ЭЛЕСИНЕ ГҮЛДЕСТЕ

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

Сабира Кабылова,
(05.01.1973-жыл – 27.06.2015-жыл)

Ажалга айла жок экен,
Апаке, кеттиң эртелеп.
Жүзүбүздү жаш чайды,
Жүрөрдө сизге эркелеп.

Мээримин төгүп апабыз,
Мээримдүү эле жанда жок.
Балдарың сыздайт артыңда,
Батадан башка арга жок.

Куда тосуп, ырдабай,
Небере жытын жыттабай,
Жашоодо кенен жыргабай...
Мезгилсиз сизден айрылдык,
Туугандар баары кайгырдык.

Сүйүктүү жар, мээримдүү энебиз Сабира Кабылова 42 жашында бизди таштап кете берди. Сиздин бул дүйнөдөн эрте кеткениңиз биз үчүн орду толгус жоготуу болду, сизге болгон кусалык жүрөктү өйүп, жашообузду жарты кылат. Жылмайган жүзүңүз, мээримиңиз, айткан акылыңыз ар дайым жүрөгүбүздө.


Жолдошу, уул-кызы

ЭЛЕСИНЕ ГҮЛДЕСТЕ

Тайбакунов Эдил Сагынбекович,
(05.10.1978-жыл – 27.12.2014-жыл)

Кыжымы көйнөк кийбедиң, уулум,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн, уулум.
Кырктан бир жашың өтпөстөн, уулум,
Кылчайбай неге сен кеттиң, уулум.

Уулуңду бактың бөпөлөп, уулум,
Уул үйлөп той бербей, уулум.
Уулуңдун уулун жетелеп, уулум.
Чоң ата болбой сен кеттиң, уулум.

Кызыңды бактың бөпөлөп, уулум,
Кыз узатып той бербей, уулум.
Кызыңдын кызын жетелеп, уулум.
Таята болбой сен кеттиң, уулум.

Жаткан бир жериң жай болсун, уулум.
Бейиштин төрүн берсин Кудайым
Артыңда калган Улукбек, Дианаң
Атыңды өчүрбөй аман болсун ылайым.


Ата-энеси, бир туугандары, үй-бүлөсү


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
29.12.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жерлери жайлуу болсун бейиштен орун берсин Кудайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо