Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)


Коридордон аңгыча дабыштар угулду.
– Жамиля, сени эртең доктурга жаздырып коём. Мени менен барасың,- деди Керем.
– Коё бер колумду, сенин жардамыңа муктаж эмесмин мен.
– Сен үчүн кылбай элемин, уулум үчүн жасап жатам. Сен да өзүңө кел. Эмре үчүн өзүңдү колго алганга тийишсиң. Эртең зордоп болсо да алып барам!- деди Керемдин өкүм чыккан үнү.
– Сен мени зордогондон тажаган жоксуңбу? Кайсы бир күнү мындан баш тартасыңбы?
– Сен мени түшүнгөнгө, кабыл алганга чейин.
– Демек, аркы жашооңдо. Бул жашоодо мен сени эч качан кабыл ала албайм!
Жамиля тик карады. Кайрадан аны акылынан адаштырган, канын дүргүткөн анын сулуу көздөрү. Керем өзүнө ээ боло албай кетти. Жакын турган Жамиляны кучактай калып, анын эриндерине жабыша калды. «Жараткан, эми өлүп калсам да ыраазымын» деп жатты ал жыпжылуу эриндеринен өөп жатып. Жамиля эптеп колун бошотуп алып жаактан ары чаап жиберди.
– Жолобо, эми бир жолу колуң тийсе, мен кетем. Эмреге да карабайм. Экинчи жолочу болсоң...
– Ооба, билем, сен менин келинимсиң. Сага колум эмес, көзүңө тике карабашым керек. Мен анын баарын билем. Реалдуу жашообузда экөөбүздүн эч бир мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мүмкүн эмес! Бирок эмне кылайын, эгерде мен сени сүйсөм? Мен өзүмдү-өзүм жектедим. «Болбойт, Керем, өзүңө кел, акмактык кылба» дедим. Бирок болбоду. Эшиктен кирип келе жатсам көзүм сени издейт, кайда жүрбөйүн «Сени эмне кылып жатты экен? Бүгүн маанайы кандай болду экен? Алдымдан чыгар бекен?» дейм. 5 жыл! Ушул убакка чейин мен ушинтип жашадым. Жүрөгүмдү кечип, алып ыргытып жибергим келип жашадым. Бирок болбоду. Мен сени сүйөм! Сенсиз жашай албайм. Эмнеге түшүнбөйсүң сен? 5 жылдан бери эмнеге түшүнбөйсүң, ыя? Сенин кайраттуу мүнөзүңдү, акылдуу көздөрүңдү, жиниң келгенде каштарыңды жыйрып сүйлөгөнүңдү, чыдамкайлыгыңды, тазалыгыңды, аялдык жумшактыгыңды, тулку боюңду, жадакалса манжаларыңды, бүт баарын сүйөм! Сүйөм мен! Болду, жашыра албайм мындан ары. Жетишет!
Жамиля аркасына шарт бурулуп жөнөп кетти. Көкүрөгү жеңилдедиби? Керем аны сезбеди. Болгону чектен ашык аракет кылып жибергенин байкап, шалдырап кала берди. Шерифе мунун баарын угуп турду.


ххх

«Кетем мен. Мындан ары чыдай албайм» деди кыз чечкиндүү. «Уулуң эмне болот? Эсиңе кел. Ал сенсиз кантет? Кимге ишенип таштайсың?» дейт уйгу-туйгу болгон көңүлү. Ошентип чемоданын жыйнап кайра ордуна коюп, өзү менен өзү болуп жатып укпай калган экен. Кайненеси бөлмөсүнө кирип келди.
– Келин ханым, сен бул жерде эмне отурасың? Ахмеддин дарысын ичүү убактысы.
– Медайым жанында отурат, ал деле берет,- деди Жамиля.
– Жок, эмне үчүн өз аялы турса башка адам дарысын берет? Сен беришиң керек!- Кыздын кандай абалда турганын байкабаган Эсма ханым адатынча өкүм сүйлөдү. Чыдамы, токтоолугу чегине жетип төгүлөйүн деп калган экен, Жамиля ыргып туруп кыйкырып жиберди.
– Мен аялымынбы?! Сиз мени Ахмеддин аялы деп ойлойсузбу?! Жок! Сиз эч качан мени кем акыл болсо да уулуңуздун аялы катары, небереңиздин энеси катары көрбөдүңүз. Жетишет! Мен уулумдун көз алдында эзилген, басырылган бир эне болгум келбейт. Мындан ары мен эмне кылам, эмне коём эч ким буйрук бере албайт!
– Сен...
– Ооба, бул мен! Кыргыздын кызы, үй кызматчы Жамилямын. Силер тагдыры менен каалагандай ойногон Жамиля. Бирок мындан ары ойной албайсыңар!
Жалын бүрккөн көздөрүнөн жалтанып кетти. Ушул учурда гана Эсма ханым Керем бул кызды эмнеге башы адашып сүйгөнүн түшүндү. Тоолук элдин канына бүткөн, эч нерседен кайра тартпай турган кайраттуу мүнөзү бар эле бул кыздын. Мурун да байкаган, бирок бул жолкусу...
– Вай, вай, вай, мынчалык кыйкырыштын кереги жок, келин ханым. Кулагым жакшы угат. Көздөрүм да күчүн жогото элек, Кудайга шүгүр. Көз алдымда эмне болуп жатканын түшүнүп турам. Сен Ахмеддин өлөр күнү жакындап калганын сезип тургандайсың. Ага бир нерсе болсо бардыгы сага каларын да жакшы билесиң. Балким, ошого сага үн бүтүп, кайрат кирип калган сыяктуу. Бирок билип кой, сен менин уулумдун мураскери боло албайсың. Бир курушуна да ээ боло албайсың. Анткени ал менин неберем Эмренин энчиси. Сен ал тууралуу такыр ойлонбо, келиним. Мен эбак ал иштин алдын алгам.
Мыскыл жылмайып турду кайнене. Жамиля күлүп жиберди. Кайненесинин алдына келди да, көздөрүнө тигилди.
– Сиздин мурасыңыз, байлыгыңыз сизге же башкага бакыт алып келе алдыбы? Бири кем акыл, экинчиси таш сыяктуу мерез уулдарыңызга бакыт алып келдиби? Же келиниңизгеби? Кана, ушул үйдө мен бактылуумун деп айткан бир адам барбы? Кам санабаңыз, менин эң акыркы ойлогонум мурас. Мен кетем.
– Акылыңа кел, Эмрени Керем эч качан сага бербейт.
Эсма ханым чыгып кетти. Бир топко отурду. Жамиля ушул күндү баласынын эсинде кала тургандай өткөргүсү келди. А эртең...


ххх

– Эмре, сен мени канча бир жылдан кийин эстейсиңби?
– Албетте, эне.
– Менин атымды да, кайсы жактан келгенимди да билесиң, ээ?
– Кыргызстандан. Сен мага көп жолу айткансың. Ал бул жактан ыраак. Учак менен барабыз. Тоолуу жер.
– Азаматсың, арстан уулум. Сен мени кийин издейсиңби?
– Эмнеге? Сен кайда кетесиң?
– Мен узакка кетем.
– Сен менин атам кем акыл болгон үчүн кетип жатасыңбы? Сен коркпо, эне, аны чоңойгондо мен багам.
– Жок, жаным, андан эмес.
– Анда эмнеге?
– Кээде чоңдордун бул жери (жүрөк тушун көрсөтүп) өтө ооруйт. Мен ансыз жашай албайм...
– Кимсиз жашай албайсың, эне?
– Бир адам бар. Ал менин жүрөгүм. Ансыз уктай албайм, дем ала албайм, кыйналам. Ошол адам, ал...
– А мен сенсиз дем ала албайм, эне.
Жамиля уулун тиктеп турду. Мына тап жылдырбай кармап турган тушоосу. Уулунун көпкөк көздөрү ыйламсырап турду. Куду Жамилянын көзүнө Керемдин көзүн аралаштырып жасап салгандай. Куду асман менен жерди, күн менен түндү, ак менен караны бириктиргендей.
Жамиля көзүн чылк жумду. Ансайын кичинекей колдор моюнуна оролуп бекем кучактады.
– Кетпе...- деди бала акырын күбүрөп...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(16)
26.12.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болсо экен Жамиля
26.12.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу! Ушундай жашоо барбы? Кыргыздардачы?
26.12.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргүлгө салам
Жамилянын кеткени айласы жок болуш керек
26.12.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кетпе деди бала акырыын кубуроп
26.12.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даагы бир жума...
26.12.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлагым келип кетти(((
26.12.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ыйлагым келип кетти баланы элестетип. Менимче 99999999жолу суйсонда баланы таштабаш керек. Мен бала учун жашамакмын. Бул дуйного балам оз каалосу менен эмес мен каалап мен энсеп кутконум учун келди. Мен аны ага апа эн керек кезде таштай албайт болушум керек мин кыйналсамда
26.12.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aitun,оа туура айтасыз акылдуу экенсин. Ендагы ошондай ойлойм быйтыйтып кантип таштап кетет эле.. керемди суйбосо да жашай берсе болмок стамбудда .
26.12.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлап жибердимгооо
26.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхеей Жамиля...Жамиля. Айдын ону жарык,ону карангы дегендей,эми бактылуу болсо экен.
26.12.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Черная любовго кээ бир жерлерин окшоштуруп келем, ушу чыгарманы...
26.12.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуудон башка да сезим бар эн ыйык сезим бул балана кызына болгон суйуу,жигити деле уйлонду жайланды,баарын билип сезип козу жетип туратко!суйсо Керемчелик суйоттур бакытты сезип караш керек ал балким жанында тургандыр.........
27.12.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир эркекти деп Эми баласын таштайбы?
27.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таштап кете албайтго
27.12.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемдин аялы Шерифе менен иш кылыш керек болчу! Алибек менен ачык-айкын сүйлөшүү керек болчу! Түркия полициясына кайрылыш керек болчу!
28.12.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамиляга аябай боорум ооруду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо