-

Араванда 13 жаштагы бала автоунаа менен коңшусунун 1,5 жашар кызын тебелеп алып,
НАРИСТЕ КӨЗ ЖУМДУ.
-
Жогорку Кеңештин төрагасы ДАСТАН ЖУМАБЕКОВ 20-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапар менен барды. Сапар алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана парламент төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушту.
-
2017-жылдын 11 айында өлкөдө 324 өзгөчө кырдаал катталып, 1134 адам КАЗА БОЛДУ. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгынан миңдей адам каза болгон.
-
Кыргыз өлкөсүндө БАЛДАРДЫН ӨЛҮМҮ акыркы 5 жылда 3 эсе азайды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
-
ПИРАМИДА каналына 33 жаштагы Аскат Алагөзов директор болуп дайындалды. Ал буга чейин директордун орун басары болуп иштеп келген.
-
2018-жылдын жай айынан тарта аптасына бир жолу БАЛЫКЧЫ-ТАШКЕНТ каттамы боюнча поезд жүрө баштайт.
-
Өлкөдө 4 миңге чукул үй-бүлө көчкү, сел коркунучу бар КООПТУУ АЙМАКТАРДА жашайт. Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
-
Камактагы «Ата Мекен» партиясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ордуна Жогорку Кеңешке ИСКЕНДЕР ГАИПКУЛОВ депутат болуп келди.
-
Бишкек шаарын ЖАҢЫ ЖЫЛ майрамына карата жасалгалоо үчүн 15 миллион 500 миң сом коротулду. Ал эми Ош шаарына 900 миң сом жумшалды. Бул тууралуу аталган шаарлардын мэрияларынан кабарлашты.
-
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ кайрадан Оор атлетика федерациясынын президенти болуп 4 жылга шайланды.
-
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп АКЫЛБЕК ЭШИМОВ шайланды. Буга чейин Атыр Абдрахматова аталган кызматтан бошотулган. Бектур Токтоноев
Бектур Токтоноев
politika@super.kg