АТАКТУУЛАРДЫ КИЙИНТКЕН АРЗУБЕК

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

«Ак көйнөк, кызыл көйнөк, жашыл көйнөк...» деген ырды уктуңуз беле? Бүгүнкү каарманыбыз бул ырды ырдабайт, бирок кыялыңыздагы көйнөктүн бардык түрүн тигип берет. Бул санда азыркы тапта атактуулардын көбүн «кооздогон», кыргыздын чегинен өтүп коңшу өлкөнүн жылдыздарын да кийинтип баштаган Арзубек аттуу дизайнер-модельер тууралуу
кеп козгомокчубуз.


Аты-жөнү – Арзубек Аманов
Туулган жери – Баткен шаары
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 13-март
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок, 4 бир туугандын кенжеси
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура жана дизайн бөлүмүн аяктаган
Учурда – «VONAMA» мода үйүнүн жетекчиси
Ийгиликтери – Казакстанда өткөн "Open Way-2016", "Open Way-2017", Түштүк Кореяда өткөн "Wake of Central Asia-2016" фестивалдарынын катышуучусу, Орусияда өткөн "Дельфийские игры Россия" сынагында коло медалдын ээси жана Кыргыз өлкөсүндөгү бир катар мода көргөзмөлөрүндө жеңүүчү.


– Саламатсыңбы, Арзубек? Мода дүйнөсүнө кызыгууң эмнеден улам пайда болду?
– Саламатсызбы? Бул кесипти бала кезимден кыялданчумун. Мектепти аяктап жатканда менде кайсы кесипти тандоо тууралуу суроо пайда болду. Өзүмдүн байкелерим престиждүү жогорку окуу жайларда 5 жыл бою контракт төлөп окушту. Окууну бүткөн соң жумушка оңой орношуп же ал кесипти аркалап кеткендери, өзүнө короткон чыгымдарды актагандары аз болду. Аларды карап отуруп мен башка кесипти тандагым келди.

– Эркек кишинин кийим тиккени биздин элде көп жолуга бербейт эмеспи? Туугандарың тандооңду түшүнүштүбү?
– Бул кесипти тандаганымда туугандарымдын баары нес болушкан. Себеби бул кесипти аркалаган эркек киши бир гана биздин туугандарда эмес, Баткен шаары боюнча жок болуш керек. Айрыкча эркек туугандар «эркек киши кантип көйнөк тиксин?» деп каршы болушту. Ал эми апам, эжелерим башында каршы эле, кийин кыялындагы көйнөктөрдү тигип берсем же ийгиликтерге жетсем сыймыктанып эле калышат. Атамдын кесибиме болгон көз карашы азыр деле түз эмес.

– Тажрыйба кантип топтодуң?
– 2-курстан баштап тигүү цехтеринде иштедим. Ал жакта жөн гана тикмечи же бычмачы гана болуп калышың мүмкүн экен. 3-4-курстан тарта чыныгы дизайнер болууну көксөп ар кандай мода үйлөрүндө, ательеде иштеп тажрыйба топтодум. Дилбар Ашимбаеванын мода үйүндө иштедим, андан сырткары коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө барып кыска убакыттагы курстарды окуп келдим.

– Мода үйүңдү эмнеге «VONAMA» деп атадың?
– Заманбап ат коюш үчүн көпкө ойлонуп, акыры Аманов деген фамилиямды тескерисинен которсом дүйнөлүк бренддей кулакка жакшы угулат экен.

– Командаңда канча киши эмгектенет?
– Командамда баш-аягы 12 киши иштейт. Жумушумду апам сатып берген 1 эле тигүүчү машинам менен баштагам. Кудайга шүгүр, азыр бардык кызматкериме машина жетиштүү.

– Азыркы тапта атактуу адамдар менен иштешип, аларды кийинтесиң. Сенин талантыңа алгачкылардан болуп кайсы жылдыз ишенди?
– Шоу чөйрөсүнө олуттуу аралашканыма 1 жылдай гана болду. Алгачкы кардарларым Канат Култаев агабыздын командасы. Анын ырчыларына образ жаратып берген соң башка ырчылар мени байкап калышты. Азыр белгилүү ырчылардын баары менен эле иштешем. Жакындан, байма-бай иштешкеним Анжелика менен Сайкал Садыбакасова. Алардын колдоосу, кеңеши менен бул чөйрөгө аралашып жүрөбүз.

– Дизайнерлер ортосунда атаандаштык барбы?
– Атаандаштык бар. Эгер сен күчтүү болсоң, талантың болсо, ар кимдин өз оокаты бар дегендей ишиң жүрүшөт.

– Жакында эле сен тиккен көйнөктү кесиптешиң Наиль Байкүчүков «плагиат» деп чыкты...
– Мен эгер «өзүмдүн коллекциям, өзүмдүн фантазиямдан чыккан кийимдерим» деп жарыяласам плагиат деп аталса жарашмак. Болгону кардарымдын суранычын аткардым. Бул жерде ачылыш деле жок, бахрома модасын дүйнө жүзүндө буга чейин бардык эле дизайнерлер колдонуп келишкен. Мени айыптаган Наиль Байкүчүковго өзүм барып түшүндүрүп, маселени чечип алганбыз.

– Биздин дизайнерлерде дүйнөлүк деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Жогорудагы окуядан кийин «бул чөйрөгө аралашканыма 1 гана жыл болсо да дүйнөлүк дизайнерлердин эмгегин мен деле окшоштуруп тиге алам жана муну менен сыймыктанам» деп баракчама жаздым. Чындыгында азыр биздин өлкөдө жеңил өнөр жай тармагы жакшы баскычтарда турат. Бизде дүйнөлүк деңгээлге чыгуу үчүн бир гана өзүң эмгектенишиң керек. Анткени түрткү берип, колдой турган систем биздин өлкөдө жок. Кошуна Казакстанда бул тармак жакшы өнүккөн. Жаңы чыгып келе жаткан дизайнерлер үчүн атайын fashion-продюсерлер бар. Алар дизайнерлерге жардам берип дүйнөлүк аренага же КМШ өлкөлөрүнө чыгарышат.

– Тиккен кийимдериңдин баалары кандай? Карапайым калктын капчыгына ылайыктуубу же жылдыздардыкынабы?
– Жылдыздар өтө кымбатка деле форма тиктирип кийишпейт. Анткени ал көйнөктү 1 жолу, ашып кетсе 2 жолу кийишет. Анан ага акча короткусу келбейт. Азыр кыргыз ырчылары деле акылдуу болуп баратышат (күлүп). Менин көйнөктөрүм карапайым элге да, жылдыздарга да ылайыктуу, баасы бирдей. Мисалы, кече көйнөктөрдү 7 миң сомдон өйдө тигем. Кездемесине, дизайнына жараша болот.

– Кездемелерди көбүнчө кайдан аласың?
– Кардардын каалаганына, капчыгына жараша кездеменин сапатын колдонобуз. Мен жалаң оригинал кездемелерди колдоном деп айта албайм. Кытайдан, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Дубайдан келген кездемелердин бардык түрүн колдоно берем.

– Ырчы, модель кыздар менен көп иштешесиң. Жүрөгүңдүн ээсин тапкан чыгарсың?
– Сүйлөшкөн кызым жок, азыр жашмын, келечекте болот. Ал эми модель кыздарга көзүм түшкөн учурлар болот, бирок көргөзмөм үчүн эле.

– Ишиңе ийгилик!

"1-курсумда жаш дизайнерлердин республикалык сынагына "Мен жана "Супер-Инфо" аттуу коллекциям менен катышып, "Мыкты идея" наамын алгам".
"Анжеликага тигип берген көйнөгүм талкууга алынган соң бахрома көйнөктөрүнө базарларда, дүкөндөрдө суроо-талап көп болуп жаткандыгын сатуучулардан уктум".
"Жакында эле өзбек ырчысы Шахзодага өзү кыялданган көйнөктү 1 күндө тигип бердим. Ал аябай жактырды".
"Казакстандан Баян Максат кызынын (ред.: Эсентаева) командасы менен иштешүүнү баштап, анын ырчыларына жаңы образ даярдап жатам, жакында элге сунушталат".


Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр каарманыбыздын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(29)
26.12.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Азаматсын,тек гана алга!Соонун кесипти тандаптырсын,адам баласы кыялданып гана койбостон ошол нерсеге аракет кылыш керек экен Супперсин
26.12.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Анжелика апчем бул жерде дагы журобу???
26.12.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Alibay, анлелика жон эле отуп бараткан
Tyty1990 түзөттү 2017-12-26 09:41:39
26.12.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Tyty1990,Ха-хааааа
26.12.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Alibay,Анжелика тырышчак аракетчил ошон үчүн бардык жерде жүрөт
26.12.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Азамат,Наилди артка таштагын.Кыргыз кыздарды озун кийинт.атагын таш жарсын.
26.12.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Балааасинго Баткенчи бала.зор
30.12.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288,Баткенчи эмес Баткендик бала
26.12.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Молодееец! 95 эле жылкы бала турбайбы жапжаш! Буйруса баары алдыда экен! Только вперед!
26.12.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эрте менен поворотто турган сен беден?
26.12.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маладцы азаматсын
26.12.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ийгилик. Мындан да боп кетип элдин оозун ачырчы кыргыз жигит
26.12.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мынча жакшы дизайнерлерди люблю го ,Байкүчүктөн калышпа андан ашып түшсөң экен.Менин жан дүйнөмө жакын кесип ,менин жетпей калган арзуум бул кесип.
26.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат Вонама алдыга!!!
26.12.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи аракетчил бала го
26.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика да брекет койдуруп алганбы?
26.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик!!! Мен да кыялдангам убагында кээ бир себептерден улам болбой калдым.
Эн башкысы кыздардын кылыктарын озуно жуктурбай,эркек боюнча кал!!!
26.12.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баян Эже аябай тан калуу мн карап турат го...
27.12.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жапжаш экен азаматсын,ийгилик,мен кыялданган кесиип.Анжелика дейсинер бирок ушул баланын казак дуйносуно аралашуусуна Анжеликанын салымы чон деп ойлойм,(Ред.Баян м.н тааныштырып)негизи байкуш Анжелика жакшы адам,коптогон жакшы жумуштарды жасап журот,жасалма дешет бирок жасалма болуп бироого жакшылык кылуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт,экоосуно тен ийгилик!!!
27.12.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат экен.Алга
27.12.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башында бул баланы корей экен деп журчум. Жапжаш туруп азамат экен. Бул жигитти Анжеликанын бактылуу айымынан коптор тааныды окшойт.
28.12.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзубек ❤
28.12.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштуктар кыйын
30.12.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзубек ишине ийгилик
30.12.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эн сонун кесип
30.12.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен эркектердин деле кийимин тигеби же жалаң айымдарбы дейм да
31.12.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенди кай жеринен
31.12.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ишине ийгилик!
08.01.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вау молодец, ишине ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо