Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВДУН ҮЙҮ, ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВАНЫН УНААСЫ ТОНОЛДУ

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева милиция кызматкерлеринин кайдыгер мамилесине туш болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ырчы: «16-декабрь күнү кечинде унаамды токтотуп, курбумдун үйүнө кирип кеткем. Ошол маалда унаамдын терезесин, эшигин талкалап жаңы кече көйнөктөрүмдү уурдап кетишиптир. Видеокөзөмөлдөөчү камера унаама кирген ууруларды тартып калыптыр. Милицияны чакырып, 2 сааттай келбегенинен терезелери сынган унаамды айдап барып, алардын кайдыгер мамилесине туш болдум. Милициянын айтымында, бул майда иш экен. Бирок бардык нерсе майдадан башталат. Коомчулук, укук коргоочулар бул көрүнүшкө көз жумса мындай кылмыштар көбөйөт, чоң кылмыштар жасалат. Интернет баракчама бул тууралуу жазып чыккандан кийин гана укук коргоочулар арызымды карай башташты»,- дейт.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Дилшат Кангелдиеванын жазган арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Уурулардан режиссёр Эрнест Абдыжапаров да жабыр тартты. Окуя тууралуу ал: «Уурулар 13-декабрда борбордогу үйүбүзгө күндүз киришиптир. Уулум Санжар жумуштан барса эшиктер ачылып, үйдүн ичи чачылып калыптыр. Алар үйдөгү акчаны, менин эмгектерим сакталган ноутбугумду уурдап кетишиптир. Уулум «тасма тартат элем, сценарий жазып бериңиз» дегенинен жаңы киносценарийди жыйынтыктап калгам. Ошону да уурдап кетишип жатпайбы. Эмгектеримди уурдап кеткенине ичим ачышып жатат»,- деп билдирди.
Ошондой эле ал окуяга байланыштуу милиция кызматкерлерине кайрылганын, иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
26.12.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эми булардын тонолгондору маданиятка кандай тиешеси бар???
26.12.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнегедир уйлорду торогондо коп болуп кетти акыркы убакта. Милиция менен иштегендери чын окшойт
28.12.2017. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн туура. Милиция менен иштешет уурулар. Менин да акемдин уйуно кундузгу 12 киришкен. Акча алтын телевизор уурдалган. Акем сотто иштейт эле. Милицияга барып арыз жазса озуно душман арттырып эмне кыласын.башы козумо садага деп кой дешиптир тооба. Анан акем да унчукпай калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо