланыштуу көп учурда үйдө болбой калчумун. Кичинекей кезиңди сагынат экенсиң. Эсимде, анда азыркыдай барчылык эмес, тартыш заман. Короодо өскөн алмаларды кагазга ороп, Жаңы жылда жейбиз деп жашиктерге салып сактачубуз. Апам «Жаңы жылда жейсиңер» деп салаттарды банкаларга жапчу. Торт, шире, шоколад дегендерди Жаңы жылда эле көрчүбүз. Апам буларды сатып келгенде кудуңдап сүйүнүп, качан кеч кирет деп улам тортту карап, апам жокто четинен чукуп жеп көргөн күндөр өткөн. Анда-санда жегенде таттуу болот окшойт. Торттун таттуулугун айтпаңыз. Айттырбай апама жардам берип, алмаларды аарчып, салаттарды табактарга салып чуркап калчу элем. Анан апам ар бирибизге белек берчү. Аяз атаны мектептен, анан сыналгыдан эле көрчүмүн. Аяз атага жагып, момпосуй алсам экен деп өтө аракет кылып ырдачумун. Кадимкидей ошол күндөрдү сагынам.

– Азыр үйдө кичинекей балдар көп болсо керек, аларга майрам уюштуруп берейин деген ойлор барбы?
– Айта берейин, алар кичинекей, гезит окушпайт. Чын эле эже, байкелеримдин балдары көп. Аларга буюртма менен Аяз ата чакырып, мүшөгүнөн оюнчук, таттууларды таратып берсе деп жатам. Эми алар ишенеби, ишенбейби билбейм. Азыркы балдар баарын билишет го. Мен кичинемде Аяз атага өтө ишенип, жаңы жылдык майрамдар бүткөндөн кийин Аяз ата каякка кетти деп ойлоно берчүмүн. Жанына барганда сүрдөп, момпосуй берсе сүйүнүп, айтор, керемет күндөр өтүптүр.

– Кийинки Жаңы жылды жубайың менен тосуп калышың мүмкүнбү?
– Акыркы эки жылдан бери үйлөнүү тууралуу суроолор ата-эне, тууган-урук тарабынан көп бериле баштады. Чындыгында убакыт келип калды. 2018-жылы үйлөнсөмбү деп ниет кылып жатам. Буюрса, бул эң негизги пландарымдын бири.

– Рахмат маегиңе, тилектериңе жет.




Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


2018-жылы Нурлан Насип үйлөнсө, Айымжан алгачкы альбомун чыгарат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(22)
26.12.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эми ушу ырчынын жашоосун чагылдырган кино кимге керек,кимге кызык???сапатсыз кино азыр чандан коп.
26.12.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Браво деген кинодо чагылдырылбады беле дагы не керек
26.12.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мунун жашоосу кимге кызык, телефонуна тартсын да жакындарына корсото берсин, же бул легенда болбосо.
26.12.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bond02,ичин куйсо туз жала молча завидувуй ушу кыргыздар бироонун ийгилигин такыр көрө албайбыз аман эле бол. Нурлан так держат алга жана алга!!!
26.12.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
girls,эл болгонун айтат. Канча омур жол басвп жибериптир бул ырчы кино тарта турган???соз калбай калганда эле молча завидуй деп каласынар. Эч Ким ичи куйбойт.
26.12.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
girls, ХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-27 10:24:27
27.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bond02, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
27.12.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02,бироонун жашоосу бироого туман дегендей,балким кино тарта тургандай жашоодо жашап жаткандыр, кайдан кулак чыгарса казанчынын оз эрки эмесби
26.12.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кимге керек деп алып,киносу чыгып калса кудундап кино театрга карап жугуруп каласынар
26.12.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай актердук чеберчилиги бар деп айта албайм уялуу тартынуу сезимдери байкалып турат
26.12.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анжеликанын тагдырын чагылдырган кино коруп калдым, тумар каналдан. уялганымдан олуп кала жаздадым эй. Браво деген деле анча эмес, эми ар бир жылдыз оз жашоосун тартат го, по ходу мода болду окшойт го
26.12.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро албастыктын эмне кереги бар? Жакшы созунор жок болсо жазбай эле койгулада же жон гана ийгилик каалап койгула!!!
26.12.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан да бийик даражага которулунуз. Молодец
26.12.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш балдарды аяз ата менен алдабай эле койгон оң го дейм. Ийгилик сизге!
26.12.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан чыгармачылыгыңа ийгилик! Бешенеңе өзүңө окшогон жөнөкөй жар туш болсун!
27.12.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинекей кезибиздеги жаны жыл тосконубузду эстеп кеттим. Чынында карангы киришин кутуп, тортту 10жолу карап, качан жейт экенбиз деп)) ийгилик сизге Нурлан
27.12.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип тишин ондотутуптур байкадынарбы?
28.12.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан молодец жакшы кызга уйлонуп ал! Асель аябай жакшы кыз балким тагдырынар бирдир. Айыма красавица желаю успехов!
28.12.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан ото жонокой бала да ийгилик,азаматсын.Асель менен парасынар деп ойлойм
28.12.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аракет кылсан берекет дегендей канчалаган туйшуктун артынан ушундай ийгилике жетип атат да оо кыргыз элим коро албастыктын чеги барго. Тартыла элек киного эмне эле озунорчо кыйналып жатасынар? Силерди ар биринер коргуло деп кыйнап жатабы? Ким кааласа корот,каалабагандар корбогуло. Башка адамдын ийгиликтерин коргусу келбеген ичи тар адамга эч качан ийгилик жылмайбайт. Пейили тар адам бай болбойт. Нурлан иним ийгилик каалайм бар бол аман бол эн негизгиси адам бол!
28.12.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Улуу актер С. Чокморов же болбосо Чолпонбай Тулобердиевтин жашоосун чагылдырган кино барбы? айткылачы?! Азыркы чала режисер болумуштар да акча учун да ушу баланын жашоосун тартам деп.
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-29 09:52:10
30.12.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат нуртас деле екинчи жолу кино тартпадывы озунун жашоосун мына нурлан Насип деле тартса жаман болбос анын емнеси бар киносу чыкса коруп коёбузда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо