«30 ЖЫЛ МУРУН МАГА КЫЗЫН ТАШТАП КЕТКЕН КЕЛИНДИ ИЗДЕЙМ»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

«КЫЗЫМДЫН ӨЗ АПАСЫН ТАПКЫМ КЕЛЕТ»
Бул окуя 30 жыл мурун болгон. Аны эске салгым деле келген эмес. Жашым 67ге чыгып калды. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей, көзүм өтүп кетсе кызымдын жүрөгү оорубасын деп ага 30 жыл мурун таштап кеткен энесин жолуктуруп коёюн деп чечтим. Бул менин адамдык парзым деп ойлойм.
1988-жылы мен Кара-Балта шаарында иштеп жүргөн кезим эле. Ал убакта өзүмдүн эгиз кыздарым, уулум бар болчу. Жолдошум автокырсыктан жабыркап калгандыктан, андан кийин балалуу боло албай калдык. Ошондуктан дагы бала багып алууну чечтик. Төрөтканага барып карап көрдүк. Ал жерде көбүнчө оорукчан балдар экен. Ойлонуп турганымда шыпылдаган бир медайым келип, "Сиз жакшынакай эже экенсиз. Бул оорукчан балдарды эмне кыласыз? Менин үйүмдө бир келин бар. Ал бир жигитке алданып калып боюнда болуп калды. Ошонун төрөй турган баласын алып багып алсаңыз кандай болот?" деди. Ойлонуп көрүп макул болдук.
Медайымдын үйүнө барсам бир татынакай кыргыз келин отуруптур. Мени көрүп эле коркуп кетти. «Коркпо, сиңдим, эгерде аман-эсен көз жарсаң, балаңды мен багып алам. Камсанаба, аны өзүмдүн баламдай эле кабыл алам» дедим. Ошондо ал келиндин 7 айлык боюнда бар экен. Ошентип мен алардын үйүнө азык-түлүк алып барып берип карап жүрдүм. Кээде кабар алып келгиле деп эгиз кыздарымды да жиберчү элем. Баса, ал келиндер суусамырлык болчу, Кара-Балтада батирде турушчу.
Мен деле анда жаш экенмин, багып ала турган наристеден башка эч нерсеге кызыкпаптырмын. Баласын бере турган келинден атын сурасам, Мира Сулайманкулова деп айткан. Кийин аны тааныгандар аты Майрамкүл болчу дешти. Берки медайым болуп иштеген келиндин аты-жөнүн деле сурабаптырмын. Ошентип 1988-жылдын 10-августунда саат 10дор чамасында Мира көз жарды. Медайым болуп иштеген келин чуркап келип «кыз төрөдү» деп мага сүйүнчүлөдү. Сүйүнчүсүнө козу бердик.
Ошентип кызды асырап калдык. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алабыз дегенибизде, бирөөлөр «эшигибиздин алдына таштап кетиптир деп айткыла. Ошондо өзүңөргө каттатып алуу жеңил болот» деп акыл үйрөтүштү. Ошентип чуркап жүрүп кызды өзүбүзгө жаздырып алдык.
Арадан күндөр өтүп кызыбыз чоңоюп, торолуп калган эле. Кайдан-жайдан эле үйүбүздө баягы шыпылдаган медайым пайда болду. Коляскада жаткан кызды карап «томпойтуп жакшы багып жаткан турбайсызбы. Эже, сонун багып жатыптырсыз» деп нан ооз тийип чыгып кетти. Артынан кошо чыксам, эшиктин алдында кызымды төрөгөн аял туруптур. Өзү кире албай тиги келинди киргизген окшойт. Мен ошол замат кабатырлана түштүм. Күйөөм менен кеңешип «булар бизди жайыбызга койбойт. Бул жерде турсак келе берет окшойт» деп иштерибизди да таштап 1 жуманын ичинде Таласка көчүп кеттик.
Ошентип жылдар өттү. Кызым супсулуу болуп чоңойду. «Эл оозунда элек жок» деген сөз чын экен. Бирөөлөр аркылуу кызым өзүнүн бакма экенин билип алыптыр. Эмне кылам, айла жок кызыма баарын жашырбай айтып бердим. Азыр кызым үй-бүлөлүү, жакшынакай күйөөсү, 3 баласы бар. Жакшы жумушта иштечү, күйөөсү кызганып иштетпей койду. Жакында кызым мага «Апа, мен сени баары бир таштабайм. Сенден башканы апа дегенге эч качан оозум барбайт. Бирок мен ошол аялды бир көргүм келет» деп айтты. Издейин десем ал убакта өзүм да жаштык кылып ал келиндин толук аты-жөнүн да сурабаптырмын. Мира Сулайманкулова дегенден башка ал тууралуу эч нерсе билбейм. Аргам кеткенде анонимдүү кылып силерге айтып отурам. Балким, табылып калар. Мен бул дүйнөдөн өтүп кетсем кызымдын жүрөгү ооруп калбасын деп ушул кадамга бардым. Менин телефон номерим редакцияда. Эгерде кызымдын өз апасы табылып калса аны менен жолугуп сүйлөшкүм келет.

«МЕН ЭМЕСМИН ДЕП КОЙДУ»
Бул айымдын улуу кызы да өз алдынча сиңдисинин апасы тууралуу маалымат издеп көргөн.
– Мен ата-энемдин улуу эгиз кыздарынын биримин. Сиңдимди багып алган убакта 7-класста окучумун. Бул окуяны анча-мынча болсо да билем. Жакын арада социалдык тармактардан ал аялды издеп көрдүк. Бирөөнү таптык, издеп жүргөн аялга анын аты-жөнү да, жашы да туура келди, келбети да сиңдиме аябай окшош экен. Ага окуя тууралуу жазып койгон элек, бирок ал «мен эмесмин. Мындай ат менен көп адамдар бар» деп жооп жазды. Кийин карасак ал өзүн социалдык тармактардан өчүрүп салыптыр. Анан ошол эле аял болсо керек деп калдык. Биз медайым болуп иштеген аялды да издеп жатабыз, мүмкүн, ал билет чыгар.

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
26.12.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Ал аял деле бала чакалуу болуп калса керекта табылып калса жазгылачы супер инфо
26.12.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Балким ал келин өз кызын кабыл алганга даяр эместир.Жүрөгү кабыл алууну кааласа да, тынч жашоосун бузууну каалабагандыр.Азыркы үй бүлөсү, өмүрлүк жолдошу эч нерсе билбесе керек.
26.12.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Энени баладан,баланы энеден ажыратпасын негизи...Туура кыласыз эже.Табыштырып коюнуз.Женилденип аласыз.Табылып калаар.Окуянын жакшы делген финалын кутобуз!
26.12.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Табылса жооп кутобуз. Супер Инфо. Табылып калсын.
26.12.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Издегенге деле татыктуу аял эмес го, бакпагандан кийин.
26.12.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ошол эле келин болсо керек,азыр жашап жаткан турмушуна тоскоолдук болуп калабы деп мен эмес деп койсо керек.
26.12.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
aikokul14,Оьа ошол болсо керек,наборот кызыны коруп семясына билдирбей жолукпайбы э кантип журогу чыдайт кызыны корбогонго
26.12.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Издеп эмне кыласынар?Анын дагы оз турмушу,бала чакасы бар дегендей...Анын жашоосуна тоскоолдук кылыштын кереги жок!
26.12.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айиий кино го... Ушундай да болот экен да...
26.12.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми ал эже кызын таштап коюп өзү төрөбөгөн,эркек менен жатпаган болуп турмушка чыкса керек эми 30жылдан кийин кантип жолдошунун көзүн карамак эле??билип турса да моюнга ала албай жатса керек...
26.12.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
zarem.a,оа ошентип аппак айым болуп турмушка чыккан болсо азыркы семьясы бузулуп кетиши да мумкун
26.12.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер инфо табылса жобуп кутобуз сураныч
27.12.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кто предал однажды предаст дважды дейт.Тапкан кезде да кыйратып апа болбойт эми.
27.12.2017. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ий эми отуз жылдан кийин кызынын бетин кантип карайт таштаган эне
27.12.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер, Бир жообун билдирип коюнуздар сураныч
27.12.2017. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
emne kylat izdep, keregi jok dep oiloim
27.12.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам негизи жашы откон сайын ойу туруктуу болуп калат экен. Мурунку тааныштарын издеп таап алгысы келет. Азыр эжем бар атамдын мурунку аялынан. Атам деле кызымды такыр унутуп калгам дейт. Эжем озу таап келген бизди. Азыр жакшы катышабыз эжем менен.Эжемдин кызын менин апам торт жашына чейин чонойтту беш айлык кезинен баштап,озунун небересиндей коруп,жездем экоо буттарына туруп алсын деп.
28.12.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким ар кандай мн жездем да кыз багып алган апасы тагтап кеткен. Жакшынале турмушунан ажырап эрин чанып келе берген эле. Ал эже да 7м оскон кыз эле барар жери жок. Азыр ал кызы окуп калды кийин сон медик кылып окутуп коем. Чонойсо апасына кетет апасын багат да деп атышат азыркы ата энеси. Антейин десен жакшы жерден бала да кетпейт ииий ошоол экен да апам деп коет болду да
28.12.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 жыл мурун болгон окуя болсо, ал келин деле 50дон ашып, неберелуу болуп калгандыр. Жашырганда эмне? Жолугуп кое бербейби? Балада эмне куноо байкуш.
28.12.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар, бироого кор дуйно. Канчалаган адамдар балалуу боло албай журушот. Кантип 9 ай курсагында которуп журуп, озу тороп, анан таштап коет...
30.12.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ais07,азыркы келиндерге окшоп туалетке мусорго таштагандан коро жакшы адамдарга бериптир да. Ал деле алданып калган. Анын абалын деле тушунсо болот.
31.12.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам админ бизда атабызды издейбиз аты фомилиясын туулган жылын эле билебиз андан башка маалымат жок суротуда жок бизда кайсыл болумго жазып кайрылсаак болот
16.01.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энеси менен кызы табышып жолугушту. бирок, экоо тен ачыкка чыккысы келбей жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо